“Күчү жоголуп бараткан укуктар” аттуу басылма бүгүнкү күндө Кыргызстан дуушар болуп жаткан маселелердин масштабын көрсөтүү далалатын ишке ашырды. Саясий аренадагы болуп жаткан окуялар Кыргызстан элине бир эле “кинону” кайталап көрсөтүп жаткандай сезилүүдө – тез жана баш аламан өзгөрүүлөрдүн алкагында жаңы жетекчилер чоң убадалар менен келип, бирок мурункулардын жасаган каталарын кайталап эле, мындай кубулуш өз алдынча кийинки кайгылуу өзгөрүүлөргө алып келүүдө. Жапаров мурунку саясатчылардын жолуна түшөр түшпөстүгү учурдагы негизги маселе болуп турат. 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин кээ бир маселелер өрчүп кеткенине карабастан, Кыргызстандын көйгөйлөрүнүн басымдуулугу көп жылдардын ичинде түптөлүп, аларын өзөгүндө өз ара байланышып, бири бирин күчөткөн үч маселе жатат: коррупция, жек көрүүчүлүк жана жазасыздык.
Бул үч көйгөйдү чечүүгө жардам берүүнү каалагандар үчүн көптөгөн суроолор жаралышы мүмкүн.[1] Кыргызстан менен иштешкен Батыш өкмөттөрү өлкөдөгү мамлекеттик мекемелердин маселелерине көз жумган эмес, бирок кээ бир учурларда аларды кичирейтип көрсөтүлушүндө кандайдыр бир деңгээлде күнөөсү бардыр. Акыркы убакта адам укуктары жаатында болгон коркунучтуу көрсөткүчтөрү боюнча Кыргызстанды Борбордук Азиянын башка мамлекеттери менен салыштыруу тенденциясы тузүлүп калган. Анын ордуна Кыргызстанды өзүнүн жетишкендитери менен салыштыруу оң болмок, анткени жогоруда белгиленген маселелерге карата көрүлгөн чаралардын маанилүүлүгү басаңдап калган. Дүрбөлөңдү алдын алуу менен, учурда түзүлүп калган кырдаалды так баамдоого убакыт келип, “терең кабатырланууну” иш-аракеттерге айландыруу максатында мурунку ыкмаларынын жетишкендиктерин (же анын жоктугун) изилдөөгө тийиш.
Албетте, чечүүнүн ыңгайлуу жолун сунуштаганга караганда көйгөйдү сыртынан белгилеп коюу алда канча жеңил. Буга карабастан, жыйындын көптөгөн авторлору Кыргызстандагы эл аралык уюмдардын катышуусунун бир нече мүмкүн болгон жолдорун аныктап берүү аракетин жасашты. Корутунду бөлүгү берилген сунуштамаларды ыраатка келтирип, кээ бирлерин кошумчалаганга умтулат. Батыш донорлор көздөгөн максаттарына жана аларды ишке ашырууда колдонулуучу механизмдерине байланыштуу маселелер концептуалдык жана практикалык мүнөзгө ээ.
Коомдук жашоонун бардык бөлүктөрүнө жана мамлекеттик тейлөөгө тоскоолдукту жараткан коорупциянын жергиликтүү деңгээли октябрдагы бийликтин кыйрашына жана анын кайрадан түзүлүшүнө алып келген. Буларды жана кыргыз мамлекетинин пандемиянын учурундагы ийгиликсиз иш-аракеттерин эске алуу менен, өкмөттүк министрликтердин, мамлекеттик мекемелердин жана Жогорку Кеңештин (Парламенттин) потенциалын жогорулатууга багытталган долбоорлорду кайрадан карап чыгууга болгон муктаждыгы зарыл болууда. Эл аралык донорлордун колдоосунун (өзгөчө Европа Биримдиги) орчундуу бөлүгү түздөн-түз бюджеттик колдоо түрүндө өкмөткө багытталган.[2] Өкмөт менен донорлордун ортосундагы ишенимдүү мамилелердин алкагында бюджеттик колдоонун пайдасына карата жергиликтүү жоопкерчилик менен потенциалды бекемдөөнүн маанилүү аргументтери бар. Бирок, жогоруда айтылган мекемелердеги (донорлор тарабынан каржыланган иштер кылдаттык менен көзөмөлдөнгөн учурда дагы, мындай долбоорлор каржылоонун башка булактарын сүрүп чыгарып, пайдасы аз башка максаттарга жумшалышы ыктымал) коррупциянын туруктуу деңгээлин, Кыргызстан жарандарына берилген отчетторунун жетишсиздиги жана ар түрдүү схемалардын өзгөрмө натыйжаларын эске алуу менен учурда колдонулуп жаткан ыкмаларды карап чыгууга себептер бар.[3] Биргеликте жүргүзүлгөн долбоорлордун жыйынтыктарын баамдоодо технократиялык ыкмалардын ашыкча колдонуу тенденциялары бар экенин Эрнест Жанаев белгилейт. Бул процесстерге катышкан серепчи катары Эрнест тенденцияларды жөн гана “галочка” үчүн жасалган иш-аракеттер деп сыпаттаган.[4] 2020-жылдын октябрь айындагы окуялар орун албаган учурда дагы, ушул сыяктуу ачык-айкын обзордун чыгышы күтүлмөк. Жапаров борбордук мамлекеттин бийлигин бекемдөө жолдорун көздөгөндүктөн, мамлекетти башкаруу системасында чыныгы өзгөрүүлөрдү ишке ашыруу шартында гана эл аралык коомчулук консолидациянын жаңы жолдорун таап чыгууга тийиш.
Кыргызстан өкмөтү менен түздөн-түз иштөөдөн сырткары өкмөттүк жана институционалдык донорлор көрсөткөн каржы колдоолорун бюрократиялык механизмдердин англис тилиндеги отчетторун камтыган ири сунуштоолорго бириктирүүдө. Мындай жол жергиликтүү жарандык коомдун (активисттер, уюмдар) потенциалын ар дайым бекемдебейт, жана пайда болуп жаткан маселелерди тез жана жаратмандык менен чечүүгө тоскоолдуктарды туудурат.[5] Натыйжада, контракттарды консультанттар жана бейөкмөт уюмдар сыяктуу ири эл аралык оюнчулар утуп алышына алып келип, жергиликтүү уюмдар кенже өнөктөштөр катары гана пайда көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калышат.
Киришүү бөлүгүндө жана башка эсселерде айтылгандай, Кыргызстандын жарандык коому тууралуу кеп болгондо, жергиликтүү бейөкмөт уюмдар мыйзам-укуктук жана саясий басымдын алдында болгону ачык көрүнө баштаган. Тилекке каршы, коомчулуктун көпчүлүгүнүн көзүнчө аларды коомдон ажыратып бөлүү боюнча кампаниясы ийгиликтүү ишке ашкан. Асель Доолоткелдиева өз эссесин төмөнкү сөздөр менен аяктайт: ‘учурдагы кырдаалда либералдык бейөкмөт уюмдар менен көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары коомчулуктун ишениминен чыгып, батышчыл агенттер деген репутацияга кабылышканын түшүнүү керек. Мындай иш-аракеттердин кийинки уланышы либералдык коом болобу, эл аралык коомчулуктун имиджи болобу, эч кимисине пайда алып келбейт. Адам укуктарынын сакталышына (ошондой эле ЛГБТ коомчулугунун укуктарына да) жасалган басым Батыш мамлекеттеринин имиджин бир кыйла начарлатып, батыш идеалдардын жана долбоорлордун жергиликтүү саясатка тийгизген таасири бара бара төмөндөгөн’.
Ошентип, бардык деңгээлде жүргүзүлгөн ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жана аткарылышы боюнча негиздүү кооптонууларды эске алганда, өкмөттөр, көп тараптуу мекемелер (өнүктүрүү банктары) жана Кыргызстандагы эл аралык фонддордун короткон бардык донорлук каражаттарын көз карандысыз, ачык жана бирдиктүү карап чыгууга орчундуу себептер бар болуп, фактыларды чогултуунун кеңири процесстери менен негизделүүсү зарыл. Бул процесстерге кеңири коомдун пикирин (коом өз приоритети катары эмнени көргүсү келгенин аныктоого өбөлгө түзүп, мурунку жумшалган аракеттерди эскерүү менен учурдагы кырдаалды канчалык деңгээлде түшүнүп тургандыгын белгилөө) түзүү үчүн көз карандысыз багыттоо группалардын жана коомдук пикирди сурамжылоонун жүргүзүлүшү кирет.[6] Мындай сурамжылоого бир гана донорлордун демилгелерине катышкандар кирбестен, Шаршенова белгилегендей, көз караштары айырмаланган кишилер менен дагы иштешип көрүү керек (демек донорлордун ишин орто деңгээлде жана конструктивдүү сын айткандарды камтып, либералдуу көз караштан алыс болгон эксперттер жана кызыкдар болгон институттар болушу мүмкүн).[7]
Кайсыл обзор болбосун, баары жергиликтүү факттарга таянуусу шарт, бирок бул жыйынга кирген эсселердин авторлору өздөрүнүн маанилүү сунуштамаларын бере алышат. Өнүктүрүү жаатында алдыңкы практикага ылайык И. Шаршенова менен А. Доолоткелдиева эл аралык эмес, жергиликтүү деңгээлде демократиянын жана башкаруунун практикасынын тамырлап кетүүсүнүн жаңы жолдорун табууга чечкиндүү түрдө чакырат. Шаршенова “демократия мамлекеттин ичинен тузулүп, Европа Биримдиги демократиянын жергиликтүү түшүнүүнүн өзгөчөлүктөрүн жана анын түрлөрүн эске алуусу керек” деп айтса, Доолоткелдиева “Кыргызстанда кенен таралган батышчылдыкка каршы көз карштардын фонунда бейөкмөт уюмдар менен либералдык баалуулуктардын терс образдарын оңго буруу үчүн, батыш өнөктөштөр өздөрү элестеткенинен айырмаланган адам укуктарынын башка образдарын жайылтуунун үстүнөн иштеши керек” деп өз эмгегинде жазган. Бирок, негизги көңүлдү конкреттүү тузүмдөргө эмес, жалпы принциптерге буруу зарыл, анткени батыш институттары менен ишмердүулүгү мисал катары келтирилиши кээде идеяларды чагылдырып, ыкчам түшүнүүсүн камсыздайт. Ал эми Кыргызстанда иштеген система мыйзамдуулукту түзүүдө жергиликтүү баалуулуктарынан, тарыхынан жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн алдыңкы практикаларынан мисалдарды колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн пайда көрө алат.
Негизги концептуалдык маселелеринин бири болуп эл аралык коомчулуктун приоритеттерин аныктоосу саналууда. Либералдык демилгелерге карата Кыргызстандыктардын көпчүлүгүнө таандык болгон цинизмдин жогорку деңгээлин эске алуу менен, авторлордун кээ бирлери укуктарга эмес, билим берүү менен экономикалык коопсуздук тармактарына артыкчылк берүүнү сунушташкан. Бул маселени бир нече көз караштан баамдоого мүмкүн. Биринчиден, учурда Кыргызстандагы ири донорлук долбоорлордун көбү билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жана экономиканын курулушуна багытталып, чектелген аралаш жыйынтыктарына ээ болгон. Бирок, эгерде жакырчылыкты жоюу жана популисттик нааразычылык менен күрөшүүгө болгон муктаждыкты донорлор стратегиялык приоритет катары кабыл алса, анда экономикалык теңсиздик маселелерин тикелей чечүүгө көңүлдү буруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Мисалы, жогорку деңгээлдеги бизнес менен ишкерликке басым жасабастан, кирешеси төмөнүрөөк болгон үй-бүлөлөрдүн арасынан муктаждыгы эң чоң болгондорго колдоо көрсөтүү керек.
Экинчиден, дүйнө жүзү боюнча өнүктүрүүгө сарпталган бюджеттерди кыскартуу боюнча глобалдык контекстин баса белгилөө керек. Мисал катары жакырчылыкты жоюу боюнча аракеттер ийгиликтүү аягына чыкты деген билдирүүлөрдүн негизинде жана приоритеттер кайрадын каралып чыкканына байланыштуу Германиянын Кыргызстандагы эки тараптуу донорлуктан чыгып кетиши жана Улуу Британиянын тышкы жардамга бөлүнгөн бюджеттин кескин жана глобалдуу кыскарылышын айтсак болот.[8] Ошондуктан, COVID боюнча колдоо көрсөтүүнүн ыкчам схемалары токтотулгандан кийин, экономиканын инклюзивдүү өсүшүнүн жаңы жана ири долбоордун каржыланышы ресурстарды табуудан кыйналып калышы ыктымал.
Үчунчүдөн, жарандык эркиндик менен демократияга глобалдык контекстте басым жасоодон мурда, “Батыш” донорлордун алгач экономикалык өнүктүрүүгө көңүл буруу керектигин баяндаган факттарды изилдеп чыгуусу маанилүү. Мисалы, 1990-жылдардан баштап Уганда жана Руанда сыяктуу өлкөлөргө батыш мамлекеттери өнүктүрүү максатында ири көлөмдө жардамын көрсөтушкөн. Бул өлкөлөрдө билим берүү тармагында жергиликтүү демилгелери ийгиликтүү ишке ашырылып, таза сууга болгон жеткиликтүүлүк камсыздалып, медициналык-санитардык тез жардамдын жакшыртуусу жана микродеңгээлде экономикалык өсүү орун алган. Бирок, бул эки мамлекет (жана башка жардам кабыл алуучу өлкөлөр) азыр деле авторитардык режимде болуп, Уганда жакынкы шайлоолордо репрессияларды башынан кечирип, Transparency International уюмунун коррупция боюнча рейтингде Кыргызстандан да төмөн сапта жайгашып, начар көрсөткүчкө ээ болгон.[9] Албетте, өнүктүрүү жаатында жогорудагыдай демилгелер адамдардын жашоо шарттарын жакшыртууда чоң мааниге ээ боло албайт, бирок келечекте саясий өнүгүү менен реформалар үчүн плацдармды автоматтуу түрдө камсыздалганы тууралуу чектелген далилдер бар. Ошентип, Кыргызстандын экономикалык өсүшүндө, жакырчылыкты жоюу жана теңдикти камсыздоодо алдыга жылыштын жок болгондугу улутчул жана каршы топторго бейөкмөт уюмдардын каржылануусун текебердик менен салыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бирок жакырчылык Кыргызстандын экономикалык өсүшүндө жана теңдикти камсыздоодо алдыга жылыштын жок болгондугун түпкү себеби болгон коррупция менен сарамжалсыз башкаруудан алаксатуу үчүн колдонулуп келет. Автор “өнүктүрүүдө” же жарандык менен саясий укуктардын жаатында ультиматум ыкмасын колдонуудан алыс турууга кеңеш берип кетмекчи. Мындай эскертүүнүн себеби Кыргызстандын көйгөйлөрүнүн түбүндө жаткан отчеттуулук, ачык-айкындык жана башкаруу маселелерин чечүү үчүн эки маанилүү программасынын эффективдүү бириктирилип калышы.
Бул кеңеш үмүттү үзүп, эл талыкпай эмгектенген үчүн максаттарынан баш тартып, колун түшүрүп отуруп калуу үчүн берилген жок. Адамдардын жашоосуна оң таасирин тийгизип, өткөн мезгилде орун алган көптөгөн программалар бар, жана өнүктүрүү жаатында белгилүү бир маселелерди чечүүдө жардам кылуу үчүн донорлордун кайсы гана жаңы стратегиясы болбосун, ар бири мамлекет менен иштешүүнүн жолдорун таап кетиши керек; азыр дагы эл аралык тажрыйба менен ири масштабда иш жүргүзүү жөндөмдүүлүгүнө маани берилет; жарандык коомдун түзүлүп калган жана жаңы пайда болуп келе жаткан топтор менен иштешүүгө кырдаалдын кийинки өнүгүүсү үчүн чоң мааниге ээ болот. Көптөгөн басымды башынан кечирген укук коргоочулар менен жарандык коомдун активисттерин өзгөчө баса белгилеп кетүү керек. Алар кыянаттыкты алдын алууга жана өзгөрүүлөргө акырындап мандай тери менен жеткени үчүн көптөгөн жеке азап тартышкан. Узак-мөөнөттүн аралыгында кыжырына тийген таасирдүү күчтөрдөн өздөрүн сактап калуу үчүн жөн гана эркиндик менен камсыз кылуу жетишсиз болот. Бирок, ага карабастан, бул тема тууралуу олуттуу ой-жүгүртүүгө мезгил келди. Бул жыйын бардык суроолорго жоопторду камтыбаса да, кээ бир маселелерге чечүү жолдору боюнча сунуштамаларын берип кетмекчи.
Демек, каржылоо приоритеттеринде ар бир орчундуу өзгөрүү жогоруда сунушталган обзордун жыйынтыктарына негизделип, коомчулуктун ишенимин жогорулатуу максатында жергиликтүү талап менен аныкталышы керек. Ошондуктан, бул жыйын сунуштаган анализдин натыйжасында ортого чыккан бир катар маанилүү темаларын карап чыгуу зарыл. Биринчиден, отчеттуулукка, ачык-айкындыкка жана башкаруу процесстерге басымдын жасалышы бул жыйында белгиленген коррупция, жазасыздык жана жек көрүү (көп учурларда улутчулдук, гомофобия жана аялдарды жек көрүүчүлүккө байланыштуу) сыяктуу системалык көйгөйлөрдү чечүүдө маанилүү рол ойнойт. Экинчиден, бул жыйынга салым кошкон авторлор жана бул изилдөөнүн алкагында жүргүзүлгөн сурамжылоого катышкандардын оюна караганда, алар саясий партиялар менен парламенттин эл аралык кызматташтыгы боюнча мурунку ишин кайрадан ойлонуп чыгууга чакырууда, анткени акыркы окуялар саясий механизмдерде болгон боштукту мурункудан дагы ачык көрсөтүштү. Дипломатиянын бир түрү катары жарандык коом менен биргеликте саясий идеяларды өнүктүрүүгө катышууга тыюу салынышын же өкмөт аралык биргелешкен аракеттердин токтотулушун билдирбейт. Бирок учурдагы саясий система бийликтин чыныгы жайгашкан жерин жана партиялык лоялдуулуктун убактылуу мүнөзүн эске алуу менен, эң аз дегенде кыска мөөнөттүн ичинде потенциалды өстүрүү боюнча аракеттер башка көз караш менен каралып чыгышы керек.
Үй-булө зомбулугу менен күрөшүү, аялдардын жана ЛГБТ коомчулугунун укуктарын коргоо боюнча иштери донорлор үчүн эң маанилүү тармак болуп саналууда. Себеби, бул коомчулукту коргоо үчүн бөлүнүүчү ички каражаттардын варианттары аз болуп, алар күнүмдүк жашоодо кабылуучу тобокелдер өсүп жаткандыктан, коркунчтардын үстүнөн мониторинг жүргүзүү жана ыктымалдуу зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн аракеттеринин зарылдыгы көрүнүүдө. Бирок, мындай аракеттер толук кандуу саясий “куралга” айланып, көбүнчө либералдык маанайдагы демилеглерге жана жалпысынан “Батышка” каршы багытталганы ачык эле билинди. Бул маселелер боюнча коомдун пикирин өзгөртө ала турган көйгөйдүн жөнөкөй чечүү жолдору жок, бирок донорлор бул маселеге башка көз караш менен мамиле жасай алышат. Мисалы, Кыргызстан калкынын калың катмарлары менен кызыкчылыгы бир болгон тармактарга басым жасаган өздөрүнүн ири катышуусунун тегерегинде баяндамаларын өнүктүрүү жана аны алдыга жылдырууну ойлонуштуруп чыгышы. Жергиликтүү тандоолордун жана либералдык жарандык коомдун (журналисттер, укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери жана юристтер) жасаган ишине негизделген позитивдүү, бириктирген жана коомду кызыктырган баяндамалардын жаралышы коомдук пикирин бара бара өзгөрүүсүндө мүмкүн эң эффективдүү ыкмасы болуп калар. Факт-чекинг (факттардын далилденип чыгышы) жана мифтердин жоюлушу саясий элиталарды жарандык коомдун иштери менен тааныштыруу үчүн пайдалуу болушу мүмкүн. Бирок, факт-чекинг менен мифтерди жою туралуу жүргузүлгөн кеңири изилдөөлөр мындай ыкманын скептиктерге карата колдонулушу жетишсиз болуп калышын көрсөткөн. Анда маалыматты жеткирүүчү тарапка эл ишенбей, ал эми туура эмес маалыматты таркаткандар болсо (көбүнчө тааныш адамдар) ишенимдүү маалымат булагы деп эсептелген учурларын өзгөчө белгилей кетүү керек. Демек, Гульзат Байалиева менен Джолдон Кутманалиев билдиргендей, калп маалымат менен күрөшүүдө чабуул жасоо тактикасы элдин каршылыгын басаңдатпастан, тескерисинче кайра күчөтүп, элдин ортосундагы түшүнбөстүк жаракасын тереңдетип, калктын калың катмарына багытталган терс маалыматтар учурлардын көбүндө тез таркалышына алып келүүсү ыктымал. Жаңы талкуулоолордун учурунда ортого чыккан айырмачылыктарга сый мамиле жасоо менен жалпы бир пикирге келүүнүн башка, конфронтациясы жеңилирээк болгон жолдор бар. Өсүп-өркүндөп жаткан психология боюнча дүйнөлүк адабияттан жана маалымат менен алмашуудан сабак алууга мүмкүнчулүк түзүлүп, бул жаатта алдыңкы практикаларын Кыргызстанда жайылтууга умтулуу керек.
Либералдык жарандык коомдун жаңы ыктыярчыларын жана социалдык кыймылдарын колдоодо жогоруда белгиленген жолдор тийгизе турган жана тийгизеер таасирин донорлор карап чыгышат.[10] Доолоткелдиева белгилегендей, өзгөрүүлөрдүн жана бийликтин чыныгы булактары жайгашкан жерин аныктоо максатында жарандык мобилизациянын жандураак формаларынын масштабы менен динамикасын түшүнүү жана чагылдыруу үчүн дагы көп нерселерди жасоого мүмкүн. Бул кыймылдар менен эл аралык коомчулуктун ортосунда сүйлөшүүлөр активисттердин каалоолорун эске алуу менен жүргүзүлүшү маанилүү. Эл аралык донорлор менен мамилени тузүүдө (алардын жардамы пайдалуу болгон мезгилде дагы)активисттер кылдаттыкты көрсөтүшү мүмкүн, анткени салттуу көз карашта болгон жарандык коом активисттерди “Батыш” менен болгон байланышы үчүн жетиштүү түрдө каралаган.
Донорлордун жарандык коомго багытталган салттуу колдоосу жөнүндө сөз кылганда, жогоруда белгиленгендей реформалардын жасалышы жана башка көз караштан каралып чыгышы керектелет. Бири бирине бираз карама-каршы келсе да, буларды жүзөгө ашырууда өбөлгө түзүп берүүчү эки сунуштама бар. Донорлордун өлкөлөрүндө иштелип чыккан стратегияларын колдонгондун ордуна, жергиликтүү керектөөлөрдөн келип чыккан приоритеттерге так багыт алууга жана өзгөрмө жергиликтүү шарттарына көнүп кетүүгө өбөлгө түзгөн донорлордун оперативдүү реакция жасаганынан жана алардын ийкемдүүрөөк мамилесинен жарандык коомдун жергиликтүү топтору пайданы гана көрө алат. Салык төгүүчү-донорлорго отчеттуулукту жана көзөмөлдү орнотуу талабына умтулуусу өсүп жаткан кезде, мындай ийкемдүү ыкма (негизги каржылануу да камтылган) донорлор менен иш мамилелери тузүлгөн жана ыкчам потенциалы шексиз болгон ишенимдүү өнөктөштөрдүн ишине таянат. Бул кеңеш экинчи сунуштама менен толук дал келбей калат, анткени Ширин Айтматованын жана башкалардын “кээ бир донорлордун колдонгон ыкмалары жана өнөктөштүк мамилелери бир нече он жылдыктан мурун эскирип калган” деген сынын эске алуу менен, экинчи сунуштун маңызында жаңы үндөрдү жана ой-жүгүртүүнү колдоо үчүн колдоонун башка түрлөрүн табуу зарылдыгы жатат. Жергиликтүү кыргыз коомчулукта жаратмандыкка, инновацияларга жана тобокелдерди кабыл алууга талабы батыштын салык төгүүчү донорлордун отчет берүү талабы менен дал келбөө ыктымалдуулугу байкалууда. Ишти “галочка” үчүн жасоону карикатуралык түрдө чагылдыргандын ордуна баа менен сапаттын ара катышын көрсөтүү үчүн маанилүү болгон жыйынтык менен инновациялардын керектигин далилдөө зарыл. Батыштан келген жардам боюнча скептик ойдо болгондор туура сунушталып, жаратман мамилени камтыган демилгелерди кароого макулдугун береер чыгар, анткени алардын көбүнчө негизсиз болгон кооптонуулары жергиликтүүлөрдүн “кадымки шектүүлөр” же “грант жегичтер” деген даттануулары менен окшошуп кетүүсүн өзгөчө эске алуу керек. Ар бир стратегиялык өзгөрүүлөр боюнча чечимдер чыныгы маалыматтарга негизделип, аягында колдонулуучу ыкма жаңы муундагы уюмдарды тартууну камтып, кээ бир ишенимдүү өнөктөштөрдүн ийкемдүүрөөк болушунун керектигине негизделип калышы мүмкүн. Бирок, эгерде донорлук жардамга болгон күмөндөрдүн жоюулушу керектелсе, колдонулуучу ыкмада “жаңы” бир нерсенин терисин жамынган жөнөкөй иш болбоосу өтө маанилүү.
Жогоруда талкуулангандай, ар бир стратегиялык өзгөрүүлөр эл аралык донорлорго кыйын болуп турган учурда орун алууда, анткени COVID пандемиясын кошо эрчип талаптар өсүп, аны менен бирге бюджеттер кыскартылып баштаган. Мындай кырдаалда амалдарды табууга мүмкүнчүлүктөр азайып, чоң мааниге ээ болгон каржылоонун туруктуулугунун жана божомолдоосун камсыздалышы татаалдашууда. Бирок, эл аралык коомчулукта өзүндө бар болгон таасир этүүчү бир катар куралдар тууралуу бирдиктүү ой-пикири болуусу маанилүү.
Европа Биримдиги талкуулоолорду жүргүзүп бүткөнүн, бирок Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы 2019-жылкы Кыргызстан менен кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташуу боюнча келишимин эмдигиче ратификациялабаганын, ал эми Улуу Британия болсо өзүнүн жаңы өнөктөштүк макулдашуулар боюнча учурда талкуулоолорду жүргүзүп жатканын эске алуу менен, кээ бир конкреттүү жана өлчөмдүү иш-аракеттердин ордуна келишимдерди оң жыйынтыктары менен аяктоо мүмкүнчүлүктөрү бар(эгерде Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда макулдашуу түзүлсө, анда анын Европа Биримдигинин учурдагы пландарына дал келүүсү). Бул конкреттүү иш-аракеттер өнөктөштөрдү адам укуктары жаатында кийин артка чегинүү болбойт деген ишенимин бекемдөө максатында жасалмакчы. Антикоррупциялык кепилдиктин жана адам укуктарынын жаатында болгон шарттарды эске алуу менен өнөктөштөр соода жана инвестициялык стимулдарын колдонуунун жаңы жолдорун табуу боюнча изилдөө иштерин уланта алмак. Жогоруда айтылган шарттар өнүктүрүү жаатындагы жыйынтыктарды жакшыртуу жана реформаларды стимулдаштыруу максатында колдонулуп, ыңгайлаштырылмак. Так аныкталган стандарттар менен шартталуусу сөзсүз маанилүү болот, бирок Кыргызстандын стратегиялык приоритеттер жагынан “Батыш” ачык эле Орусия менен Кытайдан артта калган абалда, резонанска күчөтүлгөн стимул менен коштолуусу керектелет. Мындай күчөтүлгөн стимул катары карыз жүгүн жеңилдетүү жолдорун табылышын кароого мүмкүн (проценттик ченин төмөндөтүү), мисалы Кыргызстандын көп тараптуу банктарга жана башка батыш өнөктөштөргө таандык болгон карыз жүгүн (жалпы тышкы карыздын көлөмүнөн 44% түзүп, 1,7 миллиард АКШ долларга барабар болуп, дүйнөлүк стандарттар боюнча чоң эмес сан катары эсептелүүдө) кыскартуу жана жеңилдетүү.[11] Ушундай багытта иш-аракеттер кызматтарды каржылоосуна мамлекеттик киреше бюджетинен акчанын бөлүнүшүнө өбөлгө тузүп, мамлекетке капиталдык салымдардын жаңы долбоорлорун карап чыгуу үчүн саясатта ар кандай амалдарын табууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратмак (карыз жүгүн учурдагы жеңилдетүүгө болгон комплекстүү иш-аракеттер Кытай жана башка өнөктөштөр тарабынан берилген жаңы кредиттерге тиешелүү ачык-айкындыктын жана отчеттулугунун жогорулатуу жолдорун табууга байланыштуу болушу мүмкүн).
Кыргызстан системасынын ичинде болгон кемчиликтерди жокко чыгарууда өлкөнүн сыртында жайгашкан эл аралык коомчулуктун аткара алчу так аныкталган ролу бар. Бул АКШ, Улуу Британия жана Европа Биримдиги тарабынан жеке санкциялардын киргизилишин билдирет (анын ичинде активдердин жана банк системаларынын тоңдурулушу, визалык тыюулардын киргизилиши), ошондой эле Улуу Британиянын “Келип чыгышы түшүнүксүз болгон байлыктар” аттуу буйрук сыяктуу коррупцияга каршы механизмдери иш жүзөгө ашырылышы мүмкүн.[12] Ал эми АКШ коррупция айыбы боюнча Райымбек Матраимовго карата Магнитский санкцияларын киргизүүгө үлгүргөн.[13] Улуу Британия менен Европа Биримдигинин схемалары мындай санкцияларды киргизүү үчүн коррупция боюнча айыптар негизди тузө албастыгын белгилешүүдө, бирок Кыргызстандагы коррупциялык чатактарда ачыкка чыккан активдерин табууга мүмкүн болгон юрисдикцияларда коррупция менен күрөшүүдө башка куралдары ыңгайлуу болуп чыгаар.[14] Бирок, Азимжан Аскаровдун түрмөгө камалышына жана аны кыйноого тиешеси бар расмий өкүлдөрү бардык үч механизмде катышуу укугуна ээ болуу керектиги менен жазасыздыкка каршы белги жиберилүүдө. Бул механизмдердин алкагында шектелген кылмышкерлерге түздөн-түз тийүүчү таасири болжолдуу төмөнүрөөк болот. Албетте, кыргыз элиталар тарабынан эл аралык кыймылсыз мүлк рыноктордун, компаниялардын түзүлүшү жана башка куралдардын колдонулушу Батыштын коррупцияга каршы багытында ири реформаларга болгон муктаждыгы бар экенин далилдөөдө. Бул тема тууралуу Foreign Policy Center (Тышкы саясат борборунун) башка басылмаларында жана башка көптөгөн адабияттарда сөз болмокчу.[15]
Жергиликтүү аймактарда кырдаалды жөнгө салууда социалдык тармактардын эл аралык компаниялары сөзсүз өз ролун ойноп коюшу мүмкүн. Алар жек көрүүнү чагылдырган онлайн пикир билдирүүлөр менен күрөшүү максатында кыргыз тилин колдоонун жана модерация жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү жолдорун карап чыга алышат. Мисалы, шайлоо, конституциялык референдум сыяктуу саясий чыңалуусу туу чокуда болуп турган маалына же аялдардын Эл аралык күнү сыяктуу чуулуу темаларына өзгөчө басым жасай кетүү зарыл. ARTICLE 19 уюму жана Бегаим Усенова билдиргендей, социалдык тармактардын келтирилген зыянды калыбына келтирүүнүн ички механизмдери кийинки жакшыртылышына муктаж болуп, гендердик зомбулук менен күрөшүүгө өзгөчө басым жасоо менен кол коюу петициялардын эффективдүүрөөк жайгаштырылышынын керектигин айтышат. Учурдагы ээ боло алган жетишкендиктерди эске алуу менен, зордукка бир нече ирээт кабылгандар үчүн обзор механизмдерин тездетүү боюнча кийинки кадамдары жасалышы керек. Краудфандингден, жарнамадан түшкөн кирешенин жаңы ыкмаларын жана монетизациянын башка ыкмаларын иштеп чыггууда журналисттер менен активисттерге жардам көрсөтүү максатында социалдык тармактардын компаниялары жана донорлор кызматташуунун жолдорун таба алаары шексиз. Интернетте маалымат таркатуучу каналдарын жана социалдык тармактарды колдонуунун эң мыкты жолдорун дагы камтып, кыргыз тилдуу жана жергиликтүү журналисттерди колдоодо жана иликтөө репортаждарды дайындоо боюнча окутуу процесстерге салттуу донорлук каржылоо жардамды көрсөтө алат жана көрсөтүшү керек. Интернетте катаал мамиленин (жеке коркутуп-үркүтүүгө кошумча алардын күчөшү) өсүп жаткан санын эске алуу менен социалдык тармактардын компаниялары жана донорлор (социалдык компаниялар менен байланышы бар донорлор дагы) ырайымсыздыкка кабылгандарга карата психосоциалдык колдоо көрсөтүү жаатында көбүрөөк иштерди жасоо керек. Аны менен бирге айыл жерлерде колдоосуз калгандарга өзгөчө көңүл буруу менен адвокаттар, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери, укук коргоочулар жана журналисттерге карата катаал мамилелерди бирдиктүү документтештирүүдө көмөкчү болуп берүүлөрү керектелет.
Батыш өнөктөштөр бул кырдаалды жөнгө салууда жасай алчу иш-аракеттери боюнча абдан көп маалымат бар, жада калса жогоруда айтылган же жалпысынан бул жыйынга кирген маалыматтан да ашат. Бирок, Кыргызстандын жаңы өкмөттүн саясий курамы көз жаздымда калып кетпөөсү маанилүү. Президент Жапаровдун мурунку өмүр баяны жана анын бийликке келиши келечекте дагы кандай нерселер болуп кетиши мүмкүн деген ой боюнча негиздүү кооптонууларды туудурду. Ошондуктан, мурунку кесиптештеринин бийликке келгенден кийин уланткан жолун унутпастан, келечектеги перспективалар боюнча толук түшүнүктүү скептицизм пайда болгон. Берген убадаларын жүзөгө ашыруу үчүн шыктандыруу менен басымдын туура айкалышын таап, Жапаров алдына койгон максаттарына жараша конструктивдүү кызматташтыктын ылайыктуу ыкмаларын табуу чоң мааниге ээ. Эл аралык өнөктөштөр ансыз деле кыскартылган жарандык коомду кыскартуу боюнча кийинки аракети же анын кыжырын келтирген аярлуу топтор менен журналисттерге багыт алуусу ири масштабдагы макулдашылган жооп соккусуна алып келээрин так аныктап, түшүнүүгө тийиш. Жапаровдун коррупция маселесине көрсөткөн мамилеси тууралуу бул жыйында берилген көптөгөн эскерүүлөргө карабастан, өзүн колдоочуларына иштеп жаткансыгандай көрсөтүү каалоосу айдан ачык байкалып турат. Мансапкорлорду “кустуруу” боюнча аракеттер Жапаровдун саясий оппоненттерине багытталбайт деген шарт менен гана мындай кубулуш саясий аренадагы күчтөрдүн дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрдө катылган мыйзамсыз табылган байлыктарын эки тараптуу аныктап чыгууга өбөлгө түзүп берет.
Мурунку жылдарда орун алган саясий башаламандыкты жөнгө салуу үчүн президент Жапаровдун бийликти борборлоштуруунун жана мамлекетти консолидациялануунун маанилүүлүгүнө болгон ишеними көп убакыттан бери туруктуу. Саясий өнүгүүнүн мындай жолу коом үчүн кандайдыр деңгээлде кызыкчылыкты жаратышы мүмкүн, бирок “президент катары күчтүү адамдын” бийликти башкаруусуна (2005 жана 2010-жылкы төңкөрүштөрдүн негизги фактору) донорлор менен жергиликтүү жарандык коомдун каалабаганына карама каршы келип, алар бийликти Жогорку Кеңеш менен жергиликтүү коомчулуктардын колуна берүү менен ири плюрализмди куруу ниетин көздөгөн. Мактарлык ниетин көздөө менен акыркы он жылдын ичинде жасалган мамиле бийликти кандайдыр бир деңгээлде кайрадан башкача бөлүштүрүп, бул бөлүштүрүү жашыруун жана түшүнүксүз жолдор аркылуу жасалып, чечимдердин кабыл алынуусуна таасир эткен сырткы оюнчулар жана коррупцияланган парламент менен коштолгон (2020-жылкы октябрь окуяларынын негизги фактору болгон).
Жыйындын автору аркасынан түшө түрган, баардыгына туура келген бир да эл аралык модели жок болгондугун таалкуулап, форма менен өкмөттүн функцияларынын, түзүмдөр менен отчеттуулуктун ортосунда так белгиленген байланыш ар дайым боло бербестигин билдирет. Бул кырдаалды идеалдуу болбосо да, бирок кеңири таанылган демократиянын эки моделдердин мисалында чагылдырууга болот. Учурда деле АКШнын Президенти дүйнөдөгү эң таасирдүү киши катары аталганы менен, өлкөнүн президенттик системасы орчундуу “кармоо жана карама каршы механизмдердин” ролун ойногон Конгресс менен соттук системасын эске алуу менен курулуп, иш жузүндө Президент өзүнүн күн тартибинин ири бөлүгүн алдыга чыгарууда чыныгы маселелерге дуушар болот. Анын үстүнө, штаттардын деңгээлиндеги олуттуу бийликти эске алуу менен федералдык өкмөт үстүртөн гана катышкан саясат менен практиканын кеңири тармактары бар. “Парламенттердин энеси” болуп саналган Улуу Британиянын Вестминистер парламенти демократиялык дүйнөдө чындыгында бийликтин орчундуу бөлүгүн борбордук жана аткаруу бийликте консолидациялаган жалгыз мамлекет болуп турат.[16]
Шайлоого келип, добуш бергендердин саны төмөн болгонуна карабастан, Жапаровдун президенттик шайлоодо жеңиши жана парламенттик системасынан башкаруунун президенттик формасына өтүүсү анын мамлекетти консолидациялоо жана бийликти борболоштуруу боюнча долбоорун алдыга сүйрөп чыгарууга өбөлгө түзүп берет. Жапаровдун ою боюнча бул кадамы Кыргызстан өкмөтүнүн ишбилгилигин жогорулатууга жана коомчулугу үчүн мыкты жыйынтыктарга жетүүгө шарт түзүп берет. Консолидация процесси өлкөнү толук авторитардык режимине алып келүү тобокелдерин катмыгандыгы анык. Бирок, бийликтин ыйгарым укуктары парламенттен президентке өткөрүп берүү боюнча референдумдун чечими кабыл алынгандан кийин түзүлгөн кырдаалга көз салуу менен чыныгы ачык-айкындыкты жана отчеттуулукту орнотуунун жаңы жол-амалдарын табууга далалат жасоо керек. Референдумдун жыйынтыктарын жана Жапаровдун так аныкталган максаттарын эске алганда, таасири чоң көзүрлөр менен байланышкан же байланышып калышы мүмкүн деп шектелген саясатчыларга бийликти (ошондой эле коррупция менен саясий соодага мүмкүнчүлүк) берген “тең салмактуулукту” сактоо талабына караганда, коомчулук менен кеңешүү (Жапаров сыяктуу популистке реалдуу убактын режиминде элдин чыныгы оюн билүү, аны менен катар Жапаровго көйгөйлөрдү жарата ала турган суроолордон качуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө) жана киргизилип турган өзгөрүүлөрдүн баш айланган ылдамдыгын мезгил мезгил менен токтотуу талаптарын чагылдырган “текшерүүлөрдү” ордунда калтыруу боюнча аргументтер эл арасында колдоо табуу ыктымалдыгы жогорураак.[17]
Ортого чыккан маселелердин бири бул “Курултай” маселеси болууда. Бул сунуштун колдоочуларын, анын түзүлүү таржымалын жана бул мекеменин Борбордук Азияда парламенттик көзөмөлүн начарлантуу же андан айланма жолунун президенттик бийликтин аспабы катары пайдаланган схемалардан кыянаттык менен колдонулганын эске алуу менен эмне үчүн көптөгөн актвисттер Курултай мекеменин Баш мыйзам долбооруна киригизилүүсүн токтотуу боюнча аракеттерди жасагандыгы түшүнктүү болууда. Бул сунуштама кыскартылган вариантында болсо да, Конституциянын 2021-жылдын февраль айынан каралып чыккан мыйзам долбооруна кирип калган. Ал эми Жапаров президентинин кээ бир тарапташтардын шайлоо коалициясы үчүн маанилүүлүгүн эске алганда, аягында жаңы Конституция шайланып, толук ыктымалдуулук менен кабыл алынгандан кийин, “Курултай” аттуу мекемеси түзүлчүдөй болуп сезилүүдө. (Бул басылма жарыялангандан кийин, 2021-жылдын 11-апрель күнү “Элдик курултай” түзүү талабын камтыган Баш мыйзам долбоору кабыл алынган) Ошондуктан, Баш мыйзамдын долбооруна кирген “Курултай” боюнча жобосун жокко чыгарууну көздөгөн аракеттер уланышы мүмкүн, бирок жарандык жана эл аралык коомчулугунун Кырыгызстандагы жергиликтүү жамааттардын практикасынан жана дүйнө жүзү боюнча өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү консультативдик органдардын модельдеринен өздөштүрүүчү сабактарын карап чыгуусу маанилүү, анткени ал жактагы идеялар учурда кыргыз коомунда таралып жаткан ойлорго караганда алда канча пайдалуураак болушу мүмкүн. Эгерде батыш моделдери талкуулоодо пайдасын тийгизе алса, анды мисал катары Европа экономикалык жана социалдык комитетин алып карасак болот. Бул мекеме Европа Биримдигинин “социалдык өнөктөштөр” боюнча жай иштеген жана бюрократиялык кеңешме (консультативдик) органдын ролун ойнойт. Негизинен, Европа Биримдигин демократиялык түзүмдөрүнө кээ бир учурларда пайдалуу жана залалы тийбеген толуктоо болуп берет, жада калса “Жарандык ассамблеясынын” модельдерин дагы толуктап, булар Ирландия мамлекетинде көп колдонулуп, Канада жана Дания сыяктуу өлкөлөрүндө да өмүр сүрөт.[18] Сөз жок, инклюзивдүү жамааттык талкулоо жана чечимдерди кабыл алуу үчүн бир катар ар түрдүү ойлор бар, бирок эгерде мыкты идеялардын ээлери бул кеңешменин ишмердүүлүгүнө катышпай калса, анда ал өзүн өзү жарыялаган, сүйлөй алган дүкөндүн ролун ойногон мекеме уулгайган чалдар жана бийликти кармап тургандардын каалоолорунун чексиз мөөрү катары колдонулуп калаары толук ыктымал.
“Курултайдын” тегерегинде болгон талаш-тартышуулардан сырткары Баш мыйзамдын февраль айында жайрыяланган долбооруна кирген башка талаш маселелерге аракеттерди жумшоо керек. Автор 4 өзгөчө маселелерди белгилөөдө. Учурдагы Баш мыйзамдын 8.4 беренеси “саясий партиялар, профсоюздар жана башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн каржы-экономикалык ишмердүүлүктөрүнүн ачык-айкындыгын камсыздоого тийиш” деген талабын камтып, бейөкмөт уюмдарын жөнгө салуу боюнча аракеттери конституция менен күчтөлүп, бюрократиялык басымды камсыздоодо. Бул басым “Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элинин коомдук аң-сезими менен моралдык жана этикалык баалуулуктарга карама-каршы келген иш-чараларга мыйзам боюнча чектөө киргизилиши мүмкүн” деген 10.4 беренесинде бираз жумшартылса да, сакталып калган “моралдык баалуулууктардын” критерийи туруктуу тынчсызданууну жаратууда. Бул критерийлер “салттуу” сезимдерди кемсинткен ЛГБТ жана аялдардын укуктары боюнча маселелерин талкуулоосун басаңдатууга жол ачкандан көрө, порнография сыяктуу жаш курак боюнча туура келбеген нерселерден жаш муунду коргоодо гана колдонулаарын камсыздалуусуна бардык аракеттерди жумшоо керек. Бул жаатта коркунучтуу прецедент катары “жаш балдарды үй-бүлөлүк салттуу баалуулуктарын четке каккан маалыматтан сактоо жөнүндө” Орусиянын федералдык мыйзамдын колдонуу тажрыйбасын айтсак болот, анткени бул мыйзам ЛГБТ коомчулукту басмырлоодо колдонулган.[19]
Сардорбек Абдухалилов сунушталып жаткан Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда учурдагы Конституциянын 38-беренесинде берилген “ар бир жаран өзүнүн этникалык таандыгын өзү эркин аынктоого укугу бар. Өзүнүн этникалык таандыгын белгилеп жана көрсөтүүгө эч ким мажбурлай албайт” деген талабы жок экенин белгилеп кеткен. Акыркы убакта паспорттордо жана башка өздүк документтердин түрлөрүндө жарандын каалоосу боюнча этникалык таандыгын белгилөө тилкенин мамлекет тарабынан киргизилүүсү үчүн бул талап жумшарганына карабастан, ар кандай кооптонуулар бар.[20] Мисалы, бул маселе Конституцияда каралбай калган болсо, жакын арада эле сунушталган 1.5 беренесинде “Кыргызстандын эли Кыргыз Республикасынын бардык этникалык топтордун жарандары болушат” деп айтылганына да карабастан өздүк документтерде этникалык таандыгын көрсөтүүгө милдеттүү болуп калышы ыктымал.[21] Ошондой эле, Абдухалилов шайлоо тизмелериндеги азчылык топтору үчүн бар болгон квоталарын сактап калуусунун маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасап, мамлекеттик кызматтарда жана органдарда көп түрдүүлүктү жакшыртуу боюнча жогорудагы сунуштамага окшош чаралардын көрүлүшү керектигин билдирүүдө.
Баш мыйзамдын жаңы долбоорундагы 105-берене Башкы прокуратуранын ыйгарым укуктарын мындан да кеңейтүүгө багытталгандай көрүнөт. Бул беренеде “мыйзамдардын жана башка укук-ченемдик актылардын так жана бир түрдүү аткарылышынын үстүндөгү көзөмөл Кыргыз Республикасынын Башкы Прокуратура тарабынан жүргүзүлөт” деп айтылууда.[22] “Адилет” юридикалык клиникасынын айтымында, бул берене “прокурорлорго жарандарды, коммерциялык уюмдарды, бейөкмөт менен коммерциялык эмес уюмдарды, мекемелерди, өндүрүштөрдү ж.б.у.с. текшерүүгө укук берет” деп чечмеленип, дагы башка көзөмөл механизмдердин ишин жүргүзүүгө же аларды көзөмөлгө алууга шарт түзүп берет.[23] Эгерде алдын алуунун эффективдүү чаралары көрүлбөсө, бийликтин мындай консолидациясы өкмөттү сындагандарга карата басым жасоо куралына айланып калышы мүмкүн.
Жасмин Кэмерон Кыргызстандын жаңы куралган өкмөтүнө “аярлуу жана маргиналдашып калгандардын укуктарын коргоо сапатын жогорулатуу максатында жаңы багыт картасын” иштеп чыгуусун сунуштоодо. Мындай “багыт карта” катары “Журналисттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иш-аракеттердин Улуттук Планын” кароого болот. Бул План Бегаим Усенова жана ARTICLE 19 уюму сунуштаган так аныкталган процедураларды жана укуктук потенциалын камтыйт. Жээнбековдун маалына таандык болгон 2019-2021 жылдардагы Адам укуктары боюнча иш-аракеттердин Улуттук Планынын ордуна келген мындай жаңы План Жапаровдун ушул сыяктуу күн тартибин орнотуу жоопкерчилигин өз мойнуна алуусуна өбөлгө түзүп бере алмак. Ошондой эле, бул Планды учурдагы президент өзүнүн сынчыларын жана аны менен макул болбогондорду өзү же өзүнүн тарапташтары аларга басым жасоо максатында президенттик “бейбаштардын кафедрасын” (Президенттин Администрациясы) кыянаттык менен колдонбооруна ынандыруу аракеттерине негиз катары колдонууга мүмкүн болмок. Адам укуктары жаатында кайсыл гана “жол көрсөтүүчү карта” же иш-аракеттердин планы болбосун, ар бириси эл аралык коомчулуктун көңүлүн алаксыткан, дагы бир маанисиз кагаз барагы болбоого тийиш. Мындай документ өкмөт тарабынан жазылып, ага таандык болуусу керек. Ал документ адам укуктарынын, өнөктөштүк тууралуу жаңы макулдашууларына кол коюлушу, карыз жүгүн жеңилдетүү, өкмөткө көрсөтүлүүчү жаңы жардам, экономикалык өнүгүүгө жана инфратүзүмдөргө келечекте тартылчу инвестициялардын шарттары менен негизделүүсү абзел.
Жыйынга салым кошкон бир нече авторлор президент Жапаров ким экенин жана бийликке кандайча келип калганынан түшүнүүгө бираз жол ачканы аракет жасашууда. Жапаров коомчулуктун орчундуу бөлүгүндө колдоо таба алган жеке окуяга ээ болгон, же жок эле дегенде мындай окуяны жаратууга жөндөмдүү болуп чыккан. Аксана Исмаилбекова “Жапаров мыйзам үстөмдүгүн бузганына карабастан аны эл эмне үчун колдогонун түшүнүү үчүн, өзбек ишкерлердин коопсуздук стратегияларына көңүл буруу маанилүү. Алар “карама-каршы” инсан болгон, бирок ошол эл убакта мыйзамдын адилетсиздигин жөн териси менен сезген жана башка күчтүү “мафияларга” туруштук көрсөтө билген бирөөгө ишенишет. Кыргызстандын мисалында мамлекеттин, бизнестин жана кылмыштуулуктун ортосунда болгон чектер билинбей калган” деп жазган. Демек, Кыргызстандагы саясатчылардын көпчүлүгү уурулар деген популярдуу ой чындыкка жатса (же жок деген жарымы туура келсе), анда эл карама-каршы далилдер бар болгонуна карабастан өздөрүн кынтыксыз таза кишилер катары көрсөткүсү келгендердин ордуна өзүн “Робин Гуд” катары көрсөткөдөрдү колдоого жакын болгону түшүнүктүү болууда.
Дүйнө жүзү боюнча популисттер колдонгон туруксуздук боюнча коомдук тынчсыздануунун булагын жана күчкө же эрдикке болгон умтулууну Жапаров дагы өз саясий жолунда пайдаланды. Мындай динамика кыргыз мамлекетинде потенциалдын жок болгондугунун, коррупциянын жана жакын арада орун алган баш аламандыктын контекстинде өзгөчө актуалдуу болуп турат. Ошентип, Кыргызстандын ичинде жана анын сыртында жайгашкан байкоочулардын тынчсыздануусу толугу менен түшүнүктүү. Бирок, эркиндикке тиешелүү болгон укуктар таптакыр жоюлуп кете электе (же өлкөдө болгон байкоочулар үчүн жаңы альтернативалар пайда болуп баштамайынча) тынчсызданууну козгогон көйгөйлөрдү чечүү үчүн чогула калуу жана уюштуруу аткарылып жаткан маалда Жапаровдун күн тартибинде бир нече маселелерди бириктире алган тармактарды табууга аракет жасоо керек, мисалы Жапаровдун коррупция менен күрөшүү боюнча маңызсыз кептерден.[24]
2020-жылдын октябрь айына караганда саясий кырдаал кыйла эле өзгөргөндөй көрүнүп турганына карабастан, башка маанилүү тармактарда абал ошол бойдон калганы жана бул кырдаалды түзүүдө мурункудай эле ошол эле кубулуштар менен күчтөр орун алып жатканы бул жыйында көрсөтүлүүдө. Келечек күңүрт болуп сезилиши мүмкүн, бирок кара булуттар Кыргызстандын саясий системасын көп убакыт бою каптап келе жаткан. Кыргызстандын эли туруктуу, бирок эркиндик укуктары аярлуу, ошондуктан өлкөдөгү адам укуктарынын алсыроосун алдын алуу үчүн тиешелүү чараларды көрүү зарыл. Жапаровдун президенттиги коррупция, жазасыздык жана жек көрүүчүлүк менен күрөшүүнү көздөгөн эл аралык коомчулуктун Кыргызстан менен болгон өз ара аракеттешүүсүн жандандырууга, башка көз караштан карап жана текшерип чыгууга түрткү берүүчү фактордун ролун ойношу керек.
Ошентип, бул жыйын Кыргызстандын өкмөтүнө жана эл-аралык институттарга төмөнкүдөй бир нече потенциалдуу сунуштамаларды бермекчи.
Кыргызстандын өкмөтүнө, эл-аралык институттарга жана батыш донорлорго берилүүчү сунуштамалар:
- Жазасыздык, жек көрүү жана коррупция маселелерине олуттуу көңүл буруу;
- Кыргызстанда эл-аралык донорлордун тарабынан каржыланып жаткан долбоорлор системалык түрдө текшерилип турушу керек. Мындай долбоорлорго бюджеттик колдоо, консультация кызматтарын колдонуу жана бейөкмөт уюмдар менен иш алпаруулар кирет. Алардын текшерилиши фактылар менен ар тараптуу катышуунун негизинде жүргүзүлүп, долбоорлордун максаттарына жана алардын ишке ашырылгандыгына көңүл бурулуусу зарыл.
- Өнөктөштөрдү жергиликтүү баалуулуктар менен тааныштырып, аларга көнүп кетүү үчүн мейкиндик жана керектүү каражаттары менен камсыздап, жаңычыл ой жүгүртүүгө жана жаңы добуштарга болгон мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейтүү жолдорун табуу;
- Жапаровдун өкмөтүнө Адам Укуктар боюнча жаңы Улуттук Иштер Планын иштеп чыгууга талап коюу;
- Европа биримдиги менен Улуу Британиянын ортосундагы туюкка кептелип калган өнөктөштүк макулдаштыктарды жөнгө салуу максатында башкаруу жана адам укуктары жаатындагы шарттарды жогорулатуу; карыз жүгүн жеңилдетүү; мамлекеттик жардамды жакшыртуу менен жаңы инвестицияларды тартып келүү;
- Кыргызстанда Магнитский санкцияларын жана башка коррупцияга каршы механизмдерин кененирээк колдонуу;
- Социалдык тармактарда кыргыз тилин жайылтуу жана чыгымдарды төлөө механизмдерин бекемдөө;
- Жаңы Конституциянын мыйзам долбооруна бейөкмөт уюмдарды, профсоюздарды, сөз эркиндигин жана азчылыктардын укуктарын коргоого багытталган өзгөртүүлөрдүн киргизилишине басым жасоо; Башкы прокурордун ыйгарым укуктарын кеңейтилишинен баш тартуу;
- Жарандык консультациялар үчүн жаңы механизмдерди изилдеп чыгуу, Кыргызстандагы жергиликтүү практикалардан жана башка өнүгүп жаткан өлкөлөрдөгү консультативдик мекемелеринен үйрөнүү, жана жарандык чогулуштарды колдонуу.
Сүрөт by Dan Lundberg under (CC).
[1] Кытай Коммунистик партиясына шилтеме жасабастан, доктор Мартин Лютер Кинг-кичүүсүнүн рухуна көңүл буруу.
[2] Ана-Мариа Ангелеску, Европанын Кыргызстан боюнча сарсанаа болуусу керекпи?, The Diplomat, январь 2021, https://thediplomat.com/2021/01/should-europe-worry-about-kyrgyzstan/; Европа Тышкы иштер Кызматы(EEAS), Кыргыз Республикасы жана Европа Биримдиги, октябрь 2020, https://eeas.europa.eu/delegations/kyrgyz-republic/1397/kyrgyz-republic-and-eu_en; Европа Коммиссиясы, Кыргызстан, https://ec.europa.eu/international-partnerships/where-we-work/kyrgyzstan_en#:~:text=EU%20bilateral%20development%20cooperation%20with,education%2C%20rural%20development%20and%20investments
[3] Донорлор колдогон мыйзам үстөмдүгүн камсыздаган программалардын алкагында алдыга жылыш жок болгонун баса белгилөө максатында Eurasianet Аскаровдун ишин колдонууда: Eurasianet, Кыргызстан: Аскаровдун өлүмү боюнча элдин жини ошол бойдон маанисиз болуп калабы?,июль 2020, https://eurasianet.org/kyrgyzstan-will-fury-around-askarov-death-end-up-signifying-nothing
[4] Автор менен болгон маегинен.
[5] Бул эссе отчеттордун англис тилинде жазылуусунун маанилүүлүгүн белгилөөдө: Ана-Мариа Ангелеску, Европанын Кыргызстан боюнча сарсанаа болуусу керекпи?, The Diplomat, январь 2021, https://thediplomat.com/2021/01/should-europe-worry-about-kyrgyzstan/; Киришүү бөлүгүндө айтылып кеткендей, ЮСАИД (USAID) уюмунун каржылоо өнөктөштөрү катары өнүктүрүү боюнча АКШнын консультациялоо кызматтары, ири бейөкмөт уюмдар же башка АКШ агенттиктери болгон: ЮСАИД (USAID), Америка Кошмо Штаттарын өлкөлөргө тышкы жардамы: Кыргызстан, 2018, https://explorer.usaid.gov/cd/KGZ?fiscal_year=2018&measure=Obligations
[6] Дүйнө жүзү боюнча ушундай тажрыйбаны эске алуу менен, үйрөнө алчу нерселеринин көпчүлүгү донорлордун мурунку жана учурдагы ишмердүүулүгү тууралуу маалыматтын деталдары боюнча ойлор канчалык деңгээлде тамырлап кеткенин (кээ бирлери абдан тереңдеп кеткен) көрсөтөт.
[7]Донорлор каржылаган кызматтарын мурунку жана азыркы колдонуучулар менен бирге аракеттешүүсү менен катарда айыл жергелерине басым жасап, кеңири коомчулук менен маалыматтык-пропагандалоо иштерди жүргүзүү керек.
[8] Татьяна Кудрявцева, Германия Кыргызстан менен болгон кызматташтыгын кыскартканы тууралуу билдирүү жасады, 24.kg, май 2020, https://24.kg/english/152054_Germany_announces_reduction_in_cooperation_with_Kyrgyzstan/
[9] Трэнспэренси Интернешинал (Transparency International), Transparency International Уганда, https://www.transparency.org/en/countries/uganda
[10] COVID пандемиясынын ыктымалдуу баш аламандыктан ишкерликти (бизнести) сактап калган элдик кошуундарга, акыркы айларда Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда сунушталган кээ бир бөлүктөрүнө каршы жаратман кампанияларын уюштурган “Баштан Башта” аттуу протесттик кыймылына, ыктыярдуу кыймылдарга катышкан жаштарга, диний кайрымдуулук ишмердүүлүгүнө, тилектештиктин кыз-келиндердин топторуна, бизнес-түзүмдөргө жана мигранттарды коргоо системаларына тийгизген таасири.
[11] Дирк ван дер Клей, COVID жана Кыргызстан менен Таджикистандын карыздарынын жаңы динамикасы, Eurasianet, октябрь 2020, https://eurasianet.org/covid-and-the-new-debt-dynamics-of-kyrgyzstan-and-tajikistan
[12] Орусия, Казакстан жана Азербайджан өлкөлөрүндөй Кыргызстан олигархиянын чет жакка карай экспансиясын камсыдай турган ири көлөмдөгү байлыктарга ээ болбосо да, уюшкан кылмыштуулук менен болгон байланыштарды эске алганда, кээ бир байлыктын булактарына ээ болуп турат. Басымдын мындай потенциалдуу точкалары эл аралык коомчулуктун байкоосунда болуп туруусу зарыл
[13] АКШнын Казына департаменти, Глобалдык Магнитский санкциялары, сентябрь 2020, https://home.treasury.gov/policy-issues/financial-sanctions/recent-actions/20201209
[14] Улуу Британиянын Тышкы иштер, англис калктардын шериктештиги жана эл аралык өнүктүрүү боюнча офиси, Колдонмо: Адам укуктары жаатындагы глобалдык санкциялар: бейөкмөт уюмдар менен жарандык коом үчүн маалымат, Government.uk, июль 2020, https://www.gov.uk/government/publications/global-human-rights-sanctions-information-note-for-non-government-organisations-and-others-interested-in-human-rights/global-human-rights-sanctions-information-note-for-ngos-and-civil-society; Улуу Британиянын Тышкы иштер, англис калктардын шериктештиги жана эл аралык өнүктүрүү боюнча офиси, Саясий документ: Адам укуктары жаатындагы глобалдык санкциялар: cанкциянын тизмесине кирүүчү адамдарды карап чыгуу, Government.uk, июль 2020, https://www.gov.uk/government/publications/global-human-rights-sanctions-factors-in-designating-people-involved-in-human-rights-violations/global-human-rights-sanctions-consideration-of-targets;
Европа Биримдигинин Кеңеши, Европа Биримдиги адам укуктары жаатында санкциялардын глобалдык режимин кабыл алды, декабрь 2020, https://www.consilium.europa.eu/en/press/press-releases/2020/12/07/eu-adopts-a-global-human-rights-sanctions-regime/
[15] Мисалы: FPC, Өзгөрмө дүйнөдө Британиянын ролун аныктоо: Чет өлкөлөрдөгү Биргелишкен Королдуктун баалуулуктарынын долбоору, декабрь 2020, https://fpc.org.uk/publications/projecting-the-uks-values-abroad/; Сьюзен Катри, Кылдат изилдөө үчүн кооптуу: дүйнө жүзү боюнча коррупция менен каржы кылмыштардын жүзүн ачкан журналисттердин дуушар болгон басымды изилдөө, FPC, ноябрь 2020, https://fpc.org.uk/publications/unsafe-for-scrutiny/; FPC, Кылдат изилдөө үчүн кооптуу: Коррупцияны колдоо максатында Улуу Британиядагы каржы жана укуктук системаларынан кыянаттык менен колдонулуштун дүйнө боюнча иликтөө-журналисттердин эркиндигине жана коопсуздугуна тийгизген терс таасири, декабрь 2020, https://fpc.org.uk/publications/unsafe-for-scrutiny-12-2020-publication/
[16]Парламенттик добуштардын көпчүлүгүнө жетүү кепилдигинин шарты менен дээрлик бүткүл демократиялык мезгилдин ичинде шайлоодон биринчи жолу өткөн Улуу Британиянын шайлоо системасы көпчүлүктүн өкмөттөрдүн түзүлүшүнө алып келди. Акыркы убакта мындай кубулуш орун албаганда да, мисалы 2010-15 жылдардын консервативдик-либералдуу демократтардын коалициясында жана 2017-19 жылдардын Парламентинде да, премьер-минист менен министрлердин кабинети парламентке шилтеме бербестен, өздөрү туура көргөндөй ыкчам негизде мамлекетти башкаруу үчүн учурда деле эбегейсиз бийликке ээ болуп турат.
[17] Бул терминдин түп-тамыры жайгашкан АКШ системасында текшерүүлөр тең салмактуулукту камсыздаган институттар тарабынан жүргүзүлөт.
[18] Жарандык Ассамблея (The Citizen’s Assembly), https://www.citizensassembly.ie/en/
[19] Human Rights Watch, Колдоолонбойт: “Гей пропаганда жөнүндө” орусиялык мыйзамы ЛГБТ жаштарды коркутуу-үркүтүүгө тушуктурууда, декабрь 2018, https://www.hrw.org/report/2018/12/11/no-support/russias-gay-propaganda-law-imperils-lgbt-youth
[20] Конституция, Кыргызстандын 2010-жылкы Консституциясы, constituteproject.org, https://www.constituteproject.org/constitution/Kyrgyz_Republic_2010.pdf
[21] Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө”Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору 2020-жылдын 17-ноябрынан тарта коомдук талкууга коюлат, ноябрь 2020, http://www.kenesh.kg/ru/article/show/7324/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-17-noyabrya-2020-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-naznachenii-referenduma-vsenarodnogo-golosovaniya-po-proektu-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-konstitutsii-kirgizskoy-respubliki (2021-жылдын февраль айында чыккан варианты 2021)
[23] Юридикалык клиника “Адилет”, Кыргыз Республикасынын Конституциянын жаңы мыйзам долбоорун талдоо, февраль 2021, https://adilet.kg/tpost/2i09a01nu1-analiz-proekta-konstitutsii-kirgizskoi-r
[24] Күн тартибин мурун орун алган тандалма куугунтуктоо менен жашыруун сөз байлашуулар үчүн колдонулгандын ордуна.