Жарандык коом секторун мактаган жана ошол эле учурда аны куугунтукка алган Кыргызстан сыяктуу башка мамлекетти табуу кыйын болор. Мындай мамлекетте бейөкмөт уюмдар дилетант-мамлекетинин ичиндеги боорукердик менен макулдашылгандык жок болгондугун жашыруу үчүн гана эң көп керек болот.
Кыргызстанда адам укуктары жаатында түзулүп калган кырдаал көптөгөн жылдардын ичинде начарлап, жарандык коом секторуна багытталган чет-мамлекеттик жардамы көптөгөн себептерден улам алсыроодо. Мындай себептерге төмөңкүлөр кирген: финансылык каатчылык, донор-мамлекеттерде улутчулдуктун өсүшү, демократиялык принциптердин бузулушу,дүйнө-жузү боюнча кезиккен өлүмдөргө алып келген чатактар жана учурдагы пандемия.
Кыргызстандын жарандык коому, өзгөчө укук коргоочулар өздөрүнүн мамлекетинин чыккынчылыгына кабылгандай сезип жатышат. Буга көптөгөн нерселер далил катары болуп бере алат, мисалы бейөкмөт уюмдарга каршы багытталган демилгелер, конкреттүү лидерлерди куугунтукка алуу, бирок булардын арасынан эң эле оор жана кесепеттүүсү 2010-жылы болгон Оштогу окуялар эсептелүүдө. Мамлекет тарабынан үзгүлтүксүз түрдө баса белгиленген жасалма түрдө пропагандаланган постколониалдык айырмачылыктарын, укук коргоо органдардын мыкаачылыгын жана жаңжалдан кийинки өкмөттүн ашыра “жеңиштүү” алып жүрүүсүн кечип өтүүгө баардыгын жасагандар үчүн бул каргашалуу окуялары эң катуу жараны козгойт.
Көзөмөлдүн “жүгүнөн” арылуу максатында өкмөт жана анын ишенимдүү кишилери бейөкмөт уюмдары менен жарандык активисттерди көп убактын ичинде куугунтукташкан. Азимжан Аскаровду кармап, ага айып тагуу менен мамлекет бир нече максатын орундата алган, алар: “мамлекеттин душманына” карата жүргүзүлгөн согушту “утуп алуусу”, жарандык коому “бешинчи колонна” катары таанылышы жана тарыхый далилдерге карабастан, этникалык өзбектер Кыргызстанда тамырын жайган жамаат эмес, “диаспора” катары эсептелүүсү. Максаттардын орундалышы мыйзам үстөмдүгү менен тынчтыкты орнотуу үчүн күрөш жүргүзгөн бейөкмөт сектордун үстүнөн алган жеңиши болгон эле. Этникалык өзбек укук коргоочунун камакка алынышы боюнча пайда болгон элдин нааразычылыгынын фонунда өкмөттүн бейөкмөт уюмдардын көз карандысыздыгына болгон жек көрүүсү бейөкмөт уюмдардын USAID тарабынан көрсөтулчү жардам берүү программасында өзгөчө статуска ээ болуу укугуна терс таасирин тийгизген.[1] Ошентип, бул кырдаалды кийинки саясаттын жүрүшүн аныктоочу бир чекит катары кароого болот.
Чет мамлекеттерде жашаган кээ бир кыргыз илимпоздор мамлекеттик жогорку кызматтарда иштегендердин көзүнчө кыргыз өкмөтүнүн жүргүзгөн этникалык саясаты боюнча сын пикирлерин айтуудан өздөрүн өздөрү токтотууда. “Чатэм-Хаустун эрежелери” (ачык-айкын ой-пикирлерди бөлүшүү максатында түзүлгөн эл аралык мамилелердин жаатындагы британиялык аналитикалык борбор. Бул борбордун эрежелери боюнча, делегаттар жана семинардын коноктору купуялуулуктун прицибин сактоого мажбур болуп, өздөрүнүн чыныгы ойлору менен бөлүшө алышат, которм.) сыяктуу коопсуз шарттары түзулсө дагы, илимпоздор жалпыга жарыяланган тыянактарга басым жасаган эмес. 2010-жылы орун алган этникалык коогалаң жана андан кийин болгон куугунтуктоолор, көрсөтүлгөн зомбулук менен этникалык өзбектердин активдеринин тоңдурулушу бул жаңжалда эч кандай түйшүк тартпагандарга ыңгайсыздыкты келечекте жаратпагандай болуп сезилүүдө, ал эми ошол каргашалуу окуялардан аман калгандар бүгүнкү күнгө чейин коркуу сезими менен бирге жашап келе жатышат.
Бирок, өзүнүн жарандык коому менен жардамды көрсөтүүгө багытталган уюмдарды өнүктүрүү боюнча кыргыз өкмөтүнүн каралып чыккан саясаты эмоционалдуу, мамилесин дароо көрсөтө билген же көз карандысыздай болуп көрүнгөн эмес эле, анткени Орусия жетекчилигинин астында кеңейип жаткан Евразиялык экономикалык биримдиктин кызыкчылыктарын да канаатандырып жаткан. 2014-жылы кыргыз жарандык коому орусиялык ЖМКлар жана дипломаттар тарабынан сынга кабылгандан кийин, Кыргызстан өзүнүн укук коргоочуларына карата катаалыраак саясатын жүргүзө баштаган. Кыргызстан АКШнын аскерий базаларын мамлекеттен чыгарып, Крымдын Орусия Федерациясынын курамына кошулганын колдоп, Орусиядан орчундуу көлөмдө финансылык жардамды алган.[2] Мамлекет тарабынан каржыланган Кыргызстандын ЖМКлары бир жыл бою Орусия менен Украинада болуп жаткан окуялары боюнча сын пикирин чагылдырганы үчүн жарандык лидерлерин уяткарышкан.
Кыргызстандын өкмөтү бейөкмөт уюмдардын лидерлеринин арасындагы активдүү сынчыларын басуу үчүн 2014-жылды ылайык жыл катары эсептегендей. Мындай абалга алып келген көптөгөн факторлор болгон, алардын арасынан төмөнкүлөр: Кыргызстандагы жарандык секторго АКШ көрсөткөн колдоонун тийгизген таасири, глобалдык террордук коркунучун алдын алуу максатында Бишкектеги АКШнын аскерий базасын жайгаштырылышы жана 2010-жылы орун алган этникалык коогалаңга мамлекеттин жасаган мамилесинин эл аралык коомчулук тарабынан катуу сынга алынышы. Кийин, президент Атамбаев дагы бир аскерий базаны түзүүгө Орусияга сунуштаган.[3]
БУУ укук коргоочуларды сүрөттөгөндөй, адам укуктарын алдыга илгериткен же ал укуктарды коргогон ар бир активист өзүн укук коргоочу деп атай аларын БУУ белгилей кеткен.[4] Amnesty укук коргоо кыймылы укук коргоочуларды “дүйнөдөгү эң эле кайраттуу адамдар” деп сыпаттаган.[5] Кыргызстанда адам укуктарынын корголушу жана эл аралык коомчулугу колдоо көрсөткөн жарандык секторунда болгон ар бир иш кесипке айланып калган. Жарандык коомдун финансылык көз карандысыздыгы мамлекеттик кызматкерлер менен болгон мамилелериндеги чыңалууну курчутуп, мамлекеттик ЖМКлар биринчилердин алган жогорку айлыктары тууралуу жалган маалыматтарды жойгондугу ого бетер мамилелерди начарланткан. Активдүү ишмердүүлүккө чындап аралашкан, жана ар бир жаранга керек болгон баалуулуктарды алдыга илгерилетүүгө жөндөмдүү болгон адамдар финанансылык жардамды алуу үчүн чет мамлекеттик өнөктөштөргө кайрыла алышат, жана аны алууга ишене алышат. Мындай кырдаал көптөгөн жылдар бою орун алып келет.
Учурлар
Укук коргоочуларга карата бара бара душмандарга жасалгандай мамиле өсүп жаткандыгын чагылдырган факттар көп болуп, коомчулукка кеңири таанымал болгон маркум Азимжан Аскаровдун иши бул мамиленин эң эле көрүнүктүү мисалы болуп берген. Жарандык коомдун белгилүү бир лидери “Азимжан Аскаров өтүп кеткенден кийин менде жанып турган үмүтүм үзүлүп, ага байланыштуу мен укук коргоо ишмердүүлүгүмдү калтыргам” деген билдирүүнү калтырган.[6] Кыргыз мамлекетинин өкүлү болуп, өзүнүн кызматкерлерине жоопкерчилигин моюнуна алган Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (мындан ары “ЖАМК”) деген пенитенциардык мекемеси 2020-жылдын июль айында кайтыш болгон белгилүү укук коргоочу, жана көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон Азимжан Аскаровдун өлүмүн алдын ала алган эмес.
Соттор Аскаровду түрмөдө кармоо үчүн бардык аракеттерин жумшап жаткан маалда, улгайган кишини толугу менен ооруп кала электе аны бошотууга дүйнө жүзүнөн келген өтүнүчтөргө карабастан, ЖАМК Аскаровго керектелген медициналык жардамдын камсыздалышына тоскоолдукту жаратууну уланта берген. Кийин, Аскаровдун ден-соолугуна коркунуч туудуруп, айыккыс дартка чалдыккандан кийин гана ЖАМК өзүнүн ичиндеги ооруканасына жаткырган.[7] Аскаров ооруканага жаткырылгандан кийин, ошол эле түнү жан берген. Анын өлүмүнө алып келген расмий себеби катары “пневмония” дарты белгиленген.[8] COVID-19 пандемиянын тополоңунда маркум Аскаровду кесипкөй медициналык жардамы жок калтырып коюп, адамкерчиликке каршы жасалган кылмыштуулукка болгон жоопкерчилик толугу менен кыргыз мамлекетинин моюнунда экени шексиз. Ал эми башка кылмыштарга соттук угуулардын, тергөө иштердин убагында жана Аскаровду бошотууга болгон чакырыктарды камтыган БУУнун Адам укуктары боюнча Комитетинин чыгарган чечиминен кийин анын ишинин кайрадан каралуусунда кыжырды кайнаткан адам укуктарынын бузулушун киргизүүгө болот.[9]
Эң көп куугунтукталган, чет мамлекетте таанымал болгон укук коргоочунун күтүлбөгөн жерден жана өз убагынан мурун кетүүсү менен ага жүргүзүлгөн экспертизанын акыркы корутундусу мамлекеттин Азимжан Аскаровго карата калыс мамиле жасагандыгын билдирген позициясына күмөндөрдү жаратууда. Аягында, башка камалгандарга тандалма түрдө өз мөөнөтүнөн мурун же убактылуу эркиндикке чыгаруу боюнча нормаларды колдонуу менен, Кыргызстан Аскаровду сак-саламатта жана тирүү кармоого максаты жок болгондугун белгилей кетүү керек.
2020-жылдын октябрь айындагы башаламандыкта пенитенциардык башкармалыгы коштоосу жок бошотулуусу жөнүндө буйрук чыгарып, анын негизинде оор кылмыштар боюнча жаза өтөп жаткан башка камакта отургандар менен кошо экс-президент менен премьер-министр абактан чыгарылган. Алар жүргүзгөн сот процесстердин калыстыгы боюнча күмөндөр дагы жок эмес. Саясий топтор тарабынан колдоого алынган айрым кишилердин пайдасына мындай ылдамдыкта чыгарылган чечимдер өкмөттүн эч бир тарапка жан тартпастыгы тууралуу жасалган билдирүүлөрүн ишенимден чыгарууда.
2010-жылдан тарта өткөн 10 жылдын ичинде укук коргоочулар бийлик жана саясий топтор үчүн катардан чыгып калган адамдар болуп калган. Бүтүн мамлекеттик системасы боюнча эч кандай күмөн калган эмес, себеби ар бир президент алмашкан сайын президенттин администрациясына чейин жарандык коомдун көз карандысыздыгын жоюуга умтулуп, айрым лидерлердин куугунтукталышы көп учурларда саясий себептер менен негизделген. Ошол эле убакта эл аралык ЖМКлары жарандык активисттердин куугунтукталышын жана аларга жасалган аггрессиялык аракеттерди жетиштүү түрдө чагылдырып жатса, бир катар иликтөөлөрдүн деталдары көпчүлүк үчүн олуттуу даражада ачык-айкын эмес келип, жергиликтүү маалымат агенттиктери үстүртөн гана маалыматты чыгарууда.
Кыйноолорго каршы күрөштү жүргүзгөн активист Камиль Рузиевдин ишмердүулүгүнөн кыжырланган Ыссык-Көлдүн жериликтүү милициясы 2015-жылы аны коркутуу-үркүтүүгө алып, жыйынтыгында ал өзүнүн коомдук активдүүлүгүн басаңдаткан.[10] Андан кийин УКМК 2020-жылы Камиль Рузиевди камакка алуу менен ага каршы кылмыш ишин козгогон.[11] Ага колдоо көрсөтүү максатында коом нааразычылык акцияларына чыккандан кийин гана ал эркиндикке чыкса да, айыптардын бардыгы алынган эмес.
Улутчулдар менен укук коргоочулар 2010 жана 2011-жылдары Азимжан Аскаровдун атынан ишти жүргүзүп жаткан кезде адам укуктары боюнча адвокат, Нурбек Токтакуновду коркутушуп, ага кол салуу аракеттерин жасашкан. Чуулуу иштер боюнча иштөөсүн Токтакунов улантса да, өкмөткө жаккандагыдай кылып ЖМКларда калп эле “бет ачуулары” менен үзгүлтүксүз аңдууга байланыштуу болгон жалган жалааларды жабуу боюнча кампаниялардын курманы болгон.[12]
2017-жылы анын кызматын сынга алган үчүн президент Атамбаев адам укуктары боюнча белгилүү адвокатты, Чолпон Жакупованы сотко берген.[13] 2020-жылы октябрда бийлик алмашкан соң токтобой жүргүзулгөн байкоо тууралуу адвокат кабар берген.[14]
Адам укуктары боюнча башка таанымал журналист, Улугбек Бабакулов ошол убактагы президент Атамбаевдин кемсинтүү менен улутчулдардын тобу жасаган коркутуу-үркүтүүлөрдүн айынан УКМК аны кылмыш жасоо боюнча айыбын жарыялоонун астына бир нече күн калаганда, ал өлкөдөн качып чыгып кетүүгө аргасыз калган.[15] Кийинчирээк, Франция ага баш калкалоону сунуштаган.
Президент Атамбаевдин маалында Улуттар аралык мамилелер боюнча жүргүзулгөн саясат боюнча Кеңешмесинде ошол убакта президенттин жасаган каралоолорунан улам Азиза Абдирасулова менен Толекан Исмаилованын мүчөлүктөрү мөөнөтүнөн мурун аягына чыккан.[16] Буга кошумча, Абдирасулова УКМКнын кароосунун алдында болгондугун кийин билген.[17] Моралдык зыян келтирилгендиги үчүн эки жарандык лидерлери президент Атамбаевди сотко берүү аракеттери ийгиликсиз аяктаган.
Динара Ошурахунова, Бурул Макенбаева, бейөкмөт уюмдардын мурунку лидери Гульнара Журабаева жана Жогорку Соттун мурунку судьясы Клара Сооронкулова белгисиз кишилер тарабынан алардын аркасынан аңдыгандыгын, аларды сүрөткө жашыруун тарткандыгын жана сүйлөшүүлөрүн жаздыргандыгын билишкен.[18] Укук коргоо органдары бул иш боюнча бир да шектүүнү кармабастан же себептердин түшүндүрмөсүн бербестен расмий түрдө тергөө жүргүзүшкөн.
Орусия жетектеген мурун Бажы биримдигине, кийин Евразиялык экономикалык биримдикке Кыргызстан интеграциясын баштаган мезгилде УКМК бүтүндөй укук коргоо уюмдарын куугунтукка алган. 2015-жылы уюмдун юристтеринин үйлөрүн тинтүү менен Оштогу “Бир Дүйнө” жана Адам укуктарын коргоо Борборунун офистерине кол салышкан.[19]
Авторду кошо эске алуу менен алдыңкы укук коргоочулар Укук коргоочулардын Кеңешмесин башында 2008-жылы Кыргызстандын акыйкатчысынын маалында түзүшүп, мыйзам үстөмдүгү менен адам укуктары тууралуу элдин кабардар болуусун жогорулатуу багытында иштеген бейрасмий платформа катары кызмат көрсөтүүнү көздөшкөн. Ошондой эле, расмий институттар өздөрүнүн иштерин аткара албай калганда, мамлекет менен коомчулукка системалык деңгээлде пайда болгон маселелер боюнча эскертүү берүү үчүн дагы иштерин башташкан. Жаңжалдарды чечүү үчүн колдонулуучу механизм катары платформа өзүнүн ресурстарын жана коомдук ишмерлер менен болгон байланыштарын колдонгон.
Бул Кеңешменин көрүнүктүү жетишкендиктеринин бири укук коргоочулар толугу менен акталуусун талап кылгандарына карабастан, 2008-жылы Ноокатта орун алган башаламандыктарга катышкандардын мунапысы болгон.[20] Дээрлик бардык айыпталуучулар этникалык өзбектер болуп, кыйноолорго жана процессуалдык бузууларга толгон процесс учурундагы көрсөтүлгөн экстремизм үчүн соттолушкан. Ошол убакта жаңжалдарды жөнгө салуунун дагы бир куралын колдонууга мүмкүн болгон. Дал ушундай жол аркылуу келечектеги президенттердин маалында кеңештердин негизи түптөлгөн.
2014-жылы Крымдын аннексиясы Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелердин өзгөчөлүктөрүн ачык көрсөткөн. Укук коргоочулардын Кеңеши Орусиянын Украинага карата жасаган кастык мамилесин катуу сынга алып, Кыргызстандын Өкмөтүн Кремльдин тарабына өткөндүгүн айыптаган. Албетте, Орусия менен Кыргызстандын өкмөттөрүнө колдоо көрсөтүп келген ЖМКлар бул көз карандысыз адамдардын тобун жетиштүү түрдө жамандашкан.[21] Укук коргоочулардын Кеңеши ошол эле жылы ишмердүүлүгүн токтоткон.
Жаңжалдарды жөнгө салуу механизминин ролун ойногон Кеңештин жоюлушу мамлекет тарабынан жасалган басымдын күчөлүшүн белгилеп, радикалдык жана жашыруун ишмердүүлүгү үчүн оңтойлуу шарттарын түзүү менен мындай ресурсту коркунучтун алдында калтырууда.
Орусия тарабынан жетектелген жана бир катар мурунку советтик республикаларды камтыган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюму өлкөдөгү көптөгөн бейөкмөт уюмдарды анын көз карандысыздыгына коркунуч келтирүүсүнүн четин чыгаруу менен Кыргызстандын өкмөтүн сындаган.[22] Кошумча отчеттуулук же чет мамлекеттик агенттер жөнүндөгү мыйзам долбоорунун жардамы менен бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө каттуураак көзөмөлдүн киргизилиши боюнча демилге иш-жүзүнө ашарына 2016-жылы бираз гана калган, бирок батыш донорлор менен жарандык коомдун жасаган басымынан улам четке кагылган. Кызуу талаш-тартышуулардын кезинде түзүлгөн “уулуу” кырдаал укук коргоочуларга карата кастык мамиледеги абалдын түзүлушүнө өбөлгө болгон.[23]
Белгиленип же белгиленбей кеткен жарандык лидерлердин, укук коргоочулардын жана активисттердин көпчүлүгү аларга карата укук коргоо органдар же алардын ишенген кишилеринин тарабынан жасалган мындан да алда канча кооптуу куугунтуктары тууралуу маалымат менен кеңири эл менен бөлүшүүдөн баш тартышмак. Мындай куугунтуктун аракеттерине кокустан жаракат келтирүүгө жада калса өлтүрүүгө да жасалган көптөгөн далалаттар, алардын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болгон жана болбогон иш-аракеттер үчүн камакка алынышы кирет. Ишмердүүлүктөрүнө байланыштуу болбогон кылыктары мас абалда унааны айдоо же коомчулуктун нааразычылыгын козгоочу көзөмөлдөнүүчү баңгизаттын колдонулушун айтууга мүмкүн болгон.
Мамлекеттик органдар тарабынан жасалган куугунтуктоолордон өздөрүн коргоп калуу жана ишмердүүлүктөрүн элдин алдында ачык-айкын жүргүзүү максатында гана кээ бир жарандык лидерлер улуттук сыйлыктарын алып жаткандары түшүнүктүүдөй эле.[24] Мамлекеттик бийлик укук коргоочуларга сый мамиле жасоодон баш тартып жатканда, чет элдик демократиялык институттар менен эл аралык уюмдары укук коргоочунун иши канчалык деңгээлде кооптуу экени тууралуу элдин кабарын жогорулатуу үчүн жанданышат.[25]
Активизмдин COVID-19 пандемиясына каршы жооп катары эсептелүүсү
Коррупциясы жоюлбаган башка чет мамлекеттерде байкалгандай эле, Кыргызстан COVID-19 пандемиясына каршы чаралардын көрүлүшүнүн муктаждыгына дуушар болгон. Жеке адамдар жана ишкерлер тарабынан колдоо көрүп, жарандык сектордон жардамга келген ыктыярчылардын массалык активдүүлүгү өкмөттүн таажы вирусунун дүрт этип жайылып кетишине каршы жасаган кесипкөй эмес жана алсыраган реакциясын жумшартууда өлкөгө кыйла жардам беришкен. Коррупциялык чиновниктерге байланган саясий активисттер партиялык каражаттарга ээ болуп турса да, анчалык пайдасын көрсөтө алышкан эмес.
Активизм өзү менен өзү коомдо болгон боштукту толтурат, бирок ошол эле убакта бир эле жарандык секторду эмес, кээде мамлекеттин дагы ишин аткарып койчу кызматтарды сунуштай билген жарандык коомду түзүүгө жөндөмдүү болушу керек. Кыргызстанда мындай активизм мамлекеттик мекемелерге жетишпеген билимдерге ээ боло алган. Борбордук Азиянын Америка университетинин Борбордук Азия боюнча алдыңкы болуп эсептелиниши кокустан эмес, анткени анын көптөгөн бүтүрүүчүлөрү эл аралык деңгээлдеги абройго жетип, коомго өз пайдасын алып келүүдө.
Президент Атамбаев убагындагы УКМК Facebook социалдык тармагында өзүнүн сынчыларын аңдып таап, андан кийин президенттикке келген Жээнбековдун маалында сынчылардын ишин кеңейткен.[26] ИИМ менен биргеликте, өкмөттүн COVID-19 пандемиясына каршы көрүлгөн начар чаралары боюнча макул болбогондугун социалдык тармактарда билдиришип, сынчылар жашаган үйлөрүнө чейин барышып, айткан сөздөрүнөн баш тартуусуна коюлган талаптары кээ бир учурларда сынчылардын камакка алынышына чейин алып келген.[27] Пандемия менен күрөшүүгө багытталагн ири көлөмдөгү эл аралык финансылык жардамы максаттуу эмес сарпталып жаткандыгы тууралуу болгон коомдун божомолдору натыйжада саясий өзгөрүүлөр боюнча чечилбеген доолорду мындан да катуу курчутуп, учурлардын көбүндө мындай доолор эч качан пайданы алып келген эмес.[28]
Мындай кырдаал активисттерден, ыктыярчылардан жана жаш саясатчылардан турган “Реформа” аттуу алгачкы саясий партиясын жараткан массалык онлайн-активдүүлүгүн козгогон факторго айланып калышы мүмкүн болгон.[29] Бул партиядагы кээ бир ыктыярчылар саясий аренадагы негизги партиялардын катарына кошулуп кетишкен.
Кыргызстандагы төңкөрүштөр учурлардын көбүндө соңуна чыкпай калып, бийликти күч менен алмаштыруунун негизги куралына айланып, бир саясий топтун башка топтордун үстүнөн болгон саясий үстөмдүгүнө өбөлгө түзүп, президенттиктин “демөөрчүсү” катары колдонулуп, көптөгөн бейкүнөө жарандардын өлүмдөрүнө себепкер болгон.
Жарандык активисттерден айырмаланып, саясатчылар өздөрүнүн шайлоочуларынын, саясий топтордун жана каржы өнөктөштөрүнүн колдоосунан пайда көрүшкөн. Мүмкүн, ошол себептен улам саясатчылар өздөрүнүн иштерин токтотуп калганда, мыйзамсыз бир нече айыптарга шектелип, түрмөгө отуруу тобокелине барышат, анткени аны менен бийлик алмашкан соң, мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгуусуна байланыштуу саясий упайларды топтоого умтулушкан.
Дал Бишкектеги активисттер парламенттик шайлоолордо орун алган массалык бузууларга каршы чыгышып, жыйынтыгында укук коргоо органдары менен болгон тирешине алып келген. Бирок, тажрыйбалуу саясатчылар аймактардагы колдоосу менен ошол маалдан пайдаланышып, саясий айыптар боюнча камалгандарды эркиндикке чыгарышып, Убактылуу Өкмөттү түзүүгө жана Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуусуна киришкен. Кийин, 2021-жылдын январда өткөн президенттик шайлоолордо жеңишке жеткен соң Садыр Жапаров 2020-жылкы төңкөрүштү түрмөдө отуруп, пландап жатканынын “ачыкка чыгарды”.[30]
Кыргызстандагы укук коргоочулардын ишмердүүлүгүнүн келечеги үчүн көптөгөн татаал маселелер бар, мисалы: эл аралык институттар менен чет өлкөлүк донорлор тарабынан үзгүлтүксуз финансылык жана моралдык колдоонун көрсөтүлөөрү же көрсөтүлбөсү; укук коргоо ишмердүүлүгү үчүн укуктук аймагы жетиштүү болобу же болбойбу; мамлекет укук коргоочуларга басым жасоодон баш тартабы же тартпайбы; адамдын эркиндигин жана негизги укуктарын чектөөгө умтулгандарга карата өсүп жаткан жазасыздыкка жол берилбестигинин камсыздалынышы.
Алдыңкы демократиялык мамлекеттердин адам укуктарын бузгандарга карата санкцияларды киргизүү сыяктуу эски дипломатиялык ыкмасы (мисалы, Судандын мурунку президенти, Аль-Баширге карата киргизилиши) Орусияны колдоп жаткан Кыргызстандагы тартип бузгандарга натыйжасыз болуу ыктымалдуулугу жогору. Же, болбосо Азимжан Аскаровдун учурундай эле Кыргызстандагы адам укуктарын бузгандарга санкциялардын колдонулушу ыраатсыз жана туруксуз натыйжага алып келмек. Анда укук коргоочуну кыйноого алган жергиликтүү милицонерден баштап Аскаровдун ишин көзөмөлдөгөн Башкы прокурорго чейин бул окуяга тиешелүү болгон кылмышкерлердин аттары сонун эле белгилүү болчу.[31]
Туруктуу максаттарга жетүүнү көздөгөн кайсыл бир ишмердүүлүк болбосун, баардыгына ишенимдүү жана үзгүлтүксүз финансылык колдоо керектелет. Кыргызстанды таажы вирустун пандемиясы каптап кеткенде адамдын эркиндигин жана укуктарынын сакталышына өбөлгө түзүу үчүн жеке сектор жергиликтүү же улуттук деңгээлдеги укук коргоо ишмердүүлүктү каржылай баштап чыгаар, ким билет? Ал эми кээ бир юристтер болсо адам укуктарын коргоо жаатында колдон чыгарып жиберген мүмкүнчүлүктөрүн кайтаруунун үстүнөн ишке киришип, мындай мүмкүнчүлүктөргө айрым иштер боюнча кызыкчылыктарга өкүлчүлүктү камсыздоо менен соттук териштирүүлөрдү стратегиялык деңгээлде жүргүзүү кирген.
Бишкекте жайгаштырылган чет өлкөлүк жана эл аралык миссиялар донорлордун өкүлдөрү болсо да, алардын Кыргызстандын бийлигине тийгизген таасири төмөн болуп, көбүнчө биргеликте жүргүзүлгөн долбоолордун күтүлүп жаткан жана көбүнчө техникалык мүнөзгө ээ болгон жыйынтыктарына байланыштуу эле. Кыргызстандагы реформаларды каржылап жаткан штаб-квартираларда же өкмөттөрдө отурган чечим кабыл алуучулар өздөрүнүн өкмөттөрүнөн жогорураак деңгээлдеги жыйынтыктарды талап кылуулары керек. Демократиялык өнүктүрүүгө багытталган жардам Кыргызстандагы жарандык сектордун канааттандырылгандыгынан көз каранды болушу зарыл.
Калыптанып калган демократиялар мыйзам үстөмдүгүнүн маселелери боюнча болгон тынчсызданууларын билдиргендиги менен гана чектелбестен, алардын адам укуктары менен эркиндигине сый мамиленин сакталышына болгон пикирлери керектүү адамдарга жетээрине толук ишенимде болушу шарт. Дал ушундай жол аркылуу кыргыз элинин казынасына салык төгүүчүлөрдүн төлөгөн акчаларынын баркы жогорулап, Кыргызстан өзүнүн эле укук коргоочуларын куугунтукка алуусун токтото алат.
Жазуучу жана адам укуктары боюнча консультант, Эрнест Жанаев Улуу Британияда 2014-жылдан баштап иштейт. Кыйноолорго каршы Конвенцияга караштуу БУУнун Факультативдик протоколун (Optional Protocol) Кыргызстандын өкмөтү кабыл алганында маанилүү ролду ойноп, акыркы жолу шайлоо боюнча мыйзамдарга финансылык жагында ачык-айкындыкты жогорулатуу жөнүндө мыйзамдын кабыл алынышына түрткү берген. Мындан тышкары, ал Борбордук Азиядагы окуяларды чагылдырган көз карандысыз ферганалык гезити үчүн англис тилинде жазылган жаңылыктарына редакция жасап берген. Учурда эл аралык уюмдарда жана аналитикалык борборлордо консультант болуп эмегектенген Эрнест пост-советтик өлкөлөрдөгү адам укуктары боюнча маселелерге изилдөө жүргүзүп, сөз эркиндиги, социалдык жана саясий өнүгүү боюнча адистешкен. Ошондой эле, ал Сент-Эндрюс атындагы университетинде магистранты.
Сүрөт Борбордук Азия менен Европадагы “БУУ-Аялдар” аттуу БУУнун түзүмүнө (CC лицензияларынын негизинде) таандык.
[1] Ольга Дзюбенко, Баш ийбеген Кыргызстан четке кагылган келишими АКШнын жардам берүү боюнча агенттигине терс таасирин тийгизеери тууралуу билдирүү жасады, Рейтерс (Reuters), июль 2015, https://www.reuters.com/article/us-usa-kyrgyzstan-idUSKCN0PW0QA20150722
[2] RFE/RL, Кыргызстан Крымда болуп өткөң референдумду “мыйзамдуу” өттү деп эсептөөдө, март 2014, https://www.rferl.org/a/kyrgyzstan-recognition-crimea-referendum-ukraine-russia/25304439.html; Стефани Отт, Орусия Кыргызстандын үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтүүдө, The Guardian, сентябрь 2014, https://www.theguardian.com/world/2014/sep/18/russia-tightens-control-over-kyrgyzstan
[3] Брюс Панниер, Кыргызстандын президенти дагы бир орусиялык базанын түзүлүшүнүн каалагандай, RFE/RL, июнь 2017, https://www.rferl.org/a/kyrgyzstan-new-russian-base-atambaev-putin-afghanistan/28583538.html
[4] Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы(OHCHR), Укук коргоочу деген ким?, https://www.ohchr.org/en/issues/srhrdefenders/pages/defender.aspx
[5] Amnesty International Улуу Британия, Адам укуктарын коргоочулары дүйнөдөгү эң кайраттуу кишилер, январь 2018, https://www.amnesty.org.uk/human-rights-defenders-what-are-hrds
[6] Абдумомун Мамраимов, Facebook, декабрь 2020, https://www.facebook.com/abdumomun.mamaraimov/posts/10208073977203607
[7] Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы(OHCHR), БУУнун серепчисинин пикирине караганда, Кыргызстан адам укуктарынын жаатында моюнан алган милдеттенмелерин аткарып, укук коргоочу, Азимжан Аскаровду бошотуусу керек, май 2020, https://www.ohchr.org/en/NewsEvents/Pages/DisplayNews.aspx?NewsID=25872&LangID=E
[8] Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (OHCHR), Кыргызстан: БУУнун серепчисинин пикирине караганда, укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмү өлкөнүн аброюндагы так болуп калган, июль 2020, https://www.ohchr.org/EN/NewsEvents/Pages/DisplayNews.aspx?NewsID=26138
[9] CCPR/C/116/D/2231/2012, БУУнун Адам укуктары боюнча Комитети, май 2016, https://tbinternet.ohchr.org/_layouts/15/treatybodyexternal/Download.aspx?symbolno=CCPR/C/116/D/2231/2012&Lang=en
[10] Александра Ли, Укук коргоо жаатында жүргүзгөн ишмердүүлүгүнүн айынан куугунтукка жана коркутуу-үркүтүүлөргө кабылганы жөнүндө активист билдирүү жасады, [‘Activist states about persecution and threats for human rights activity’], «Борбордук Азиянын Эркиндик үнү» порталы, февраль 2015, http://vof.kg/?p=18578
[11] Айзирек Иманалиева, Кыргызстан: Жаңы камалуулар жарандык коомдун кысымга алынышын көрсөтүүдө, Eurasianet, июнь 2020, https://eurasianet.org/kyrgyzstan-fresh-arrest-shows-how-screws-are-tightening-on-civil society?fbclid=IwAR1wQg92Ojqch4pDSqWguQv_LKlJ9SkqdNfdYQv-66O0gZzlU8O3U5KAerY
[12] RFE/RL, Кыргызстандын мурунку премьер-министрдин адвокаты жалган жалааларды жабуу боюнча кампаниялардын курманы болгондугун айтып чыгууда, февраль 2019, https://www.rferl.org/a/former-kyrgyz-pm-s-defense-lawyer-says-targeted-by-smear-campaign/29785685.html
[13] Эльдияр Арыкбаев, Эмоциялар, мазактоолор, шылдың келекеси жана какшыктар: Чолпон Жакупованы эмне үчүн соттоп жатышат? Kloop, май 2017, https://kloop.kg/blog/2017/05/02/oskorbleniyaemotsiiironiyaisarkazmzachtosudyatpravozashhitnitsucholpondzhakupovu/
[14] Чолпон Джакупова, Фэйсбуктагы пост, Facebook, октябрь 2020, https://www.facebook.com/cholpon.djakupova/posts/3370862356329938
[15] Эркин Европа/Эркиндик радиолорунун Кыргыз кызматы, Кыргыз журналистине Францияда баш калка берилди, Эркин Европа/Эркиндик радиолору, февраль 2019, https://www.rferl.org/a/kyrgyz-journalist-who-denies-hate-incitement-charge-says-given-political-asylum-in-france/29791479.html
[16] Абдумомун Мамараимов, Азиза Абдирасулова: “Кыргызстандын Парламенти мамлекетке чыккынчылык жасады”[‘Aziza Abdirasulova: Kyrgyzstan parliament committed crime against state’], Фергана агенттиги, февраль 2019, https://fergana.news/articles/105294/
[17] Алина Пак, Укук коргоочу Азиза Абдирасулова ага карата аңдуу жүргүзүлгөндүгү тууралуу билдирүү жасады, Kloop, декабрь 2016, http://kloop.kg/blog/2016/12/08/pravozashhitnitsaazizaabdirasulovazayavilachtozanejsledyat/
[18] Фергана агенттиги, Кыргыз айым-укук коргоочулары телефондору үчүнчү тараптан угууга алынгандыгы тууралуу арызданышты, сентябрь 2018, http://www.fergananews.com/news/32607
[19] Джастин Бёрк, Кыргызстан: Кылмыш куугунтугу укук коргоочуларды “күжүрмөн даярдыктын” абалына келтирди, Eurasianet, ноябрь 2014, http://www.eurasianet.org/node/70846; Крис Риклтон, Активисттердин билдирүүлөрүнө ылайык, Кыргызстандын коопсуздук кызматкерлери өзбек азчылыктарына коркутуу-үркүтүүлөрдү жасоодо, Eurasianet, апрель 2015, https://eurasianet.org/kyrgyzstans-security-agents-intimidating-uzbek-minority-activists-say
[20] Дэвид Триллинг, Борбордук Азиядагы ислам жоочуларына Кыргызстандын тийгизе алчу таасирине баа берүү, Eurasianet, июнь 2010, https://eurasianet.org/evaluating-kyrgyzstans-impact-on-the-islamic-militant-threat-in-central-asia
[21] StanRadar.com, “Кыргызстандын укук коргоочуларынын Кеңеши” бул ангажирдүулүкпү же бейтараптыкпы? (6 жылдын ичиндеги кайрылуулардын талдоосу), июль 2014, http://www.stanradar.com/news/full/10870sovetpravozaschitnikovkyrgyzstanaangazhirovannostilibespristrastnostanalizobraschenijza6let.html
[22] Элеонора Бейшенбек кызы, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдары Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) көзөмөлүндө, Эркин Европа/Эркиндик радиолорунун Кыргыз кызматы, март 2015, http://rus.azattyk.org/a/26890889.html
[23] Анна Лелик, Кыргызстан: Чет өлкөлүк агенттер жөнүндө мыйзам долбоору четке кагылды, Бейөкмөт уюмдары сүйүнүүдө, Eurasianet, май 2016, https://eurasianet.org/kyrgyzstan-foreign-agent-bill-nixed-ngos-rejoice; Aйзирек Иманалиева, Кыргызстан: Баш мыйзам долбоору бейөкмөт уюмдарды дубалга такоо коркунучун чагылдырууда, Eurasianet, май 2020, https://eurasianet.org/kyrgyzstan-draft-bill-threatens-to-drive-ngos-against-the-wall
[24] Кыргыз Республикасынын Президентинин веб-баракчасы, ‘Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик сыйлыктардын берилүүсү жөнүндө’, ноябрь 2017, http://www.president.kg/files/docs/award/ukaz_noyabr_russ.pdf
[25] АКШнын Мамлекеттик департаменти, Foro Penal укук коргоо уюму жана Азимжан Аскаровго 2014-жылдын “Адам укуктарынын коргоочусу” сыйлыгын тапшыруу жөрөлгөсү, июль 2015, https://2009-2017.state.gov/r/pa/prs/ps/2015/07/244903.htm
[26] Нуржамал Жанибекова, ‘Атайын кызматтар Атамбаевдин “Фэйсбуктагы” сынчыларын текшерүүдө’, Kloop, январь 2017, http://kloop.kg/blog/2017/01/10/spetssluzhbyproveryayutkritikovatambaevavfejsbuke/
[27] Kloop, ‘Кимдин атын атабаш керек. Президентти сындаган учун кыргызстандыктарды кантип куугунтукташат’, июль 2020, https://kloop.kg/blog/2020/07/31/tot-kogo-nelzya-nazyvat-kak-kyrgyzstantsev-presleduyut-za-kritiku-prezidenta/
[28] Александра Ли, Кыргызстан таажы вирусуна каршы күрөшүү жүргүзүүгө миллиондогон АКШ долларды сарптап жатат, бирок бийликтегилер каражаттар кандай королуп жатканын жашырууда’, Kloop, июнь 2020, https://kloop.kg/blog/2020/06/24/milliony-na-covid/
[29] Брюс Панниер, Акыркы чуулуу төңкөрүштөн кийин Кыргызстанда ким калды?, RFE/RL, октябрь 2020, https://www.rferl.org/a/who-is-who-in-kyrgyzstan-after-the-latest-tumultuous-uprising/30882154.html
[30] Владимир Соловьев, “Түрмөдө сен 24 саат бою сиз бош кишисиз”, Коммерсант, январь 2021, https://www.kommersant.ru/doc/4639707?from=main_1#id1957426
[31] Front Line Defenders (Ирланддык укук коргоо уюму), Азимжан Аскаровдун учуру, июль 2020, https://www.frontlinedefenders.org/en/case/azimjan-askarov-sentenced-life-imprisonment