Skip to content

Жаңы чоң “шеф” келдиби? Кыргызстандагы улуттар аралык патронаждын тармактары

Article by Dr. Aksana Ismailbekova

June 30, 2021

Жаңы чоң “шеф” келдиби? Кыргызстандагы улуттар аралык патронаждын тармактары

2020-жылы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоолордон кийин 5-октябрдагы  жыйынтыктары боюнча элдик нааразычылыктардан улам мамлекеттик төңкөрүш болгон. Ал жакта жаш саясий топтор менен ар башка оппозициялык партиялардан бир нече беделдүү саясатчылар болуп, бул окуяларда маанилүү ролду ойногон.[1] Бирок, Кыргызстандагы бийликтин үчүнчү жолку күч менен алмашуусу жөн гана бийлик үчүн күрөш менен негизделбестен, себептери тереңирээк болуп, түзүмдөргө байланыштуу болушу мүмкүн.[2]

 

Башка көптөгөн топтор менен айрым жүздөрдүн катарында, Садыр Жапаровдун тарапташтары күч алып, жаңы башкаруучулар (Садыр Жапаров, Камчы Ташиев, Талант Мамытов) тарапташтар тарабынан чыныгы “патриоттор” катары кабыл алынса, көптөгөн этникалык азчылыктар, кыргыз элинин арасында кезиккен башка либералдардын жана космополиттер  тарабынан  “улутчулдар” катары кабыл алынган. Жапаров эркиндикке чыккан күнү, 6-октябрда Жогорку Сот тарабынан акталып, премьер-министр, кийин президенттин милдетин аткаруучу кызматына жетүүгө үлгүргөн.

 

Өкмөттө 40 күн аралыгында иштегиче Жапаров маанилүү кызматтарга (Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, парламенттин спикери, Башкы прокурор жана кийин президентикке аттануу максатында Жапаров бошоткон президенттин милдеттерин убактылуу аткаруучусу) өзүнүн тарапташтарын дайындаган.

 

Бирок, парламенттик шайлоолорду кайрадан өткөргөндүн ордуна Жапаров парламентти президенттик шайлоолор менен башкаруунун формасын тандоо боюнча референдумдун өткөрүү туралуу чечимин кабыл алууга басым жасаган.[3] Ошондой эле, республиканын Баш мыйзамынын жаңы долбоорун кайрадан иштеп чыгуусун демилгелеп, Конституцияны иштеп чыгуу боюнча Кеңешмени түзгөн. Мындай аракеттери коомду экиге ажыратып, бөлгөн.[4] Бардык саясий окуялардын жана Кыргызстандагы саясий абал тууралуу  кийинки талкуулануулардын мезгилинде улуттук азчылыктардын абалы көңүлгө алынбаган бойдон кала берген.

 

Учурдагы кыргыз саясатында бир парадокс орун алууда: мыйзам үстөмдүгү менен Конституцияга кайдыгер мамиле жасаганына карабастан, Жапаров эмне себептен популярдуу болуп турат? Мен мурунку изилдөөдө белгилегендей, Кыргызстан элинин арасындагы Жапаровдун популярдуулугу көбүнчө “өзүбүздүн балабыз” деген көз караштын үзүрү десе болот.[5] Бир нече образдарга ээ болгон жана  авторитардык бийликке умтулган Жапаров “карапайым киши” катары кабыл алынып, улуттук лидер катары өзүнүн легитимдүүлүгүн өзүнүн болжолдуу жеке кыйынчылыктары аркылуу (абакта отургандыгы) алдыга илгерилетип жатат. Ошондой эле, Жапаровдун  Кыргызстандын кримтөбөлдөр менен болгон тааныштыгын, көптөгөн жөнөкөй жарандарга жакын болгон тууганчылыгын, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүгө болгон ачык ниети, “өзүбүздүн балабыз” деген көз-караштын, ритуалдык символдор менен санжыранын баалуулуктарынын ийгиликтүү колдонулушу өз максаттарына жетүүдө таасирин тийгизүүдө.[6] Бул эсседе Кыргызстандагы улуттук азчылыктардын абалынын үстүндө жүргузүлгөн талдоо тууралуу маалымат берилип, менин мурунку изилдөөлөрүмдүн жана кийинки маектештер менен телефон аркылуу жакын арада алынган интервьюлардын негизинде алардын пикирлери баяндалмакчы. Ошондой эле, эсседе Кыргызстандын мамлекттик органдарындагы өзбек ишкерлер менен улуттар аралык патронаждары тууралуу кеп жүргүзулүп, алардын келечекке болгон көз карашын түшүнүүгө далалат жасалат.

 

Этникалык азчылыктар жана бизнес

Этникалык кыргыздар Кыргызстандын калкынын 72%зын тузөт. Этникалык азчылыктардын арасында көпчүлүктү жалпы калкынын 14,6%ды тузгөн өзбектердин азчылыгы эсептелүүдө. Алар көбүнчө Кыргызстандын түштүгүндө, Өзбекстан менен болгон чек-аранын тегерегинде жайгашкан.

 

Тагыраак айтканда, негизинен Ош шаарында жана Фергана өрөөнүндө Ош менен Жалал-Абад облустарында турушат. Кыргызстандын түштүгүндө кыргыздар менен өзбектер болжолдуу эсеп менен тең санда жашашат.  Мисалы, 2009-жылы Ош шаарынын калкынын (жалпысыныан 258 000 киши) дээрлик бир жарымын өзбектер (48 пайыз) экинчи жарымын кыргыздар (43 пайыз) түзүшүп, ал эми калган 9 пайызды башка улуттагы  азчылыктар түзүшкөн.[7]

 

Бул эки улут мурунтан бери бири бирине жанаша жашап келип, мамлекет менен бизнестин биргеликте түзгөн “симбиоз” аркылуу үзгүлтүксүз катнашта болушкан.[8] Өзгөчө айтканда, базарларда соода жүргузүп, коомдук тамак-аш жайларын иштетип, айдоочулукта иштөө менен өзбектер ишкерлик жаатында үстөмдүк кылса,  кыргыздар болсо жергиликтүү мамлекеттик түзүмдөрдө кызмат көрсөтүшкөн.[9] Бирок, 2010-жылкы жаңжал бул “симбиозду” түп тамырынан бери өзгөртүп, жалпысынан талкалап, аны менен кошо өзбектердин ишкерлик жаатына коркунуч туудурган.

 

2010-жылы жайында Ош шаарында өзбектер менен кыргыздардын ортосундагы чыккан жаңжал аймактагы акыркы жылдардын ичинде эң начары болуп эсептелүүдө.  2010-жылы 10-июнундагы орун алган саясий каатчылыктын жыйынтыгында улуттук жамааттар аралык кагылышуулар от алып кеткен. Адамдардын өлүмүнө алып келген жайкы коогалаңдан кийин, өлкө ичинде улутчулдук маанайлар өрчүп, он жыл өткөн соң жалпы дискурс Кыргызстанды “кыргыздардын жери, ал эми калгандар болсо (этникалык азчылыктар) бул жерде жөн гана коноктор” деген баяндаманы илгерилетүүдө. Мындай көз караш бир гана жаштардын арасында жайылбастан, түштүк аймагында турган улуу муундун арасында да көрүнөт.[10]  Түштүктө жогорку деңгээлдеги жакырчылык байкалууда. Улутчулдуктун, этникалык чатактардын жана миграциялык аспекттери өзбектер улуттук азчылыкка кирген сезимин жаратып, же анын жаралышына өбөлгө түзүп, жамааттар аралык чыңалууну кескин жогорулаткан.

 

Көптөгөн өзбектер күнүгө бир катар кыйынчылыктарга дуушар болууда. Негизги кыйынчылыктар экономикалык ишмердүүлүктү жүргүзгөн адамдарга тиешелүү болуп, кылмышкерлердин да, мамлекеттин да тарабынан жасалган басымга жана коркутуу-үркүтүүлөргө үзгултүксүз кабылып жатышкан. Натыйжада, ишкерлер өздөрүнүн ишмердүулүгүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында ар түрдүү жаратман стратегияларын колдоно башташкан. Стратегиялар төмөнкүдөй чараларды камтыган: соода базарлардан махаллаларга (райондорго) көчүүсү, автобекет менен аэропорттордон жүргүнчүлөрдөн буйрутма алуу үчүн уюлдук телефондордун колдонулушу, алдын ала “ишенимсиз” делген кардарларды тейлөөгө же алар менен соода жүргүзүүгө жол бербөө. Өзбектер өздөрүнүн экономикалык жаатындагы бизнестерин өнүктүрүүсүн ачык жашырбаса да, өздөрүнүн учурда иштетип жаткан ишмердүүлүгүнүн коопсуздугун камсыздоо үчүн аракеттерин жумшап, кыргыз коомчулугуна байкалбас ыкмаларын колдонуу менен өздөрүнүн бизнесин коргоп жатышкан.

 

Кээ бир ишканалар медресе менен мектептер сымал  “коопсуз” социалдык долбоорлорго айланган. Катышууга белгилүү бир улут менен чектелген зоналарды жаратып, ишенимсиздиктен улам “кармалып калуунун” тобокели төмөнкү деңгээлде болгон коомдук кызматтарын өнүктүрүшкөн.

 

Менин изилдөөмө катышкан респонденттер дагы кылмыштуу тармактардагы адамдарын кезиктирүүдөн качуу максатында социалдык түйүндөрдү, видеокамераларды колдонуп, өздүгүн жана бизнесин жашырууга аракет жасап жатышат. Коопсуздуктун мындай моделдери ар кандай “күтүүлөргө” болгон жооп катары калыптанган: чыныгы турмуш өзбектерге таандык болгон ишканаларына жасалган физикалык зомбулук, алардын изине түшүү менен басмачылыктын иш-аракеттери катары кабыл алынган.[11] Фон Бемкендин жана башкалардын пикирине караганда, коопсуздук шарттарын адамдар күнүмдүк тиричилигинин алкагында алардын жашоосуна шык берүү менен ыраатка келтирүүчү коопсуздук менен кооптуу абалынын “элестеги

 

ички дүйнөлөр” катары түшүнүүгө болот.[12] Демек, коопсуздуктун моделдери субъекттер аралык (инсандар аралык) түрдө кабыл алынган социалдык практикаларына негизделип, коопсуздукту камсыздоодо субъекттерге (инсандарга) тиешелүү болгон иш-аракеттердин индивидуалдуу эркиндигин өзгөчө баса белгилейт. Мындай кырдаал субъекттердин мамлекеттик органдарга ишене албагандыгын жана ишенбегендигин даана ачык көрсөтүүдө. Төмөндө, мен коопсуздук шарттарын эл кандай жол аркылуу түзгөнү тууралуу маалымат берген үч учурду талкуулап кетмекчимин: 1) Сүйүн Өмүрзаковдун тармагына болгон каршылык; 2) “доля” системага жана паракорчулукка болгон каршылык жана 3) “төмөнкү” жана “жогорку” улутчулдуктардын ортосундагы тең салмактуулук.

 

Коопсуздукту издей I: Сүйүн Өмүрзаковдун тармагына болгон каршылык

Милициянын генерал-майору,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басары, Сүйүн Өмүрзаков спортчулар машыгууларын жүргүзгөн Оштогу бир нече спорттук клубдардын ээси. Укук коргоо органдардын арасында бедели жогорку деңгээлде болсо да, Оштогу жергиликтүү ишкерлердин арасында анын аброю төмөн.

 

2018-жылдын 12-сентябрь күнү Сүйүн Өмүрзаковдун спортчуларынын тиешеси бар делген иликтөө иштерин “Азаттык” радиосунун журналисттери жүргүзүшкөн. Ошондой эле, журналисттер Өмүрзаковдун үй-бүлөсүн дагы териштирип чыгышкан. Алардын айтымында, Сүйүн Өмүрзаковдун байкеси, Ош шаарынын облустук прокуратуранын кызматкери, Улукбек Өмүрзаковдун тиешеси бар экен деп чыккан.[13]

 

Бул факт “Өмүрзаковдун спортчулары Ошто “иммунитети” барбы?” деген аталыштагы иликтөө отчетунун тыянактары менен далилденген. Бул отчет өз алдынча жергиликтүү ишкерлер Оштогу Өмүрзаков тарабынан опузалоого кабылгандарына даттанышканын тастыктаган.[14] Мындай шектүү иштери ачыкка чыккандан кийин Улукбек Өмүрзаков ишкерлерди коркутуп, арыздарын алып кетүүгө мажбурлоого далалат жасаган деп айтылууда. Бул иши оңунан чыкпай калганда, аларды унчуктурбоо максатында ишкерлерге карата кылмыш иштери козголгон.[15]

 

2020-жылдын ноябрь айында УКМКнын кызматкерлери тарабынан Улукбек Өмүрзаков Ош шаарында кармалып, “Жол-Чырак” аттуу көмүр кен казуучу компаниясына кол салуунун уюштурулушуна шектелген. Прокурор менен биргеликте, укук коргоочулар “Мухаммад-Умар” аттуу спорттук клубдан дагы төрт кишини кармашкан. Таркатылган маалымат боюнча, алардан атайын жабдуулар таап алынып, керектелген салыктар менен социалдык төлөмдөрдү төкпөстөн, 82 миллион сомдон ашуун көмүрү мыйзамсыз жол аркылуу казылып, сатылган.[16] Жапаров менен жолугушканда жергиликтүү тургундар Өмүрзаковдун үй-бүлөсү түштүк борборду бүтүндөй басып алганын баяндап беришкен.[17]

 

Zoom платформасы аркылуу жүргүзүлгөн интервьюсунда Афтандил ысымдуу жергиликтүү тургун, Өмүрзаков президент Жээнбеков менен ортосунда байланышы бар экенин тастыктаган: “Жээнбеков менен Өмүрзаков бир эле “мафиянын” ичине кирет, анткени экөө тең Кара-Кулжалыктар. Өмүрзаков миллионер, ошондуктан ал өз “долясы” (тапкан кирешеси) менен Жээнбековдун “Кара-Кулжа” аттуу фонду менен бөлүшкөн. Алар бири бирине тууган болгондуктан, көп жылдар бою Жээнбеков Өмүрзаковду коргоп келген.”

 

Өзбек ресторанынын ээлеринин бири, Мухаммед мени менен телефон аркылу жүргүзүлгөн маегинде Сүйүн Өмүрзаков ишкерлерден акча талап кылып жүргөнү жөнүндө айтып берген. “Мени шаардын борборунда жайгашкан ресторанымды аларга сатууну суранышкан, буга байланыштуу мага спортчулар менен милиция коркутуу-үркүтүү жасашкан.” Анын ою боюнча, “Садыр Өмүрзаковдон коркпогонун көрсөтүү менен (далил катары Улук Өмүрзаков камакка алынышын) кайраттыгын чагылдырууда.  “Садыр орус тилин билбесе да, бандит болсо да, чыныгы кайраттуулугун көрсөткөнү үчүн сабатсыз болуусу коркунучтуу нерсе эмес. Ишкерлерге жөн гана өкмөттөгү туруктуулук керек. Кылмышкерлер өз жазасын алышты. Демек, тартип орногонсуп келе жаткандай. Бирок, мындан ары иштер кандай болуп кетеерине көңүл бурушубуз керек” деген сөздөр менен комментарийин кошумчалаган.

 

Cүйүн Өмүрзаковдун кичүү инисинин камалышын өзбектер күчтүн белгиси катары кабыл алып, Жапаровго болгон мурунку ишенимин жанданткан. Жергиликтүү тургундардын сөздөрүнө караганда, ресторандардын ээлеринин коопсуздугунун алкагында бул камалыш Өмүрзаковдун түзгөн тармагын жөнгө сала алчу жөндөмүн көрсөтүп жаткан. Бирок, кийинчиреек, баардыгы татаалдашкан, себеби Сүйүн Өмүрзаков президенттик шайлоолордун убагында кичүү инисин түрмөдөн сактап калуу аракетинде түштүк аймакта көбүрөөк добуштарды чогултуу үчүн өз адамдарын топтоп,  жигердүү иштеген.

 

Жапаровдун инаугурациясы өткөн соң 2020-жылдын 30-январь күнү Улукбек Өмүрзаков бошотулган. Бишкектин Биринчимай райондук сот тарабынан аны үй камагына чыгаруу боюнча чечими кабыл алынып, анын адвокатына, Икрамидин Айткуловдун сөздөрүнө таянсак аны мамлекеттик бюджетке 20 миллион сом төгүп берүүгө милдеттендирүү боюнча чечими чыгарылган.[18]

 

Изилдөөмдүн башка өзбек катышуучусунун “Карагыла! Жээнбековже балык эмес, же эт эмес” дегендей болуп, эч бир “духу” (эрки) жок болгон.  Керек болсо Матраимовго [кеңири таанымал болгон паракорчулукка белчесинен баткан мурунку бажы кызматкери] да эч нерсе деген эмес. Анын ордуна Жапаров “кустуртам” деп айтып, Матраимовду мамлекеттик казынага 2 миллиард сом төктүрүүгө мажбурлаган. Учурда Улук өкмөткө 20 миллион сом төлөп берди” деген сөздөрү жогоруда белгиленген абалды тастыктагандай. Жапаровдун кишилери менен Сүйүн Өмүрзаковдун ортосунда сүйлөшүулөр жүргөнү же жүрбөгөнү тууралуу эч кандай маалымат жок, бирок анын кичүү иниси Өмүрзаков Жапаровго ишенимдүү кишиси боло алгандыгын далилдей билген үчүн абактан бошотулганы толук ыктымал.

 

Коопсуздукту издей II: “доля” системага жана паракорчулукка болгон каршылык

Бир катар кафелердин ээси, Акбар, “доля” аттуу системасын (бизнестен келип тушкөн пайданын коррупцияланган мамлекеттик органдарга же кылмыштуу топтордун капчыгына кеткен пайызы) жоюууга жана паракорчулук менен күрөшүн жүргүзөөрү туралуу билдирүүсүн жасагандыгы үчүн Жапаровго колдоо көрсөтүп, өз добушун ага салган. Ошондой эле, Акбар Жапаров түрмөдө отурганын, адилетсиздикти жон териси менен сезип, жашоодогу кыйынчылыктарын башынан кечиргендигин кошумчалап белгилей кеткен. Өзбек ишкерлердин абалына көз чаптыра турган болсок, анда Акбар төмөнкүдөй түшүндүрмө берген: “Биздин ишибизди сактап калуу үчүн өкмөт эмне десе, биз аны аткарышыбыз керек. Биз өкмөткө каршы чыкпайбыз”.

 

Жапаровдун президенттикке келгенден бери өзгөрүүлөр орун алды беле деген суроомду бергенде Акбаров оң жообун берген.   Анын айтымында, “Ош шаарындагы маанилүү мамлекеттик органдарда иштеген Кадыр Алиевдин [жашырын ат] кичүү иниси Орон районунда [жашырын ат]  милициянын башчысы болгон. Алар өз “долясын” (кирешеден түшкөн пайдасын) жада калса күн караманын уруктарын сатып жаткан сатуучулардан дагы алууга үлгүргөн (б.а. майда соодагерлерден, мисалы унаа жуучу кызматын көрсөткөндөрдөн, чакан гараждардан, азык –түлүк соодасынан, коомдук тамактануу жайлардан, дүкөндөрдөн ж.б.у.с. акча каражаттарын өндүрүшкөн).  Алиевдин кичүү иниси бийликке биринчи жолу келгенде, ал ар бир ишкерди өз кабинетине (участкалык милиционердин чакыруусу аркылуу) чакырып, анын “жаңы ээлеген кызматы менен куттуктоо үчүн” өзүнүн кирешеси менен бөлүшүүнү (“долясын”) ачык эле талап кылган.

 

Акбар ага 2000 сом өлчөмүндө акчаны берип, өзүндө жеткиликтүү болгон ошол эле көлөмү бар болгонун белгилеген. Ошондой эле, ишкерлерден өздөрүнүн телефон номерлерин берүүсү талап кылынган. Алиевдин инисинин керектөөсүнө жараша, алар “кабинетке” чакырылмакчу. Мисалы, Алексей Романов дайыма эки килограмм этти сурап, ай сакйын бир жолу 6-7 киши болуп өзүнө жана досторуна ресторандан пловду буйрутмага берчү. Башка милиционерлер дагы келип, кафелердин ээлеринен коомдук жайдын кызматын акысыз көрүүсүн талап кылышкан. Бул чиновник бир гана жергиликтүү ишмерлерге эмес, ошондой эле мамлекеттик чиновниктерди коркутууга алганы белгилүү, мисалы: “ “Менин угушумча, сиз чоң тендерди утуп алыптырсыз, менин “бөлүгүм” кайда?” деген сөздөрүн айтуу менен, бактыга жараша кийин бул киши кызматтан алынган. Анын ордун ээлеген учурдагы киши элдин айтканына караганда ишенимдүү мамлекеттик кызматкердей болуп көрүнүүдө (“таза бала экен” деген сөздөр тараган).”

 

Башка ишкер, Алишер электротармактагы болгон кыйынчылыктар тууралуу айтып берген: “Менде менин ресторанымды иштетүү үчүн 20 киловатт өлчөмдөгү электрокубаттуулуктун запасы бар. Ага мен 120 000 сом төлөгөм. Бирок, кышында электркубаттуулуктун колдонулушу бул сандан ашат, анткени ресторандын ичин жылытууга жана башка кошумча керектөөлөргө көп электркубаты сарпталат. Жайында болсо балмуздак ж.б.у.с. азыктарды тоңдуруум керектелет. Бул себептерден улам, жайкысы да, кышкысы да бул чектөөдөн ашып түшөбүз. Ошондо мага дароо электркубаттуулук боюнча текшерүүчү келип, менден дагы кошумча акча каражаттарын (“доляны”) талап кылышат. Текшерүүчү мага айып пулдун толук көлөмүн же мамлекетке же жарым көлөмүн өзүнө төлөтүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган. Албетте, мен айып пулдун жарым көлөмүн текшерүүчүгө төлөөнү тандагам.”

 

Көрүп тургандай, электркубаттуулуктун запаска 30 же 40 киловатт алууга шарт жоктой; эгерде шарт болгондо, мамлекеттик бийлик өздөрүнүн “долясын” алуу мүмкүнчүлүгүнөн айрылмак. Бунун ордуна алар 20 киловаттка гана уруксат берип, текшерүүчүлөр келип, тартип бузуулардын маселесин өзүнчө “чечип” кетишет.  30 киловаттан өйдө электркубаттуулукту алуу үчүн мамлекет ресторандын ээсине 500 миң сом турган трансформатарды сатып алуусун талап кылат. Мындан сырткары, ал архитектордон, техникалык инспектордон, айыл өкмөтүнүн башчысынын жана эң акырында коомчулуктун уруксатын алууга тийиш. Трансформаторду алуу кыйынга жаткандыктан, ишкерлер уруксат берилген 20 киловаттын чегинде калууга мажбур болуп, “доляга” кошумча болгон башка чыгымдарды тартууга аргасыз калышат.

 

Башка өзбек респонденттин мени менен тузгөн маегинде, жергиликтүү милиция бой көтөргөн (уяты жоктугу) жагынан кылмышкерлерден ашкан адамдар болуп саналып, ишкерлердин абалын эч кандайынан түшүнүшпөгөнүн белгилеген. Кылмышкерлер расмий мыйзамдардан да ашкан күчтүү көзөмөлдү орнотушат. Маек курган адамдын сөзү боюнча, эгерде “милициядан” акча берип кутулуп кете алсаңыз, кылмышкерлерден акча берүү менен кутулуу өтө кыйын болот. Өзбек ишкерлер “көчө балдарга”/кылмыштуу тармактарга өз “долясы” менен бөлүшүүгө мажбур болуп, “грев” (акчалай которуу, же түрмөдө отургандарга жиберилген жөнөтмө) дегенди соттолгондорго, өзгөчө айтканда “братваларга” (кримтөбөлдөргө) чогултууга милдеттендирилген. Ишкерлер соттолгондорго кичине көлөмдөгү акча каражаттарды бөлүп чыгарып беришет (тамак-ашына, тамекисине, самынга). Мамлекеттик бюджет камалгандар үчүн абдан эле чектелген. Балким, бардык кафе менен ресторандардын аталыштары камакта отургандар тарабынан таанылып, бул процесс “отметка” деген аталышка конгон. Ишкерлер кылмышкерлерди “уяттуураак” деп сыпатташкан, анткени эгерде алардын ишмердүүлүгү өркүндөп, өсүп кетпесе, төлөмдү алуу үчүн бираз күтүшү керек болуп калаарын түшүнүшкөн.

 

Сурамжылоомо катышкан кишилердин үчөөсү “бети жок” милиция аларга акыркы убактын ичинде келбегенин айтышып, алардын келбегени эле жакшы жаңылык экенин белгилешкен. Бирок, биз окуялар кандай болуп кетишин байкап, күтүүгө аргасыз болуудабыз – учурда бийлик алмашып жаткан кезине күбө болуп турабыз. Бул мезгилди ишкерлердин көбү “күтүү мезгили” деп аташат.

 

Коопсуздукту издей III:  “төмөнкү” жана “жогорку” улутчуллдуктардын ортосундагы тең салмактуулук. 

Жапаровдун негизги атаандашы биринчи мамлекттик катчынын кызматында болуп турган кезде өзбектердин ЖМКларына каршы жүргүзгөн пропагандасынан улам “этникалык” улутчул деп аталып, түбү түштүктөн болгон Адахан Мадумаров эле.[19] Жапаров президенттик шайлоолордо элдин добуштарынын 82%на ээ болсо, Мадумаров Ош облусунда эле элдин добушунун 10%на ээлик кылып, Жапаровдон кийин экинчи орунда болгон.[20] Бирок, этникалык азчылыктар гана жалгыз эмес, башкалардын көзүндө да ал улутчул адам катары эсептелген. Ал 2007-жылы “Кыргызстан чындап эле баарыбызга үй, бирок башка улуттар бул жерде жөн гана “ижарага жашаган адамдар”” деген чагымчыл сөздөрүн айтуу менен этникалык азчылыктардын өкүлдөрүнүн көбүндө бүгүнкү күнгө чейин эсинде калган.[21]

 

Этникалык азчылыктардын көбү негизинен президентикке койгон түндүктүк талапкерге же жетекчиси түндүктөн болгон саясий партияга добуштарын беришет. Ошентип, ар бир кыргыз саясатчы этникалык азчылыктардын, өзгөчө өзбектердин добуштарын алууга умтулушат. Шайлоолордун убагында кыргыз саясатчылар этникалык азчылыктардын колдоосунан пайда көрүп, өздөрүнүн шайлоо командаларына өлкөдөгү басымдуулук кылган улутка кирбеген таасирдүү кишилерди чакырышкан.  Башка өзбек ишкердин, Ильястын сөздөрүнө караганда, Жапаровдо ошончо керек болгон “эрки” бар болуп, түбү да түндүктөн болгонун белгилеген. “Биз советтик союздун мезгилинен тарта түндүктүктөргө колдоо көрсөтүп келе жатабыз. Түштүктөргө караганда, түндүктүктөрдө улутчул ой-жүгүртүүсү сейрек кезигет. Ошондой эле, алар ачык эле кылмышкерлерге каршы чыгышы мүмкүн. Ошондой ишеним менен жагымдуулуктун айынан түштүктөгү өзбектер Кыргызстандын түндүгүнөн чыккан саясатчыларды тандашат, себеби алар дагы деле өзбек жамааты олуттуу жабыр тарткан 2010-жылкы Оштогу курч жаңжалын унутуша элек” деген сөздөрүн билдирген.[22] Мадумаров сыяктуу этникалык улутчулдукка көбүрөөк шектелген саясатчыдан айырмаланган Жапаровдун экономикалык популизми менен маданий консерватизмдин/улутчулдуктун ортосундагы айырманы көрүү чоң мааниге ээ.

 

2013-жылы этникалык таандуулукка негизделбеген “кыргызстандыктардын” жарандык иденттүүлүгүн түзүүнүн стратегиясы расмий түрдө кабыл алынган.  Кийин, бул чечимдин негизинде, улуттук паспортунда жарандын этникалык таандуулулугун билдирип турган графасы жоюлган. Бирок, Жапаров бийликке келген соң, бул графаны учурдагы Конституциянын негизинде Жогорку Соттун кабыл алган чечимине жооп катары жарлыгы менен  кайрадан киргизген. Бирок, Кыргызстандын жарандарынын паспортторунда “улуту” деген графасы кайра пайда болот. Бул кырдаал этникалык азчылыктарды, өзгөчө 2010-жылы жабыр тарткан өзбектердин тынчын кетире баштаган. Канча болсо да, улутун көрсөтүүсү жарандардын каалоосунан көз каранды, ошондуктан эгерде алар бул графасын көргүсү келбесе, арыз жазуусу кереги жок.[23]

 

Корутунду

Жапаров мыйзам үстөмдүгүнө кайдыгер мамиле жасаганына карабастан эл эмне себептен ага колдоо көрсөткөнүн түшүнүү үчүн өзбек бизнесмендеринин коопсуздук стратегияларына көңүл буруу керек. Алар “карама-каршы” инсан болгон, бирок ошол эле убакта мыйзамдын адилетсиздигин жон териси менен сезген жана башка күчтүү “мафияларга” туруштук көрсөтө билген бирөөгө ишенишет. Кыргызстандын мисалында мамлекеттин, бизнестин жана кылмыштуулуктун ортосунда болгон чектер билинбей калган.[24] Буга карабастан, канатын кеңири жайган паракорчулук менен күрөшүүгө болгон каалоосун көптөгөн жөнөкөй жарандар билдирип жатканын көрүүдөбүз. Тилекке каршы, учурдагы шарттарда укук коргоо органдар менен бийликти кармап турган башка ыйгарым укуктуулардын “доляны” жана пара алууну опузалагандарын токтотуу чоң кыйынчылыкка жатат.[25] Жогоруда келтирилген мисалдар көрсөткөндөй, милиция, соттор жана прокурорлор паракорчулукка белчесинен батып калган, себеби укук коргоо органдарында жүргүзүлө турган реформалар донорлук уюмдар менен жарандык коомдун мүчөлөрүнүн күтүүлөрүн көптөн бери актабай келген. Реформалардын жүргүзүлүшүндө болгон ийгиликсиздик бүгүнкү күнгө чейин уланып келген авторитардык саясий система менен алсыз жергиликтүү башкарууга келип такалган.[26]

 

Адамдардын инсандыгы менен кыйынчылыктары алар каалаган мамлекеттик бийликтин потенциалдуу башчысы менен эреже катары шайкеш келет. Карапайым элдин баалуулуктарын чагылдырган саясатчылар элдин көңүлүн алат. Жапаровдун учурунда болсо, эл анын жалпы тажрыйбасын, “кайраттулугун”, жана “улутчул идеалдары” төмөн болгон “түндүктүк” адамдын иденттүүлүгүн өздөрүнө окшоштуруп башташкан. Бул аспекттердин баардыгы элдин чогулушуна түрткү берген.

 

Мыйзамдар иштебей, эл соттук адилетсиздиктен тажап, мамлекетке болгон ишеним жокко чыгып калган мезгилде алар адилеттүүлүктү издөө менен өзгөрүулөргө болгон үмүтүн актоону көздөп  мыйзамдарга баш ийбеген Жапаров сыяктуу “карама-каршылыктын сезимин” туудурган адамдарга колдоо көрсөтө баштайт.  Ошол эле убакта бизнесмендер өздөрүнүн кырдаалын “күтүү абалы” катары мүнөздөп, иш мындан ары кандай кетээр экен деген ой менен күтүп отургандарын белгилешти.

 

Dr. Aksana Ismailbekova is a research fellow at the Leibniz-Zentrum-Moderner Orient (ZMO). Her research work focuses on kinship, ethnicity, patronage, conflict and gender in Kyrgyzstan. Her monograph Blood Ties and the Native Son: Poetics of Patronage in Kyrgyzstan was published by Indiana University Press in 2017.

 

Image by Andrea Kirkby under (CC).

 

[1] Аксана Исмаилбекова, Кыргызстандагы баш аламандыктардын негизинде жайгашкан муундар аралык жаңжалы, The Diplomat, откябрь 2020, https://thediplomat.com/2020/10/intergenerational-conflict-at-the-core-of-kyrgyzstans-turmoil/

[2] Азамат Темиркулов, Кыргыздын кыялы жана Садыр Жапаровдун феномени,  Борбордук Азиядагы  Роза Люксембург атындагы фонд,  Medium, январь 2021, https://rosaluxca.medium.com/

[3] Махабат Садырбек, Кыргызстандагы президенттик шайлоолор жана референдум, Кыргызстандагы “демократиялык экспериментинде” эки кадам артка ташталдыбы? Борбордук Азиянын талдануусу, 145, январь 2021, https://laender-analysen.de/zentralasien-analysen/145/praesidentschaftswahl-und-referendum-in-kirgistan-zwei-schritte-zurueck-im-kirgisischen-demokratie-experiment/

[4] Гульзат Байалиева жана Жолдон Кутманалиев, Камакта отурган саясатчынын эс оодарылчу ылдамдыкта бийликке келишине социалдык тармактардын тийгизген таасирси, openDemocracy, октябрь 2020, https://www.opendemocracy.net/en/odr/how-kyrgyz-social-media-backed-animprisoned-politicians-meteoric-rise-to-power/

[5] Исмаилбекова Аксана. 2017. “Туугандык байланыштар жана өз уулу: Кыргызстандагы жан тартуучулуктун “ыр-саптары”  Blood Ties and the Native Son: Poetics of Patronage in Kyrgyzstan. Bloomington: Indiana University Press.

[6] Аксана Исмаилбекова, Өз баласы: Садыр Жапаровдун Кыргызстанда көтөрүлүшү, openDemocracy, январь 2021, https://www.opendemocracy.net/en/odr/native-son-the-rise-of-sadyr-japarov-kyrgyzstan/

[7] УСК (Улуттук статистикалык комитет), 2009. 2009-жылдагы Кыргыз Республикасында калкты жана турак жай фондун каттоосу, 1-Китеп. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, Бишкек.

[8] Лиу Морган. 2012. Соломондун тагынын алдында. Оштогу жаңылануулар боюнча өзбектердин көз-караштары.  Питтсбург: Питтсбург университетинин басмаканасы; Мегоран Ник. 2013. Жалпы мейкиндик, бөлүнгөн мейкиндик: Ошто болгон этникалык окуялардын баяндамасы. Айлана чөйрө жана пландоо A 45(4), 892–907 бет.

[9] Ошол эле жакта.

[10] Сергей Абашин, Кыргызстандагы улуттук курулуш жана өзбек азчылыгынын маселеси, Фергана жаңылыктары (Fergana News), март 2012, http://www.fergananews.com/article.php?id=7126

[11] Исмаилбекова Аксана. 2018. Кыргызстандын түштүгүндө турган өзбек бизнесмендери үчүн кооптуу жана коопсуз жерлер. IQAS  49-Том / 2018 1–2,  41–60 бет.

[12] Марк фон Бёмкен, Конрад Шеттер, Хафиз Бобоёров, Нина Багдасарова жана Жоомарт Сулайманов,   Кыргызстан менен Таджикистандагы жергиликтүү коопсуздуктун камсыздалышы. Күнүмдүк турмушта коопсуздуктун камсыздалышы (The Production of Securityscapes by Everyday Practices), BICC Working Paper 5/2016, Эл аралык Бонндогу конверсия боюнча Борбор (Bonn International Center for Conversion (BICC)), май 2016, https://www.bicc.de/uploads/tx_bicctools/working_paper5-1_01.pdf

[13] Ыдырыс Исаков, Бандиттерге толгон Ош, Азаттык Радиосу, сентябрь 2018, https://rus.azattyk.org/a/29491208.html#player-set-time=4.259495

[14] Эрнист Нурматов, Өмүрзаковдун спортчулары Ошто кол тийбестиктен пайдаланып жатабы?, Азаттык Радиосу, июль 2016, https://rus.azattyk.org/a/27881112.html

[15] ОШол эле жакта.

[16] Эл гезит,  ИИМнин башчысынын, Сүйүнбек Өмурзаковдун иниси, прокурор Улук Өмүрзаков кармалды, ноябрь 2020, https://elgezit.kg/2020/11/12/zaderzhan-prokuror-ulukbek-omurzakov/

[17] Today.kg, Убактылуу кармоочу жайда Улукбек Өмүрзаковдун кармалышы анын адвокатынын ою боюнча мыйзамсыз болуп жатат, январь 2021, https://today.kg/news/411336/

[18] Азаттык Радиосу, Рейдерчилик айыпы боюнча кармалган прокурор Өмүрзаков эркиндикке чыкты, RFE/RL, январь 2021, https://rus.azattyk.org/a/zaderzhannyy-po-podozreniyu-v-reyderstve-prokuror-omurzakov-vyshel-na-svobodu/31078504.html; Sputnik.kg 20 миллион төлөндү – КР ИИМ башчысынын орунбасарынын иниси түрмөдөн үй-камагына чыгарышты, февраль 2021, https://m.ru.sputnik.kg/society/20210201/1051299107/ulukbek-omurzakov-domashnij-arest.html?mobile_return=no

[19]  Оштогу кабарлоочум менен Zoom платформасы аркылуу  жүргүзүлгөн интервью, Zoom, 07.02.2021

[20] Президент, Референдум 2021, Кол аркылуу эсептөөнүн жыйынтыгында БШКнын акыркы маалыматтары, AKI Press, https://akipress.org/elections/president2021/?hl=ru#region-2

[21] Эрика Марат, Кыргызстан: плюрализмдин келечеги, Плюрализм боюнча глобалдык борбору (Global Centre for Pluralism), ноябрь 2017, https://www.pluralism.ca/wp-content/uploads/2017/11/ericamarat_prospectsforpluralism_RU.pdf

[22] Аксана Исмаилбекова жана Филипп Лотхольц,  Кыргызстандын түштүгүндө болгон жаңжалдардан он жыл өткөн соң: келечектеги абалы, кесепеттери жана жасалчу кадамдар, Борбордук Азия боюнча программа, июль 2020, https://centralasiaprogram.org/archives/16380?fbclid=IwAR2UZqrzfKRXotQtGjgpKWxbQHnhdkoy79xxd7vg-4l2RxWVg6t3di3J774

[23] 24.kg, Кыргызстандыктардын паспортторунда “улуту” графасы кайрадан пайда болот, октябрь 2020, https://24.kg/vlast/169312_vpasportah_kyirgyizstantsev_vnov_poyavitsya_grafa_natsionalnost/

[24] Эрика Марат,  Борбордук Азияда кылмыштуулук менен мамлекеттин ортосундагы өз ара байланышы: мамлекеттин алсыздыгы, уюшкан кылмыштуулук жана Таджикистан менен Кыргызстандагы коррупция, Борбордук Азия жана Кавказ боюнча Институту &Жибек-Жолун изилдөө боюнча программасы, октябрь 2006, https://isdp.eu/content/uploads/publications/2006_marat_the-state-crime-nexus-in-central-asia.pdf

[25] Орусиялык жана Евразиялык Институт (IRES) тарабынан уюштурулган «2019-2020 жылдардын шайлоолорундагы саясат менен коом жана Кыргызстандагы Конституциянын кайрадан каралып чыгышы» аттуу Тегерек столдун учурунда берилген комментарий үчүн Натан Лайтка ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин, февраль 2021.

[26] Эрика Марат, Кыргызстан менен Таджикистандагы ЕККУнун полициясын реформалоо программалары: Мурунку кыйынчылыктар жана келечектеги мүмкүнчүлүктөр, EUCAM, октябрь 2012, https://eucentralasia.eu/2012/10/osce-police-reform-programmes-in-kyrgyzstan-and-tajikistan-past-constraints-and-future-opportunities/; Эрика Маратка таандык болгон полицияны реформалоо боюнча саясат тууралуу кененирээк маалыматты төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп, көрө аласыздар: https://www.wilsoncenter.org/event/book-talk-the-politics-police-reform

Footnotes
    Related Articles

     Join our mailing list 

    Keep informed about events, articles & latest publications from Foreign Policy Centre

    JOIN