2020-жылдын 6-октябрь күнү таңкы маалда Садыр Жапаров Кыргызстандын Ыссык-Көл облусунун губернаторун барымтага алганы үчүн 11-жылдык мөөнөтүн өтөп отурган кези эле. Дал он күндөн кийин Жапаров президент болуп дайындалып, бул он күндүн ичинде көчө протесттери өтүп, жүргүзүлгөн күмөндүү юридикалык процедуралардын натыйжасында камакка алынгандардын арасында эң белгилүү болуп, Кыргызстандын эң көрүнүктүү саясий кызматына жарыктын ылдамдыгында дайындалган. Кыргызстанда мыйзам үстөмдүгүнүн күчү жокко тете. Кээде бактыга жараша, кээде тилекке каршы дал көчөлөрдө болгон окуялар Кыргызстандагы саясаттын да адам укуктарынын да негизин тузгөн болуп калышат.
Советтер Союзунун кыйрашынан 30 жыл өткөн соң, Кыргызстан 22-тузакка кабылган (бири бирине карама каршы келген эрежелер менен процедуралардын ортосунда ортого чыккан логикалык парадокстон улам пайда болгон кырдаал). Кыргыз мамлекетинин потенциалы алсырап, жыйынтыгында тез эле баш аламандыктар пайда болууда. Бирок, мындай баш аламандыктардын оң жактары да бар. Борбордук Азиянын башка мамлекеттери, өзгөчө Өзбекстан менен Туркменистан сымал өлкөлөр этникалык азчылыктарга, диний топторго жана сасясий оппозицияга маал маал менен чабуул жасап турушканын көрсөтүшкөн. Ал эми Кыргызстанда болсо адам укуктарына карата мамлекеттик репрессиялар сейрек кезигип, тез убактын ичинде бүткөн. Калктын аярлуу топторунун көз карашына караганда Кыргызстандагы баш аламандыктардын кемчилиги адамдын негизги укуктарына болгон кепилдиктердин жок болгондугу. Укуктардын корголушу мыйзам алкагында камсызлдабагандыктан, коомдун тандаган приоритеттери, мамлекеттик аткаруу бийлигинин сырткы көзөмөлгө баш ийгендиги жана саясий элиталардын Борбордук Азиядагы Кыргызстандын советтик доордон кийинки жападан жалгыз демократиялык репутациясын бекемдөөнү каалоосу бираз да болсо адам укуктарын коргоого өбөлгө түзүүдө.
Коомдун приоритеттери
Улуттук саясаттагы туруктуу баш аламандыктарга карабастан, кээ бир маанилүү учурларды эске албаганда жергиликтүү күнүмдүк турмуш жалпысынан тынч бойдон уланганы Кыргызстандын саясатындагы таң калаарлык нерсе болуп эсептелет. Акыркы 30 жылдын ичинде мусулмандарды куугунтукка салган Өзбекстандан жана оппозициясын унчуктурбаганга аракеттер жумшап, тил албаган учурларда түрмөгө отургузган Түркменистандан айырмаланган Кыргызстандагы жарандар бираз да болсо эркиндүүрөөк мамлекетте жашап, өздөрү каалаганына сыйынып, жергиликтүү, аймактык жана мамлекеттик элиталарды сындоого мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Кыргызстандын байкоочулары жана жарандары мындай “эркиндиктин” башка көптөгөн булактарын сунуштоодо: өлкөнүн көчмөн тарыхын туруктуу негизде майрамдоо, Советтер Союзу кыйрагандан кийин алгачкы он жылдын ичинде батыш донорлордун кыргыз бейөкмөт уюмдар тарабынан сүйүнүч менен көрсөтүлгөн колдоосу жана постсоветтик эгемендүүлүктүн доорунда кыргыз мамлекеттинин байгерчилиги туруктуу түрдө төмөндөп бара жатканда жергиликтүү коомчулуктардын арасында “мүмкүн/керек” деген менталитетинин өнүгүшү.[1]
Жергиликтүү коомчулуктарда бийликте отургандардын “түбү” кайсыл жактан болгонуна карабастан, алар бул бийликти коомдук байкерчиликке жетүү үчүн колдонушкан жана адам укуктар жаатында да ошондой кырдаал байкалган. Таблиги-саякатчыларга, ислам боюнча таалимди жайылтууну көздөгөн мусулман-жандантуучуларга Кыргызстандын бүткүл аймагында жайгашкан жергиликтүү коомчулуктар тарабынан жылуу мамиле жасалса, Өзбекстан менен Туркменистан сымал коңшу эле мамлекеттерде ислам динин жайылтуу боюнча дал ошондой аракеттери каттуу басымга алынат.[2] Борбордук бийликтин оппозициясы дагы жергиликтүү деңгээлде өркүндөп жатат. Кыргыз коомчулуктары борбордук өкмөттүн кен казуучу эл аралык компаниялар менен тузүлгөн контракттарын талашка салып, парктардын бузулушун жана жолдордун салынышын токтотуу үчүн коңшу уюмдар биригишкен. Ал эми жөнөкөй жарандар болсо өлкө боюнча мамлекеттин табигый газ сыяктуу биринчи кезекте керек болгон буюмдардын баасын көтөрүү аракеттерине каршылыгын билдирүү үчүн чогулуп баштаган. Кыргыз саясий оппозициясынын курулуунун жана бекемдөөсүнүн негизи көп учурларда социалдык тармактар болуп берген.
Бирок, коомдун приоритеттери ар дайым эле адам укуктары үчүн ыңгайлуу келе бербейт. АКШдагы “актардын” же Синьцзяндеги ханьдыктардын укуктук артыкчылыктары сыяктуу системалык кыйчалыштарын кандай аныктай билсек, дал ошондой эле кыргыз коомунда элдин бир бөлүгүнүн укуктарынын кеңейилиши менен, элдин башка бөлүгүнүн укуктары бузулат.[3]
Кыргызстандагы коомдун аярлуу тобуна этникалык азчылыктары (өзгөчө өзбек улутундагы азчылыктары), ЛГБТ коомчулугунун мүчөлөрү жана аялдар кирет. Кыргызстанда жашаган этникалык өзбектерге карата жасалган кастык мамиленин тамырлары советтик дооруна терең кеткен. Аялдарга жана сексуалдык азычылыктарга алдын ала жасалган жаңылыш мамиле да терең тамырларга ээ болуп, акыркы мезгилде “салттуу көз карашта болгон коомго” кайтууну колдоп чыккан саясий элиталардын саны артууда.
Бүткүл сооветтик доордун учурунда Кыргызстандын түштүк аймагындагы шаарлардын экономикасында этникалык өзбектер орчундуу орунду ээлешкен. Советтик лидерлери, биринчи кезекте Брежнев, жергиликтүү саясий жана административдик органдардын үстүнөн титулдук көзөмөлдү күчөтүү менен этникалык кыргыздардын экономикалык доолорун азайтууну көздөшкөн. Кыргызстан эгемендикке жеткен маалдан тарта күчөтүлгөн процесс болуп саналган бийликтин “нативизациясы” өтө кооптуу кырдаалга алып келген. Анда саясий көзөмөл толугу менен кыргыздардын колунда болуп, этникалык өзбектер болсо Кыргызстандын түштүк шаарларынын экономикасында негизги орундарды ээлешкен. Саясий туруксуздук кездерде, өзгөчө айтканда 1990 жана 2010-жылдардын июнь айларында экономикалык доолор өлүмдөргө алып келген каргашалуу этникалык жаңжалга алып келген. Бул этникалык жаңжалда сандык көрсөткүчтөр боюнча өзбектер көбүрөөк жабыр тартышкан. 2010-жылдагы кагылышууда 470 маркумдардын төрттөн үч бөлүгү этникалык өзбектер болгон.[4] Мындан сырткары, өзбек коомчулуктарына кол салуунун кээ бир учурларына кыргыз милициясы менен аскерлери көмөктөш болгонуна жана бул жаңжалды алдын алуу боюнча иш-аракеттердин жетишсиз жасалгандыгын тастыктаган көз карандысыз документтердин бар болгонуна карабастан, 2010-жылкы жаңжалды азгырды деген айыбы адилетсиз ири санда этникалык өзбектерге тагылган.[5]
2010-жылы зомбулукту козгоо айыбы боюнча кыргыз соттору күнөөлүү деп таап, этникалык өзбек укук коргоочу, Азимжан Аскаровдун иши этникалык өзбектер кабылган адилетсиздиктин символуна айланган. 2016-жылдын май айында БУУнун Адам укуктары боюнча Комитети Аскаровдун камакка алынышы ички мыйзамдарга туура келбеген, мыйзамдуу максаты жок болгон, анын этникалык таандыгы жана адам укуктарын коргоочу ролу менен шартталган деген тыянактарга келген.[6] Кыргыз өкмөтү БУУнун Адам укуктар боюнча Комитетинин корутундусун четке кагып, тилекке каршы Азимжан Аскаров 2020-жылдын июль айында түрмөдө жан берген.
Экономикалык нааразылыктар Кыргызстандын түштүгүндө өзбектерге каршы маанайларды козгогон мезгилде, “салттуу” деп саналган кыргыз баалуулуктардын калыбына келтирилиши жыныс белгиси боюнча басмырлоонун күчөлүшүнө алып келип, Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулугун зордук-зомбулукка кабылуу коркунучун туудурган. 2020-жылдын Эл аралык аялдардын 8-март күнү бетине маска тагып, башына кыргыздын улуттук баш кийими болгон ак калпакты кийген эркектердин тобу Бишкектин эски аянтында чогулган зордук-зомбулук, кыздарды ала-качуу менен турукташып калган жана кеңири тараган үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы чыккан активисттердин тобуна кол салган.[7] Эң кызыктуусу, кол көтөргөндөрдүн тобу камакка алынбай, алардын ордуна аялдардын укугун коргогон 50 активист-кыздар кармалган.[8]
Өздөрүн өздөрү салттуу кыргыз коомчулугунун коргоочулары деп жарыялагандар мурункудай күчтүү болбосо да, былтыр дал ошол таризде аялдардын күнүнө арналган жүрүшкө каршы чыгышкан. 2019-жылы болуп өткөн аялдардын күнүнө арналган жүрүшү “бача баздардын парадына” айлануусуна жол берген үчүн улутчул “Кырк Чоро” тобунун мүчөлөрү Бишкек шаарынын бийлигин кызматтан кетүүсүн талап кылышкан. Ошондой эле, Кырк-Чоро тобу “улуттук (кыргыз) баалуулуктарын жана намысын тепселеткен” жүрүштүн уюштуруучуларына карата жаза ишин козгоого чакырышкан.[9] Кырк-Чородогу улутчулдар феминисткалар жана гомосексуалдар “батыш агенттери” менен сөз байлашууга кирип, кыргыздын салттуу маданиятын жокко чыгарууну көздөп, активдүү иш жүргүзүп жатышат деген баяндаманы ойлоп табышкан.[10] Мындай “баяндамалар” Кыргызстанда ЛГБТ-коомчулугунун укуктарын чындап эле коргоого аракет жасаган эл аралык коомдун мүчөлөрүнө тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулгунун эл аралык колдоосу Кырк-Чоронун батыш өкмөттөрү Борбордук Азиядагы салттуу баалуулуктарына каршы биригип алган деген билдирүүсү менен коштолуп келе жатат. Бирок, эгерде донорлор ЛГБТ-коомчулугуна аркасын салып койгондо, анда бул коомчулугу мындан да кооптуу абалга кептелип калмак.
Кыргыз коомунун жөн эле маргиналдашкан бөлүгү деп Кырк Чородон баш тартуусу туура болбостугуна басым жасоо керек. Кыргыз депутаттары Кырк Чоронун көз караштарына окшош болгон гомофобиялык пикирлерин билдирүүдө. Депутат Жылдыз Мусабекова 2019-жылы март айында болуп өткөн жүруштөр боюнча төмөнкүдөй сөздөрдү айткан: “чай куйгусу келбеген кыздарга жана балалуу болгусу ниеттенбеген эркектерге … каргышка калганы аздык кылат, андайларды ур-токмокко алыш керек..”.[11] 2013-жылы Орусия ЛГБТ-коомчулугуна каршы кабыл алган мыйзам сыяктуу Кыргызстан да ага окошош мыйзамды кабыл алуунун босогосунда турган кезде, Орусиянын мыйзамдарына таң калаарлык окошош келген “салтту эмес сексуалдык мамилелерин” пропагандалагандарга карата жаза көрүүгө багытталган мыйзам добоорлору Кыргызстандын парламентинде үзгүлтүксүз түрдө добуштардын басымдуулугуна ээ болууда.[12] Кыргызстандагы ЛГБТ-коомчулугунун укуктарынын маселесинин кылдаттыгын эл аралык донорлор түшүнгөндө жакшы болмок. Калктын мындай өтө аярлуу топторун донорлор тоотпой койбошу керек. Ошол эле убакта ЛГБТ-коомчулугуна болгон калыстыксыз мамиле тилекке каршы дүйнө жүзү боюнча кеңири таралганын донорлор моюнуна алыш керек. ЛГБТ-коомчулугуна коргоону камсыздоо боюнча чечимдерин Европа менен АКШдагы саясатчылар кандай жай ылдамдыкта кабыл алса, дал ошондой эле Кыргызстандагы саясий элиталар негизги шайлоочуларынан ажырап калуу коркунучунан улам ЛГБТ-коомчулугунун укуктарынын коргоосуна басым жасоодо чечкиндүү болбой жатышат.
Аткаруу бийлигинин тышкы коркунучтарга болгон мамилеси
ЛГБТ-коомчулугуна каршы мыйзам боюнча депуттатар энтузиасттык маанайда болгонуна карабастан, мыйзам долбоору расмий түрдө макулдашылып, толук кандуу мыйзам күчүнө кире электиги таң калычтуу. Бирок, бул Кыргызстандагы ЛГБТ коомчулугунун укуктары туруктуу экенин билдирбейт. ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү үзгүлтүксүз түрдө зордук-зомбулукка кабылышып, күнөөлүүлөр учурлардын көбүндө жоопко тартылбай калат.[13] Бирок, бүгүнкү күнгө чейин парламенттин мүчөлөрү менен президенттер гомофобдук билдирүүлөр менен гана чектелип, ЛГБТ коомчулугуна каршы мыйзамды кабыл алуу менен өз укуктары үчүн “согушуп” жүргөн “түстүү” коомчулукту криминалдаштыруу боюнча аракеттерин иш-жүзөгө ашырууга шашышкан эмес. Мындай мамиленин өзбек азчылыктарга же саясий оппозицияга карата жасалгандыгын көрүүгө мүмкүн эмес. Бул топтор башкарып жаткан элиталарга түз же кыйыр коркунучту туудуруп жаткандыктан, алар кыргыз мамлекети тарабынан ар дайым укуктук кысымга алына берет.
Кыргызстандагы этникалык өзбектер улуттук жана жергиликтүү деңгээлде мамлекеттик бийликке залал келтирүүгө умтулушканына эч кандай далилдер жок экендигине басым жасоо керек. Бул кырдаал түзүлсө да, кыргыз улутчулдары өзбектердин азчылыгын “бешинчи колонна” катары эсептөө жоромолдорун илгерилетүүсүнө эч кандай тоскоолдук болгон эмес. Ишенимдүү саясий колдоочуларынын тобун түзүү үчүн Ош шаарынын мурунку мэри, Мелис Мырзакматов өзбектерге каршы ксенофобиядан пайдаланган. Кыргызстандын Борбордук өкмөтү Мырзакматовду 2013-жылы мэр кызматынан бошоткон болсо да, бир да кыргыз жетекчиси Мырзакматовдун же башка бир улутчулдун 2010-жылкы этникалык жаңжалдын бир тараптуу баяндамасына каршы чыгууга аракет жасаган эмес. Бул баяндамага каршылыкты билдирүү саясий “кол салууга” тете болмок. Ошентип, 2010-жылдагы баш аламандыктардан кийин этникалык өзбектерге карата кыргыз сот системасынын тарабынан жасалган одоно сот катасын оңдоого аткаруу бийлигинин эч кимиси аракет кылбаганы таң калаарлык эмес. Этникалык өзбектердин Кыргыз мамлекетине туудурган коркунучу чындыгында негизсиз болуп, көбүнчө “ойдон чыгарылган” мүнөзгө ээ болсо да, кыргыз бийлигинин алардын Кыргыз Республикасына болгон патриоттук аң-сезимине күмөндүүлүгү толугу менен жоюлмайынча, өзбектер өз укуктарынан толук кандуу пайдалана алышпайт. Кыргыз саясатчыларынын өзбек коомчулугуна койгон талабы өз алдынча этникалык азчылыктын саясий чабуулдарга кабылуу коркунучун ого бетер күчөтөт.
Иш билгиликтин төмөнкү деңгээли, улутчул көз караштардын, чыныгы же болжолдуу коррупциянын негизинде саясий чабуулдар Кыргызстанда тез тез болуп турат. Саясий чабуулдардан коргонуу үчүн Кыргызстандын президенттери ар дайым даярдыкта болуп, оппоненттери тарабынан болжолдуу жана чыныгы коркутуу-үркүтүүлөрдүн таасирин төмөндөтүү үчүн соттук системасын жана башка “административдик” каражаттарын колдонууга даяр болуп турган деп айтуу аздык болот. Учурдагы президент, Садыр Жапаров мамлекетти президент Атамбаев жетектеп турган 2017-жылы түрмөгө отургузулган. Атамбаев болсо анын кийинки кесиптеши тарабынан үй камагына отургузулган. 2020-жылдын октябрь айында Садыр Жапаров тарабынан кетирилген Жээнбеков бул убакка чейин жаңжалдардан болушунча оолак болуу менен абактан качкан, анткени учурдагы президент саясий коркутуу-үркүтүүлөрдү жокко чыгаруу үчүн сотторду кантип колдоно алаарын жакшы эле кабардар болгон. Жетекчилердин президенттик креслосунан абакка, жана кайра абактан президенттик креслосуна болгон жолу саясий оппозициясын унчуктурбоого көрүнүктүү мисал болуп бере алат. ЕККУга караштуу Бюронун шайлоолордогу мониторинг тууралуу жүргүзулгөн демократиялык инститтутар менен адам укуктары боюнча отчетторунда Кыргызстандын бийлигинин аткаруучу бутагы саясий коркутуу-үркүтүүлөрдү жокко чыгаруу үчүн административдик ресурстарын, алгачкы кезекте соттук системасынан пайдаланган учурларына толгон. Чындап эле, саясий укуктарга эч кандай кепилдик жок болгондуктан, кыргыз саясаты тез арада эле көчө нааразычылык акцияларына жана баш аламандыктарга айланып кетүүсүнө күбө болуп турабыз.
Эл аралык аброю
Батыштагы өкмөттөр, өзгөчө АКШнын өкмөтү бул нааразычылыктар менен баш аламандыктарды чексиз популизмдин эмес, демократиялык системага өтүү көз карашынан байкоо жүргүзүшкөн. Эгерде АКШнын өкмөтү болгон окуяларды мамлекеттик төңкөрүш деп тааныса, Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевдин бийлигинин кулатылышына алып келген көчөдөгү протесттер бүткөн соң бир нече күндөн кийин эле АКШнын Мамдепартаментинин басма сөз катчысы, Адам Эрели 2005-жылдын март айында бир нече ирээт басымга кабылган. Эрели төмөнкүдөй жооп берген: “туруктуу демократияны курууга умтулган кыргыз элинин аракеттерине колдоо көрсөтүү үчүн биз өз ишибизиди уланта беребиз”.[14] Акаевдин жолун улантуучусу Курманбек Бакиев өлкөдөн чыгып, Казакстанга качып кетишине алып келген баш аламандыктан кийин АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Филип Кроул АКШнын өкмөтү “экономикалык өркүндөө менен демократиянын жолу боюнча Кыргызстанды алдыга чыгаруу үчүн аракеттерин ишке ашыруу максатында Кыргызстан менен кызматташуусун улантат” деген билдирүүсү менен бөлүшкөн.”[15] Ал эми көчөгө нааразычылыгын билдирүүгө чыккан эл Садыр Жапаровду түрмөдөн бошотуп, президент милдеттерин аткаруучусуна дайындалышына жеткенден кийин бир нече жума өткөн соң 2020-жылдын ноябрь айында Бишкектеги АКШнын өкүлчүлүгү эркин жана адилет шайлоолорун өткөрүүдө, адам укуктарын коргоодо жана демократиялык институттарын коргоодо Кыргызстандын өкмөтүнө, элине жана жөнөкөй жарандардан турган жарандык коомдун топторуна жардам көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин аткаруусун жандандырып баштаганын билдирген.’[16]
Жапаров сыяктуу жетекчилер АКШ өкмөтүнүн оптимисттик билдирүүлөрүнүн чыныгы ниетин билип турса да, кыргыз демократиясын колдоого болгон эл аралык чакырыктар мүмкүн чындап эле Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышына кандайдыр бир деңгээлде оң таасирин тийгизип жаткандыр. Кыргызстан чет-өлкөлүк жардамдан абдан көз каранды, жана Борбордук Азиядагы башка мамлекеттерге салыштырмалуу бир киши башына алган жардамдын ири бөлүгү Европа Биримдиги менен АКШнын өкмөтүнө таандык болот.[17] Түркменистандагы адам укуктарынын жаатында болгон репрессиялар же Өзбекстандагы 30 жыл бою Каримовдун көрсөткөн “саясий террору” сыяктуу ири масштабда жана үзгүлтүксүз жүргүзулгөн репрессияларга Кыргызстандын катышуусу абадай керек болуп турган финансылык жардамды токтотуу тобокелине учуратмак.
Жаңы шайланган Жапаровду кошо эске алуу менен Кыргызстандын президенттери биринин аркасынан бири адам укуктарына колдоо көрсөтөөрүн билдирүүдө. Дал ошентип, Жапаров “сөз менен ЖМКлардын эркиндиги кол тийгис баалуулук бойдон калат” жана анын администрациясы “үлгүлүү сот системасын курат” деген убадаларын берген.[18] Бирок, 2021-жылдын 10-январь күнү Жапаров прессага эскертүү бергендигин өзгөчө белгилей кетүү керек: “Жалпыга маалымдоо каражаттарын коргоого алсам да, мен алардан суранып кетчү нерсем менин жана башка саясатчылар менен чиновниктердин сөздөрүн бурмалабай, жана билдирүүлөрүбүздү контексттен үзүп алып, элдин алдына жарыялабасаңар, жакшы болмок. Бул суранычымды аткарсаңар, силерге карата эч кандай куугунтук болбойт.”[19] Бул сөздөр өз мандатына демократиялык жол аркылуу эмес, көбүнчө өзүнүн популисттик ишмердүүлүгүнүн жардамы менен жеткен адамга таандык.
Бул айырмачылыгы маанилүү болуп, эл аралык өнөктөштөр Кыргызстандын өкмөтү менен кандайча бири бири менен иш алып барышы тууралуу көбүнчө маалымат бербейт. Кыргызстан саясатына көз салган эл аралык байкоочулардын популизм менен демократиянын түшүнүктөрүн чаташтыруусу саясий күрөштү белгилөө максатында көп учурда мыйзам үстөмдүгүнүн эсебинен колдонулат.
Жапаровдун аралашма убадалары Кыргызстандагы адам укуктарынын жаатындагы болгон абалды чагылдыруу үчүн ылайык келген метафора деп айтууга болот. Адам укуктарынын бузулушу системалуу болбосо да, аларга да эч кандай кепилдик берилген эмес. Кыргызстандыктар көп убактан бери эле ишенимдүү делген жергиликтүү башкаруу формасын колдонушкан. Жергиликтүү башкаруунун мындай терең институционалдаштыруусу борбордук өкмөт тарабынан негизги укуктардын тебеленишине алып келген тескери кырдаалга чектөө койгон бир фактордун ролун ойноп жатат. Мындан сырткары, кыргыз жетекчилеринин Кыргызстандын Борбордук Азиядагы советтик доордон кийинки жападан жалгыз демократиялык репутациясын бекемдөөнү каалоосу бираз да болсо адам укуктарын коргоого өбөлгө түзүүдө. Ошол эле мезгилде, кыргыз коому да, кыргыз жетекчилери да өздөрүнүн багыттарында адам укуктарын коргоого алынышына колдоо көрсөтпөгөндөй. Бул мааниде Кыргызстан автократтык мамлекеттерден айырмаланбай турат. 2021-жылдын январь айында АКШнын Капитолий имаратына эл жасаган катаал чабуулу батыш мамлекеттери өздөрүнүн жетекчилеринин автократтык жана коомчулуктагы либералдык эмес маанайларынын алдында өздөрүнүн алсыз болуп калганын көрсөткөн. Жада калса дал Батыш мамлекеттери Кыргызстанды адам укуктарына кепилдикти берүүгө түрткү беришкен.
Кыргыз саясатында талашсыз артыкчылыкка бир дагы күч, бир дагы саясий партия ээ боло албагандыгы Кыргызстандын ийгилиги да, каргышы да болгон. Жапаров учурда бийликтин эң туу чокусунда тургандай болуп көрүнүшү мүмкүн. Мурунку президенттер да укмуштуу масштабда элден колдоо көрүшкөн, бирок бир нече жыл өткөндөн кийин эле ачууланган элдин күчү менен өлкөдөн кууп чыгарылган. Саясатчы Данкварт Растоунун айтымында демократия үчүн бир пикирге келүү эмес, тескерисинче “кызуу үй-бүлөлүк жаңжал” керектелет.”[20] Мындай “жаңжалдар” Кыргызстанда керек болгондон ашыкча кезигет. Бирок, “мындай жаңжалдарда көп нерсе башка нукта кетип калышы мүмкүн” деген эскертүүнү Растоу кошумчалаган. Кыргызстанда узакка чоюлуп кеткен саясий күрөшүнүн жыйынтыгына демократия да, адам укуктары да, эч бири кепилдик болуп бере албайт. Улуттук деңгээлде бир пикирге келүүнү талап кылган мыйзам үстөмдүгү менен демократиянын институционалдаштыруусу жок болгон кезде Кыргызстанда адам укуктарына болгон басым улана берет.
Бул эссе жарым жартылай “АКШнын Борбордук Азияга болгон кайрымдуу мамилесине орусиялык, кытайлык, аскердик жана идеологиялык жактан экстремисттик болуп саналган маалыматтардын тийгизген таасири” аттуу долбоордун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөргө таянат. Бул долбоор АКШнын Коргоо министрлиги менен Minerva Изилдөө демилгесинин алкагындагы АКШнын Аскердик Изилдөө лабораториясы тарабынан каржыланып, W911-NF-17-1-0028 номерлүү сыйлыкка ээ болгон. Бул жерде чагылдырылган пикир авторго таандык болуп, жана АКШнын Коргоо министрлигине, АКШнын Аскердик Изилдөө Бюросуна же АКШнын Аскердик Изилдөө лабораториясынын тиешеси жок.
Эрик МакГлинчи Джордж Мейсон университине караштуу саясат жана башкаруу боюнча Шар мектебиндеги доцент. МакГлинчи Принстон университетинде докторлук даражасын алып, “Баш аламандык, зомбулук жана династия: Борбордук Азиядагы ислам жана саясат” (Chaos, Violence, Dynasty: Politics and Islam in Central Asia (2011)). Minerva аттуу изилдөө демилгелердин, Евразиялык жана Чыгыш Европалык изилдөөлөрү боюнча Улуттук Кеңешинин, эл аралык алмашуу жана изилдөөлөр боюнча Кеңешинин, социалдык илимдер жаатында болгон изилдөөлөр боюнча Кеңешинин жана АКШнын Мамлекеттик департаментинин гранттары анын изилдөөлөрүн каржылашкан. МакГлинчи академиялык журналдарга, популярдык жалпыга маалымдоо каражаттарына жана аналитикалык борборлор үчүн түрдүү макалаларды жана илидөөлөрдү жазып берет. Профессор МакГлинчинин эң акыркы басмаларын анын университетиндеги веб-сайтында таба аласыздар: http://mcglinchey.gmu.edu/.
Сүрөт Пол Шумахерге (Creative Commons лицензияларынын негизинде) таандык.
[1] Кыргыздын көчмөн иденттүлүгүнүн туруктуу таасири, төмөнкү булактарга кайрылыңыздар: Джудит Бэйер, Кыргыздардын Аксакал сотторунун жанданышы, ойлонуп чыгышы жана өз ишин улантуусу: Плюралисттик окуялар боюнча угуулар, Укуктук плюрализм менен бейрасмий укуктар боюнча журнал, 38, no. 53–54: 141–76, 2006, https://doi.org/10.1080/07329113.2006.10756601; жана Али Игмен. 2012. Советтердин тилинде акцент менен сүйлөө: Кыргызстандагы бийлик жана маданият. Питтсбург университети . Батыштан келген тышкы жардам тууралуу, бул жакты караңыздар: Эрика Марат. 2005. 24-марттагы төңкөрүшкө чейинки, учурундагы жана кийинки Кыргызстандагы жарандык коому. “Хельсинки Монитор” журналы, 16, no. 4: 267–77. Коомдук байкерчиликтин камсыздалышындагы жергиликтүү уюмдардын ролу жөнүндө, ул жакты караңыздар: Эрик МакГлинчи, 2011. Баш аламандык, зомбулук жана династия: Борбордук Азиядагы ислам жана саясат (Chaos, Violence, Dynasty: Politics and Islam in Central Asia). Питтсбург университети.
[2] Эмиль Насритдинов, Руханий көчмөндөрдүн таризи жана Борбордук Азиядагы Таблиги-саякатчылар, Ab Imperio, no. 2: 145–67, 2012, https://doi.org/10.1353/imp.2012.0062
[3] Та-Нэхиси Коутс, 2015. Дүйнө жана мен. Биринчи чыгарылыш. Нью-Йорк: Бир дүйнө; Джоанн Н. Смит, Маданияттын түзүлушү: уйгурлар менен ханьдык кытайлыктардын ортосундагы символикалык, мейкиндик жана социалдык чектер, Asian Ethnicity 3, no. 2: 153–74, сентябрь 2002, https://doi.org/10.1080/14631360220132718
[4] RFE/RL, Чындыкты түшүнүү: Каргашалуу кыргыз-өзбек чыр чатактардын башкы тергөөчүүнүн 10 жыл өткөндөн кийинки ойлору, июнь 2020, https://www.rferl.org/a/chief-investigator-of-deadly-kyrgyz-uzbek-clashes-reflects-10-years-later-osh/30662610.html.
[5] ReliefWeb, 2010-жылдын 10-июнунда Кыргызстандын түштүгүндө болгон каргашалуу окуяларынын териштирилиши боюнча Эл аралык көз карандысыз Комиссиясынын доклады – Кыргызстан, май 2011, https://reliefweb.int/report/kyrgyzstan/report-independent-international-commission-inquiry-events-southern-kyrgyzstan
[6] Саясий жана жарандык укуктар жөнүндө эл аралык пакт, “№2231/2012 билдирүүсү боюнча Факультативдик протоколунун 5(4)-беренесине ылайык Комитет тарабынан кабыл алынган пикирлер (БУУнун Адам Укуктары боюнча Комитети, 11-май 2016-жыл).
[7] Ак калпактын символикалык мааниси тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн: Ак-калпакты жаратуу чеберчилиги; Эркек кишинин баш кийиминин кийилиши жана аны жаратуу боюнча салттуу билими жана ыктары, Материалдык эмес маданий мурасы, ЮНЕСКО (UNESCO), https://ich.unesco.org/en/lists
[8] Кыргызстандын борборунда аял укуктары үчүн марш болуп өттү, BBC дүйнөлүк мониторинг бөлүмүнүн алкагындагы BBC Борбордук Азиядагы мониторинг бөлүмү, март 2020, https://advance-lexis-com.mutex.gmu.edu/api/document?collection=news&id=urn:contentItem:5YD2-42T1-DYRV-33TC-00000-00&context=1516831
[9] Бермет Уланова, “Кырк Чоронун” митинги жана алардын үч негизги талаптары, Кактус Медиа, март 2019, https://advance-lexis-com.mutex.gmu.edu/api/document?collection=news&id=urn:contentItem:5YD2-42T1-DYRV-33TC-00000-00&context=1516831
[10] Уланова.
[11] Пит Баумгартнер, «Түстүү» кыжыр: Борбордук Азияда биринчи жолу болуп өткөн “Гей-параддан” кийин Кыргызстан ЛГБТ коомчулугуна каршы чыгууда, RFE/RL, март 2019, https://www.rferl.org/a/rainbow-rage-kyrgyz-rail-against-lgbt-after-central-asia-s-first-gay-pride-march/29825158.html
[12] Анна Лелик, Кыргызстан: ЛГБТ-коомчулугуна каршы мыйзам долбоорунун демилгелөөсү токтотулду, Eurasianet, май 2016, https://eurasianet.org/kyrgyzstan-anti-lgbt-bill-hits-buffers
[13] Кэти Арнольд, Арабыздан ар бирибиз бир күнү курман болот: Бишкектеги жападан жалгыз бача баздардын клубунун жабылышына эмне себеп болду, октябрь 2017, http://www.theguardian.com/cities/2017/oct/19/victims-closure-bishkek-only-lgbt-club-kyrgyzstan
[14] Мамлекеттик департаментинин брифинги, Штаттардагы жаңылыктардын кызматы, март 2005, https://advance-lexis-com.mutex.gmu.edu/api/document?collection=news&id=urn:contentItem:4G2X-RRT0-00RY-942K-00000-00&context=1516831
[15] Мамлекеттик департаменттин пресс-брифинги, 15-апрель: Мамлекеттик катчынын жардамчысы, Филип Кроули прессага бир катар тема боюнча маалымат менен бөлүшүүдө; Мамлекеттик департаментинин документтери жана жарыяланган материалдар, апрель 2010, https://advance-lexis-com.mutex.gmu.edu/api/document?collection=news&id=urn:contentItem:7Y81-18R0-Y9R0-J29T-00000-00&context=1516831
[16] Кыргыз Республикасында болуп өтүүчү шайлоолорго колдоо көрсөтүү максатында АКШнын финансылык каражаттарын бөлүп берүүсү тууралуу билдирүү жасады, Кыргыз Республикасындагы АКШнын өкүлчүлүгү, ноябрь 2020, http://kg.usembassy.gov/united-states-announces-funding-to-support-upcoming-elections-in-the-kyrgyz-republic/
[17] Европа Биримдигинин жардам көрсөтүү боюнча веб-баракчасы (EU Aid Explorer) – Европа Комиссиясы, https://euaidexplorer.ec.europa.eu/; US Foreign Aid by Country, https://explorer.usaid.gov/
[18] Борбордук Азиядагы жалпыга маалымдоо каражаттарынан негизги үзүндүлөр, веб-баракчалар, 12-январь 2021, BBC дүйнөлүк мониторинг бөлүмүнүн алкагындагы BBC Борбордук Азиядагы мониторинг бөлүмү, январь 2021, https://advance-lexis-com.mutex.gmu.edu/api/document?collection=news&id=urn:contentItem:61RP-B2W1-JC8S-C51G-00000-00&context=1516831
[19] Айдай Токоева, “Мен оппоненттерди биригүүгө чакырып, азчылык көпчүлүккө баш ийиши керектигин белгилеп кетем”, Жапаров, KLOOP.KG – Кыргызстандын жаңылыктары, январь 2021, https://kloop.kg/blog/2021/01/10/ya-prizyvayu-opponentov-obedinitsya-menshinstvo-dolzhno-podchinitsya-bolshinstvu-zhaparov/
[20] Д. Растоу, Демократияга өтүү: Динамикалык моделди көздөй жол, Салыштырма Саясат (Comparative Politics) 2 (1970): 355.