Skip to content

Кыргызстанда потенциалдуу авторитардык саясатчы шайланды: эл аралык өнөктөштөр үчүн кесепеттер жана кыргыз демократиясынын келечеги

Article by Dr. Aijan Sharshenova

June 30, 2021

Кыргызстанда потенциалдуу авторитардык саясатчы шайланды: эл аралык өнөктөштөр үчүн кесепеттер жана кыргыз демократиясынын келечеги

Өз добушумду бериш үчүн Бишкекте жергиликтүү шайлоо участоктогу кезекте турганда, көңүлүмдү кунт коюп, тегерегимде эмне болуп жатканына байкоо жүргүзө баштадым. Президенттик шайлоо менен улуттук референдум коюлган 10-январь күнү кызыктуу бир нерсеге күбө болууга үмүттөнүп турам. Бирок, Бишкектин бул районунда кызыктуу эч нерсе болгон жок – таанымал болгон шайлоочулар да (көзгө көрүнгөн), фальсификация учурлары да байкалбай, менин добушумду сатып алууга умтулгандардын бири да көрүнбөгөндөй. Жумуштарынан чыгып, чарчаган шайлоочулар акырындап шайлоо участкаларында топтолуп, бармак издерин текшертүү жана Кыргызстандын саясий келечегине добуш берүү максатында кезекке тизилүүдө.

 

Революция 3.0. жана Кыргызстандагы демократиянын келечеги

“Чексиз бийлик чексиз буза берет” ( “Absolute power corrupts absolutely”) – Джон Дальберг-Актон, 1857

 

Кыргызстандагы демократиянын келечеги күңүрт болушу мүмкүн, себеби популисттик авторитардык саясатчы Садыр Жапаров президенттик шайлоолорун чоң артыкчылык менен жеңип, референдум аркылуу президенттин чексиз ыйгарым укуктарын өзүнө камсыздап алган. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоонун жана референдумдун жыйынтыктарын акыркы жана мыйзамдуу деп жарыялоо менен 20-январда Жапаровдун жеңишин бекиткен. Бул жыйынтыктарды БШКнын эки гана мүчөсү таануудан баш тартып, бүткүл шайлоонун убагында Жапаровдун пайдасына жүргүзүлгөн мыйзам бузууларга шилтөө жасашкан.[1]

 

Алардын кооптонуулары негизсиз эмес эле. Шайлоолор менен референдумдун мыйзамдуулугу жана легитимдүүлүгү күмөндүү, анткени аларды өткөрүү процесси тездетилген.[2] Күчтүү президенттик башкаруу формага кайтуу Кыргызстандын жаңы башкармалыгына залалын тийгизиши мүмкүн. Кыргызстандын беш президенттин ичинен учөөсү элдин нааразылыгынан улам өз кызматтарынан айрылышкан. Көбүнчө нааразычылыктардын себеби президенттердин өздөрүнүн укуктарын кеңейтүү аракеттери болгон. 2005-жылы орун алган алгачкы “Жоогазын революциясы” да, кийинки 2010-жылдагы төңкөрүшү да башкарып жаткан элиталардын репрессивдик тактикасынан жана бийликтин бир кыйла бөлүгүн басып алуу аракеттеринен улам козголгон.[3] Кыргызстандагы үчүнчү төңкөрүшкө ачык түрдө фальсификацияланган шайлоолор түрткү берген. Эгерде бул шайлоонун жыйынтыктары кабыл алынганда, анда бир гана эки фракциядан турган, бардыгына “баш ийкеген” парламенти түзүлүп калмак. Парламент президенттик “Биримдик” жана “Мекеним Кыргызстан” саясий партияларынан турмак.[4]

 

Кыргызстандагы үчүнчү революция Ала-Тоо аянтына адилетсиз жана эркин эмес өткөн шайлоолорго каршылыгын билдирүүгө чыккандардын колунан башка күчтөр тарабынан уурдалып кеткен.

 

5-октябрь күнү аянтка чыккандардын арасында ар түрдүү саясий агымдардын тарапташтары  чыгышкан, мисалы прогрессивдүү либералдык “Реформа” партиясынан баштап консервативдик улутчул “Чоң-Казат” саясий партиясын колдогондорго чейин келишкен. Парламенттик шайлоого жалпы жонунан 16 саясий партия аттанып, 14 шайлоонун жыйынтыктары менен нааразы болушкан.[5] Баш аламандыктырдын учурунда көптөгөн саясий партиялардын лидерлери туруксуз биригүү пландарын талкуулагыча, Садыр Жапаровдун тарапташтары эл нааразычылыгын өз пайдасына буруп, арсар болуп турган саясий партиялардын колунан бийликти жулуп кетишкен. Жапаровдун көптөгөн тарапташтары Преззиденттин резиденциясын жана парламенттин кезектен сырткары отурумдарын өткөрүү үчүн колдонулган жайларды курчап алып, президент Сооронбай Жээнбеков жасалган басымдан улам 15-октябрь күнү жумушунан өз каалоосу менен кетүү арызын жазып, кызматын бошоткон.[6]

 

Октябрдагы окуялар орун алган маалда, ыйгарым укуктардын мөөнөтү чыгып калган Парламент “жашынган” жеринен чыгууга мажбур болуп, Жапаровдун көмөкчүсү болгон жаңы спикерди шайлоого, жана премьер-министр менен президенттин убактылуу милдеттерин аткаруучу кызматтарына дайындоого “кеңеш берилген”. Бул эки кызмат тең Жапаровго сунушталган. Ал эми парламенттин кээ бир мүчөлөрү кесиптештер тарабынан жасалган басым менен коркутуу-үркүтүүлөр тууралуу кабар беришкен.[7] Дал ошондой шарттарда парламент өткөрүлүүчү саясий система боюнча референдум менен президенттик шайлоолорго добуш беришкен.

 

Төңкөрүштөн кийинки окуялар чоң ылдамдык менен болуп өттү. Өлкө өзүнө келе албай жатып, жарандары президенттик системасын кайтаруу менен алтынчы президентти шайлоо боюнча шайлоо участкаларына кандайча барып калганын тушүнүүгө жетишпей калышкан. БШК бир катар тартип бузууларды каттап, анын ичинде шайлоочулардын добушун сатып алуу жана административдик ресурстарын колдонуу боюнча келип түшкөн 60 арызы камтылган.[8] 2020-жылы октябрдагы шайлоолордо добуштарды ачык эле сатып алуу менен административдик ресурстардын кеңири колдонулушуна караганда (БШК шайлоолордун жыйынтыктарын жокко чыгарууга мажбур болгонуна байланыштуу тартип бузуулардын деңгээлине жараша) бул шайлоолор жарандардын жасаган тандоосун жетиштүү түрдө адилеттүү көрсөткөндөй.[9] Мурунку кесиптештердей Жапаров өзүнүн ресурстарын эмне себептен толук колдонбогону тууралуу бир нерсе айтуу кыйын, бирок буга бир нече факторлор себеп болуусу ыктымал. Биринчиден, Жапаров добуштарды массалык түрдө сатып алууга муктаждыгы жок деп эсептегендей, анткени 2021-жылдын январь айына коюлган шайлоолор менен Октябрдагы төңкөрүштүн ортосундагы аралыкка анын жогорку кызматка дайындалышы менен ал жүргүзгөн иши анын жеңишин камсыздоо үчүн ансыз деле жетиштүү санда административдик ресурстары чогулган.

 

Экинчиден,  добуштарды сатып алуу үчүн бардык каражаттар октябрдагы шайлоолордо королуп кетип, бул жолкудагы шайлоолорго сарптоо үчүн акча калбай калган. Үчүнчүдөн, мүмкүн Жапаров өзүнүн  коомдук имиджин паракорчулук менен талыкпай күрөш жүргүзгөн кишинин образы менен бекемдөө аракетиндедир.

 

Шайлоо менен референдумдун өткөрүлүшү канчалык деңгээлде жаңылыштык болбосун, Жапаров президенттик шайлоолорунда 80% добуштарга жетүү менен референдумда президенттик башкаруу формасы 81% добушту топтоо менен өтүп, алардын жыйынтыктары өзгөрүлбөс бойдон калат.[10] Күчтүү президенттик башкаруу формасынын кайтарылышын эске алганда, бийликке жаңы келген президентти жана анын башкаруусу Кыргызстан менен эл аралык өнөктөштөргө кандай таасирин тийгизеерин түшүнүү учурда чоң мааниге ээ болуп турат.

 

Абактан президенттике болгон жол: Садыр Жапаровдун кызык окуясы

Мурунку каталардын кайталанышы эмне кереги бар? Менин таза башкарууга ниетим бар” – Садыр Жапаров, январь 2021[11]

 

5-6-октябрь күндөрү болгон баш аламандыкта Жапаровдун тарапташтары абактардан жана убактылуу кармоочу жайлардан бир нече кишилерди бошотууга жетишишкен. Экөөсү өз ыктыяры менен келсе, бирөөсү өлкөдөн сыртка чыгып, саясий башкалка сураган. Ал эми бирөөсү Кыргызстандын алтынчы президенти болууга үлгүрдү.

 

Батыштын байкоочулары менен жергиликтуу либералдардын жаңы эле түрмөдөн чыккан популисттик лидерден үрөйлөрү учуп турган маалда, Садыр Жапаров Кыргызстанда аябай кадыр-барктуу инсан эле. Анын популисттик жана улутчул кептеринен шыктануу алып, Жапаровдун тарапташтары аны “жаңы дем” жана  акыркы үмүт катары көрүүдө.[12] Канча болсо да, анын саясий таржымалындагы карама-каршылыктардын саны жогору.

 

Жапаров Кыргызстандын саясий аренасында алгачкы жолу президенттик деп эсептелген “Ак-Жол” саясий партиясынан парламенттин депутаты катары пайда болгон. Президент Бакиевдин шериги болуп, Садыр Жапаров көзкөрүнөө  пайдасыз иштеп жаткан Коррупцияны алдын алуу боюнча Улуттук агенттигин жетектеген.[13] Бакиев өлкөдөн чыгып кеткенден кийин, Жапаров улутчул делген “Ата-Журт” саясий партиясынын курамына кирген. Нааразычылыгын билдирүү максатында Камчыбек Ташиев (учурда Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитетинин жетекчиси) жана Талант Мамытов (акыркы президенттик кампанияда президенттин милдеттерин аткаруучу) тарапташтары менен биргеликте Ак үйдүн тосмосунан ашып өтүүгө жасаган аракети үчүн  Жапаров биринчи жолу камакка алынган.[14] 2013-жылы алтын кен казуучу “Кумтөр” компаниясына нааразычылык билдирген акциялардын башында туруп, Ыссык-Көл облусунун губернатору митингчилер тарабынан барымтага алынгандан улам Жапаров экинчи ирээт абакка киргизилген. Жапаров өлкөдөн качып чыгып кетүүгө аракеттенген, бирок 2017-жылы казак-кыргыз чек арасында кармалып, түрмөгө отургузулган.[15] 2020-жылдын октябрь айында Жапаровдун тарапташтары аны түрмөдөн бошоткон кезде ал өз жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүн өтөп койгон болуп, өзүнүн бийликке жетүү кадамдарын жасай баштаган.

 

Кыргызстанга Жапаровдун бийлиги кандай пайдасын көрсөтөөрү тууралуу кеп жүргүзүүгө эрте болсо да, анын таң калаарлык жеңиши Кыргызстандагы жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматты алууга мүмкүнчүлүк берет. Биричиден, Жапаровдун феномени уникалдуу эмес. Анын саясий көз-караштары венгр Виктор Орбан же АКШнын президенти Дональд Трамп сыяктуу популист, улутчул саясатчылар профилине туура келчүдөй болуп сезилүүдө.[16] Бул мааниде Кыргызстанга мындай глобалдуу тенденциянын контекстинде талдоо жүргүзүү жакшы болмок.

 

Экинчиден, элдин кээ бир бөлүгүнүн Жапаровго “сыйынуусу” шайлоо укуктарынан ажыраган элдин тобунун иренжүүсүнөн келип чыгууда. Жапаровго таандык болгон “Мекенчил” саясий партиясы айыл жерлеринин тургундарына жана Орусиядагы эмгек мигранттарына багытталган, демек мамлекет тарабынан маргиналдаштырылып, кароосуз калган элдин ири топторун айтууга болот. Садыр Жапаровдун антиэлитардык мүнөздө чеченсигени, карапайым калктын кызыкчылыктарын коргоо үчүн абакка отуруп чыгышы жана жеке кайгы-капаларга толгон жашоосу карапайым элдин кызыгуусун туудурат.[17] Борбор калаа менен аймактардын, глобализацияланган Бишкектеги орто тап менен айыл жерлеринде жашаган кыргыз тилдүү тургундардын ортосундагы айырмачылык күчөп бара жатат. Саламаттык сактоо, билим берүү, маалымат жана иш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөргө болгон тең эмес жеткиликтүүлүк менен бирге акыркы 30 жылдын аралыгында аймактардын өнүктүрүлүшүнө жалпысынан көңүл бурулбагандыгы эки параллелдик жашоо-тарзилердин пайда болуусуна алып келген. Бул өз алдынча эл аралык байкоочуларга белгилүү бир кыйынчылыктарды жаратууда, анткени алар аймактарда жашаган элге эмес, шаардык, либералдык көз-карашта болгон серепчилерге кайрылышат.

 

Үчүнчүдөн, Жапаровдун уюшкан кылмыштуулук жана кууп кетирилген паракорчул мансапкорлор менен болгон байланыштары тууралуу негиздүү кооптонуулар бар. Бул кооптонууларды эл аралык өнөктөштөр эске алуусу керек.[18] Жапаров эл алып түшкөн жана кууп чыккан мурунку президент Бакиевдин дагы деле шериги болуп саналууда. Жапаровдун эжеси президент Бакиевдин кичүү уулу, Максим Бакиевге Европада мыйзамсыз табылган акчаларды мыйзамдаштырууга көмөк көрсөткөн деп айыпталууда. Максим Бакиев болсо учурда ыңгайлуу шарттарда Улуу Британиядагы Кент шаарында жашап жатат.[19] Бул байланыштарды табуу кыйын, бирок, эгерде алар тастыкталса, анда келечекте Кыргызстанда коррупция менен уюшкан кылмыштуулукка жол ачылып, кенен таркашы мүмкүн.

 

Жапаров бүгүнкү күндө эл шайлаган президент болуп турат. Бирок, өзүнүн тарапташтарына дагы көп нерселерди далилдеп бериши керек. Өлкө финансалык жактан кысылып турганда, пандемиянын кесепеттеринен жабыр тартып, элге болгон негизги кызматтардын жетишсиздигин башынан кечирип жаткан маалда Жапаров президент кызматына киришкен. Мамлекеттик ресурстарды максаттуу колонбогондуктан, саясий системадагы аягы жок туруксуздуктан жана акыркы үч төңкөрүштөн кийин Кыргызстандын эл аралык абалы жакшы эмес.

 

Эл аралык өнөктөштөр үчүн кесепеттер 

Кыргызстанда ишин жүргүзгөн чет мамлекеттерди эки топко бөлүп кароого мүмкүн: продемократиялык лагерь (АКШ жана Европа Биримдиги)  жана аймактык авторитардык малекеттери (Кытай жана Орусия). Демократияны колдогондордун лагери демократия  менен мыйзам  үстөмдүгүнүн принциптерин жана башка ошол сымал баалуулуктарын жайылтуу менен алек болууда.

Өлкөнүн күчтүү президенттик башкаруу формасына кайтарылышы жана улутчул популист лидерин президент кызматына шайлануусу анын мамлекетте жүргүзүүчү саясатын түзүү жолуна таасирин тийгизиши мүмкүн.

 

Европа Биримдиги шайлоолор боюнча көз-карашын кылдаттык менен билдирген. Европалык изилдөөчү, доктор Кьяра Пиербон Европа Биримдиги Кыргызстандын эгемендигине  жана шайлоочулардын тандоосуна сый мамиле жасаарын белгилеген.[20]  Европа Биримдиги шайлоо процесстеринин жана процедураларынын эркин жана таза өткөрүлүшүнө орчундуу көңүл бурмакчы. Доктор Кьяр Пиербондун ою боюнча, добуш берүүгө келген шайлоочулардын төмөн көрсөткүчү дагы да жакшыраак изилденүүсү керектелип, Европа Биримдигинин  жарандык коомчулукка даректелген демократияны түзүүгө көмөктөшүү боюнча келечектеги демилгелерин пландоодо эске алынуусу шарт.

 

Европа Биримдигинин өкүлү жасаган билдирүүсү чындап эле  эркин жана адилет шайлоолордун өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүнө басым жасап, жаңы түзүлгөн өкмөттү демократиялык принциптерге толук кандуу сый мамиле жасоого чакырууда.[21] Гента университетиндеги Фабьен Боссайт белгилегендей, Европа Биримдиги демократиялык принциптерин жайылтууда өзүнүн  чектелгендигин түшүнүп, демократияны илгерилетүүдө колдонулган ыкмасы каралып чыгуусу керектелет. Демократия мамлекеттин ичинде түптөлүп, Европа Биримдиги демократиянын жергиликтүү формаларын жана түшүнүүсүн эске алуу керек.

 

Бишкектеги АКШнын өкүлчүлүгү кылдаттык менен түзүлгөн, элди шайлоодо жасаган тандоосу менен куттуктаган жана Жапаровду жаңы шайланган президент катары тааныганын чагылдырган билдирүүсүн жарыялаган. Бирок, бул билдирүүдө кеңири жайылган процедуралык бузуулар, өтө чоң көлөмдөгү финансалык каражаттар, административдик ресурстарына кыянаттык келтирүү менен шайлоочуларга коркутуу-үркүтүү жасалганын далилдеген маалыматтар ийне жибине чейин баяндалып берилген.[22] Бирок, жаңы келген президент жана анын администрациясы Кыргызстандагы “араң” эле турган демократияга кандай мамиле жасаарын байкоо максатында АКШга күтүүгө туура келет.  Бишкекте жайгашкан  Кроссроуд Централ Эйжа (Crossroads Central Asia) аттуу аналитикалык борбордун президенти, доктор Шаирбек Жураев саясий система батыш донорлордун Кыргызстанга карата мамилесин жалпысынан өзгөртө алат деп эсептебейт.[23] Алар жаңы башкармалыктын сөз эркиндигине, адам укуктарына, мыйзам үстөмдүгү менен саясий плюрализмге артыкчылык берүүсүнө  көбүрөөк кабатырланып, батыш өнөктөштөрдү эң көп тынчсызданткан маселелер боюнча жүргүзүлүүчү саясатка өзгөчө көңүл бурмакчы.

 

Аймактык авторитардык мамлекеттерди сөз кылсак, алардын көз караштарына жана Кыргызстанда жүргүзгөн саясатына баа берүү мындан да татаалыраак болууда. Президент Жээнбековдун кызматынан кетүүсү Кремлди катуу капалантты деген маалыматтар ортого чыгууда.[24] Орусиянын вице-премьери Дмитрий Козак Жээнбеков жогорку кызматынан кетүүгө бир нече күн калар алдында Кыргызстанга келип, негизги кыргыз саясий күчтөрдүн ортосундагы жүргөн сүйлөшүүлөрдү жеңилдетүүгө далалат жасаган. Орусиянын иренжүүсүнүн дагы бир көрсөткүчү катары Кыргызстанга көрсөткөн финансалык жардамдын саясий абал турукташкан кезге чейин токтотулушун айтууга болот. Бирок, бул кадамды Орусия өз жардамын мыйзамдуу өкмөткө көрсөткөнүн камсыздоо максатында жасалган прагматикалык бир чара катары кароого болот.

 

Кытайдын Кыргызстанга жасаган мамилеси чындап эле прагматикалык. Бишкектеги изилдөөчү Нива Яу белгилегендей, Кытайдын Кыргызстандагы эки негизги кызыкчылыгынын биринчиси бул Кытайдын Синьцзян провинциясын биздин мамлектеке жакын жайгашканын эске алуу менен Кыргызстандагы туруктуулук болсо, экинчиси Кыргызстандын Кытайдын кургак жер үстүндөгү соода жолдору үчүн таяныч пунктунун ролун аткарылышы болууда.[25] Бирок, чет өлкөлүк инвесторлорго жана коңшу өлкөлөр менен чек-аранын делимитациялоо боюнча келишимдерде Жапаров улутчул маанайда болгондугу  тууралуу Кытайдын өзүнүн кооптонуулары бар болушу мүмкүн.

 

Жалпысынан, бардык эл аралык субъекттерде Жапаровдун президент катары жүргүзгөн ишмердүүлүгү боюнча кооптонуулары бар. Бирок, алардын иш-аракеттери аларды тынчсызданткан чөйрөлөрдө Жапаровдун жасаган саясатынан көз каранды болот. Жапаров чоң санда эл аралык милдеттенмелердин жүгүнө ээ болуп, оор абалда калган мамлекет мурас болуп берилген. Эгерде ал өзүнүн милдеттерин ички да, эл аралык да өнөктөштөрдүн алдында так аткарып бере албаса, мурунку кесиптештердин жолун улашы толук ыктымал.

 

Сунуштамалар

Бул жыйында келтирилген изилдөөнүн негизинде, жасоого мүмкүн болгон кадамдар боюнча бир нече сунуштамалар бар:

 

Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрүнүн өкмөттөрү үчүн: 

  • Коррупциялык схемалардын көз карандысыз изилдөөсүн демилгелеп чыгуу. Бул изилдөөнүн алкагында дүйнөнүн “үчүнчү” даражадагы мамлекеттерде (Кыргызстанда демократияны илгерилетүү аракети менен алектенген батыш мамлекеттерин да камтуу менен) паракорчулукка батып калган кыргыз саясатчылардын мыйзамсыз каражаттарды ээн-эркин мыйзамдаштыруу аракетин жасаганы ачыкталмакчы. Бул маалымат өлкөнүн ички процесстерин түшүнүү жана чечимдерди кабыл алуу үчүн Кыргызстандын коомчулугу үчүн эбегейсиз мааниге ээ.
  • Уюшкан кылмыштуулук менен коррупцияланган расмий кызматкерлер сиздердин өлкөлөрүңүздөрдө мыйзамсыз табылган акчаларды мыйзамдаштыруу кызматтарына кайрылбагандыгынын кепилдигине ээ болуңуз. Мыйзамсыз акчаларды мыйзамдаштыруунун батыш схемалары демократия менен мыйзам үстөмдүгүн илгерилетүү боюнча бүт аракеттерди жокко чыгарып, өзүңүздөрдүн саясий системаларыңардагы жетишкендиктериңиздердин баркын кетирет. Бул аракеттердин баардыгы Улуу Британиянын кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча Улуттук агенттиги уюштурган “келип чыгышы түшүнүксүз болгон” байлыктар боюнча программалардын киргизилиши жана кеңейтилиши аркылуу иш жузүнө ашырылышы мүмкүн.
  • Эгерде сиз демократия менен мыйзам үстөмдүгүнүн принциптерин жайылтылышына катышсаңыз, жергиликтүү органдар менен өз-ара иштешүү стратегияларыңыз кайрадан каралып чыгышы керек. Батыш өлкөлөрдө билим алган шаардык серепчилердин коомчулуктары менен айыл тургундарынын көпчүлүгүнүн ортосундагы кескин айырмачылык бар. Өзүңүздөрдүн серепчилериңиздерден турган чөйрөңүздү кеңейтүүгө туура келет, либералдык көз карашта болбогон, демократиялык принциптерин карманбаган, батышчыл ой жүгүртпөгөн кишилерди кошуңуздар, анткени бул иш-аракеттериңиздер өзүңөрдүн стартегияларыңарды тагыраак негизде жүргүзүүгө өбөлгө түзүп берет. Демократия менен либерализмдин принциптери кээ бир учурларда Батышка жат келген концепциялары катары кабыл алынат. Жарандык коомду, либералдарды, укук коргоочуларды жана башка көптөгөн активдүү жарандарды “чет өлкөлүк агенттери” же “грант жегичтер” деп сүрөттөп көрсөткөн баяндаманы өзгөртүүгө аракет жасоо чоң мааниге ээ.

 

Кыргызстандын жаңы жетекчилиги үчүн:  

  • Конституциянын бардык укуктук процедураларынын иштелип чыгуусун камсыздоосу, ачык-айкын жана адилеттүү болушу шарт. Конституцияны иштеп чыгууда жана кабыл алууда кайсыл жаңы укуктук жана саясий тартип бузуулары орун албасын, натыйжада мамлекеттин негизги укуктук документке болгон коомчулуктун ишеними жоюлуп кетет.
  • Процесстин ачык-айкындыгын жогорулатуу максатында Конституциялык кеңешменин учурдагы иш тартибин кайрадан карап чыгуу. Кеңешме бүгүнкү күнгө чейин орун алган өзгөрүүлөрдүн маанилүү деталдарын эч ким менен бөлүшпөйт. Буга кошумча, Баш мыйзамдын жаңы долбоору боюнча жасалчу кийинки кадамдар тууралуу эч кандай маалымат жоктой, башкача айтканда Конституциянын жаңы мыйзам долбоору көз карандысыз серепчилердин баамдоосу жана кесипкөй кер байаланыш үчүн Венеция Коммиссиясына жөнөтүлөөрү же жөнөтүлбөөрү белгисиз бойдон калууда. Бул процесстин ачык-айкындагы жана тактыгы жок болгондугу коомчулуктун Баш мыйзамдын жаңы долбооруна болгон ишенимин кетирип, анын легитимдүүлүгүн талашуу үчүн көптөгөн юридикалык амалдарын калтырууга жол ачып, кийинки туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн.
  • Башкаруу түзүмүндө кармоо жана тең салмактуулукту сактоо системасын камсыздоо. Күчтүү президенттик башкаруу Кыргызстанда эч качан иштеген эмес.

 

Доктор Айжан Шаршенова учурда Бишкектеги ЕККУга караштуу Академиясында аспирант-изилдөөчү. Лидс университети тарабынан доктор Шаршеновага саясий илимдердин доктор даражасы ыйгарылган. ЕККУнун Академиясына келгенге чейин, доктор Шаршенова БУУ менен БУУӨПтүн Жакынкы чыгыштын ар кайсы өлкөлөрдөгү бөлүмдөрүндө жана Кыргызстандын эл аралык өнүктүрүү долбоорлордун алкагында эмгектенген. Анын илимий кызыкчылыгы демократизация менен демократияны илгерилетүү, пост-советтик авторитаризм жана эл аралык өнүктүрүү жааттарын камтыйт. Учурда, доктор Шаршенова Орусиянын Кыргыз Республикасына тийгизген таасири боюнча илимий долбоордун үстүндө эмгектенип жатат. Доктор Шаршенова жакында эле The European Union’s Democracy Promotion in Central Asia’ (Борбордук Азияда Европа Биримдигинин демократияны илгерилетүүсү) аттуу китебин жарыялаган. 

 

Сүрөт Кыргызстандын Президент Аппаратынын расмий веб-баракчасынан алынган.

 

[1] Мундузбек Калыков, Жапаров президентикке аттануу укукгу жок: БШКнын эки мүчөсү шайлоонун жыйынтыктарын таануудан баш тартууда, Kloop, январь 2021, https://kloop.kg/blog/2021/01/21/zhaparov-ne-imel-prava-ballotirovatsya-v-prezidenty-dva-chlena-tsik-ne-priznali-itogi-vyborov/

[2]Бул юридикалык жана саясий жоболордун бузуулары Брюс Паннье тарабынан жакшы баяндалган,  Кыргызстандагы президенттик шайлоолордо болжолдуу жеңүүчүсү болуп эсептелген, экс-качкын Жапаров боюнча суроолор жаралууда, Эркин Европа/Эркиндик Радиосу, январь 2021, https://www.rferl.org/a/kyrgyzstan-presidential-election-japarov-questions-constitution-controversy-qishloq-ovoz/31038709.html

[3] Темиркулов Азамат, 2010.2005 жана 2010-жылдардагы Кыргызстандагы “төңкөрүштөр”: массалык мобилизациясынын салыштырма анализи. The Journal of Nationalism and Ethnicity (Улутчулдук менен этникалык таандыктуулук боюнча журнал) , 38-том, (5): 589-600

[4] Изабель Хуршудян, Акыркы 15 жылдын ичинде үчүнчү төңкөрүш өткөндөн кийин түрмөдөн жаңы эле бошонуп чыккан улутчул президент болуп шайланды. Washington Post, январь 2021, https://www.washingtonpost.com/world/europe/after-kyrgyzstans-third-uprising-in-15-years-a-nationalist-who-was-sprung-from-prison-is-elected-president/2021/01/11/1ed36db8-503c-11eb-a1f5-fdaf28cfca90_story.html

[5] Шайлоо 2020: Партиялардын тизмеси, Азаттык, октябрь 2020, https://rus.azattyk.org/a/30828971.html

[6] Кыргызстандагы шайлоо: Эл нааразычылыгынан улам, президент Жээнбеков кызматынан кетти, BBC Жаңылыктары, октябрь 2020, https://www.bbc.com/news/world-asia-54553173

[7] Вячеслав Половинко, Эркиндик, теңдик жана “доскелер”: Кыргызстандын президенти кызматынан кетүү менен жергиликтүү кылмыштуу топторго бийликке жол ачып берди, Новая газета, октябрь 2020, https://novayagazeta.ru/articles/2020/10/15/87529-svoboda-ravenstvo-bratva

[8] Кеңири ыйгарым укуктарына жетүүнү көздөгөн улутчул-саясатчынын Кыргызстандын президенттик шайлоолорунда жеңиши, Азаттык, январь 2021, https://www.rferl.org/a/japarov-kyrgyzstan-presidential-election-referendum-/31040110.html

[9] Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлигинин, БУУдагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлүнүн жасаган билдирүүсү, октябрь 2020, https://www.rferl.org/a/japarov-kyrgyzstan-presidential-election-referendum-/31040110.html

[10] БШК өз мөөнөтүнөн мурун өткөн президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын кабыл алды, Борбордук Шайлоо Комиссиясынын веб-сайты, январь 2021, https://shailoo.gov.kg/ru/news/4383/; БШК Кыргыз Республикасында саясий система боюнча өткөн референдумду аягына чыкты деп жарыялады, Борбордук Шайлоо Комиссиясынын веб-сайты, январь 2021, https://shailoo.gov.kg/ru/news/4384/

[11] Джоанна Лиллис цитата келтиргендей, Садыр Жапаров Кыргызстандын президенти болуп добуштардын орчундуу саны менен шайланды, The Economist, январь 2021, https://www.economist.com/asia/2021/01/11/sadyr-japarov-is-elected-president-of-kyrgyzstan-in-a-landslide

[12] Айзирек Иманалиева, Кыргызстан: Жапаров, акыркы үмүтпү же популисттик коркунучпу?,  Eurasianet, январь 2021, өhttps://eurasianet.org/kyrgyzstan-japarov-last-hope-or-populist-menace

[13] Президент  Бакиевдин акыркы 2 жылдык бийлиги коррупцияга, саясий өлтүрүүлөргө жана жердешчилик учурларына бай болгон.

[14] Айзирек Иманалиева, Кыргызстан: Жапаров, акыркы үмүтпү же популисттик коркунучпу?,  Eurasianet, январь 2021, https://eurasianet.org/kyrgyzstan-japarov-last-hope-or-populist-menace

[15] Анна Капушенко, Абактан бошонгон, банкир, парламенттин бир нече мүчөлөрү жана улуттук коопсуздуктун кызматкери: Президентикке кимдер аттанып жатышат?, Kloop, январь 2021,

[16] Георгий Мамедов, Жапаров биздин Трампыбыз, Open Democracy, январь 2021, https://www.opendemocracy.net/en/odr/japarov-is-our-trump-kyrgyzstan-is-the-future-of-global-politics/

[17] Түрмөдө отурган маалда Жапаров ата-энесинен жана улуу уулунан оорудан жана унаа кырсыгынан улам ажыраган, булак: Аруке Уран кызы, Түрмөдөн президенттике: Садыр Жапаровдун жеңиши, The Diplomat, январь 2021, https://thediplomat.com/2021/01/from-prison-to-presidency-sadyr-japarovs-victory/; Анын өмүрү боюнча көбүрөөк маалыматты Арууке Уран кызынын “Түрмөдөн президенттике: Садыр Жапаровдун жеңиши, The Diplomat, январь 2021” атту ишинде таба аласыздар, https://thediplomat.com/2021/01/from-prison-to-presidency-sadyr-japarovs-victory/

[18] Иван Нечепуренко, Популист, камактагы киши, президент: Адам уурдоо айыбына шектелген Кыргызстандын президенттик шайлоосун жеңди,  New York Times, январь 2021, https://nyti.ms/2LBCM4W

[19] Крис Риклтон,  Кыргызстандын мурунку президентинин уулу Улуу Британияда ак-сөөктөр жашаган жашоосу менен жашап жүрөт, Eurasianet, 2015, https://eurasianet.org/kyrgyzstans-former-first-son-living-the-high-life-in-uk-report; Ошондой эле, Global Witness, март-2015, Суррей графствосундагы заңгыраган үй күмөндүү караажаттарды бекитүүдө колдонулган, аттуу ишке кайрылсаңыздар болот,  https://www.globalwitness.org/en/reports/surrey-mansion-used-hide-suspect-funds/

[20] Кьяра Пиербон менен болгон интервью, январь 2021.

[21] Пол Стано, Кыргыз Республикасы:  Саясий системанын келечегин аныктаган референдум жана президенттик шайлоолор боюнча пресс-катчынын билдирүүсү, Европанын Тышкы иштер боюнча кызматы (European External Action Service), январь 2021,

[22] АКШ өкүлчүлүгүнүн 2021-жылдагы Президенттик шайлолоор боюнча билдирүүсү, январь 2021, https://kg.usembassy.gov/u-s-embassy-statement-on-2021-kyrgyz-presidential-elections/

[23] Доктор Шаирбек Жураев менен болгон интервью, январь 2021.

[24] Вячеслав Половинко,  Эркиндик, теңдик жана “доскелер”: Кыргызстандын президенти кызматынан кетүү менен жергиликтүү кылмыштуу топторго бийликке жол ачып берди, Новая газета, октябрь 2020, https://novayagazeta.ru/articles/2020/10/15/87529-svoboda-ravenstvo-bratva

[25] Нива Цзы Яу менен болгон интервью, январь 2021.

Footnotes
    Related Articles

     Join our mailing list 

    Keep informed about events, articles & latest publications from Foreign Policy Centre

    JOIN