Көөн айныгыча коррупция менен күрөштү жүргүзүү
Кылымдын бир чейрегинен ашуун бир катар кыргыз саясатчылары алдап, Батыш мамлекеттердин колдоосун алууга күн мурунтан убада алуу максатында демократияны идеологиялык оюн катары колдонуп келе жатышат. Ошол эле убакта, коррупция менен клептократия өлкөнү башкарып жаткан элиталар демократияны камсыздоого убадаларын бергендей эле бир ылдамдыкта өсүп жаткан. Кыргызстан эгемендик алган маалдан тарта мамлекетти башкарууга келген президенттердин көбүнө коррупция боюнча айыбы тагылганына карабастан, он жылдар бою токтобой коррупция менен жүргузүлгөн күрөш эч кандай жыйынтыктарды алып келген эмес.
Кыргызстан бир нече эл аралык уюмдарга мүчө болуп киргенине жана бир катар макулдашууларын (2005-жылы БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясы, Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюмунун Стамбулдагы коррупцияга каршы иш-аракеттердин планы, 2007-жылкы Өндүрүүчү тармактардагы ачык-айкындык демилгеси, жана ошол эле 2017-жылы Ачык өкмөт өнөктөштүгүнө мүчө болуп кирген) ратификациялаганына карабастан, Кыргызстан дагы деле коррупцияланган мамлекеттердин тизмесинде эң жогорку саптарда жайгашып турат (Transparency International аттуу(“Трэнспэрэнси интернэшнал” – “эл-аралык ачык-айкын”) Коррупцияны кабылдоо Индекси уюму 2020-жылга ылайык Кыргызстанды 180 мамлекеттин ичинен 124-орунга жайгаштырган. 100 баллдык система боюнча баалаганда, Кыргызстан 31 баллга гана ээ боло алмак).[1] Эл аралык коом ар дайым эле кыргыз саясатчылар тарабынан демократияны орнотуу боюнча убадалар менен үмүттөндүрүлүп, коррупция менен күрөшүүгө кредиттерин мурунтан бери берип, учурда деле кредиттер менен камсыздоосун улантып, өздөрү туура деп эсептеген институционалдык кеңештерин сунуштоодо. Бирок, буга карабастан коррупция Кыргызстанда туруктуу бир “өзгөрбөс чоңдук” бойдон калууда.
ҮМҮТ-2020 деген элдик кыймылы коррупцияланган саясий элиталарга, клептократияга жана жердешчиликке каршы багытталып, 2019-жылдын жай мезгилинде Кыргызстанда колдонмо демократиянын кийинки өнүгүшү менен анын ачык-айкындыгын талап кылган. Элдик кыймыл саясий аренаны бир катар видео-иликтөөлөр менен толтурган. Натыйжада, күчтүү “вирустук” эффектине кабылып, саясий репрессияларга карабастан элди ойготууга жарап, бул иш-аракеттердин туу чокусу УКМК кызматкерлеринин активисттерди аңдуусу, менин жолдошумдун Кыргызстан менен Казакстандын жашыруун полициясы тарабынан уюштурулган мыйзамсыз негизде камалышы болгон. Жыйынтыгында, Үмүт-2020 кыймылынын активдүүлүгүнөн өч алуу максатында жолдошум дээрлик бир жыл түрмөдө отуруп чыккан. Үмүт-2020 кыймылынын Матраимовдорго каршы жүргүзүлгөн кампаниясынын мисалында саясий процесстерге жүргүзулгөн талдоо талаштуу маселелерди белгилеген. Алар учурлардын көбүндө көңүлдүн сыртында калып, Кыргызстан соттогу адилеттүүлүктү калыбына келтирүү менен туруктуулугунда ийгиликтүү жыйынтыктарды көргүсү келсе, бул талаштуу маселелерди эске алуу керек.
Эркин Европа Радиосу/Эркиндик Радиосунун кыргыз кызматы (RFE/RL), Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту баяндоо долбоору (OCCRP) жана Kloop борбору 2019-жылдын май айында иликтөө макаласын жарыялашкан. Бул макалада 2019-жылдын май айында Кыргызстандан чыккан “кир” акчаларын чыгаруу үчүн түзулгөн мыйзамдуу финансалык системасына жеткиликтүүлүктү камсыздап берген жана бул “кир” акчаларды мыйзамдаштырууга өбөлгө түзгөн Кыргызстандагы эң ири масштабдагы коррупциялык схемалары ачыктап берилген (Тиркеме 1: “700 миллион АКШ доллар менен жүргөн адам”). Үмүт-2020 бул биргеликте жүргүзулгөн иликтөөдө сунушталган маалыматка укуктук баа берүүсүн бийликтегилерден талап кылган. Бул иликтөөнүн алкагында жашыруун түрдө мыйзамсыз акча табуу жагынан бажы системасынан ашып түшкөн Матраимовго карата өзү жетектеген аткезчилик боюнча айыптоолор ачыкка чыккан. Бул тема боюнча өкмөттүн жана коомдун үн катуусуна же кандайдыр бир түшүндүрмө берүү талаптарына карабастан Кыргызстандын бийлиги Матраимов боюнча иликтөөгө коюлган талаптарга жооп кайтарбоону чечкен. Биийликке кайрылуунун мүмкүн болгон бардык мыйзамдуу жолдорун жана амалдарын колдонуп, эч кандай жыйынтыкка келе албагандан кийин Үмүт-2020 кыймылы Бишкекте 2019-жылы декабрда жана ноябрда болуп өткөн тынч нааразычылык акцияларына катышуу менен өз кампаниясын улантууну чечкен.
Акырында, Жээнбековдун бийлиги кулаган соң орун алган шор окуялардан кийин гана коррупция боюнча жүргүзүлгөн тергөө ишинин алкагында 2020-жылдын октябрь айында кыргыз бийлиги мурунку президент Жээнбековдун санаалашын, Матраимовду камаккка алышкан. Бирок, ошол эле күнү Матраимов өзүнүн кылмыш иштерин жасагандан улам мамлекетке келтирилген зыянды калыбына келтирүү убадасын бергендиктен боштондукка чыккан. Коомдун нааразычылыгы пайда болгондуктан Матраимовду камоо боюнча жасалган экинчи иш-аракети сот тарабынан эки айга камакка алынышы менен аяктаган.
Матраимов боюнча тергөө иши мамлекетти көп жылдар бою кучагына бөлөп келген Кыргызстандагы коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөшү оңунан чыкпай калганын чагылдырууда. Бул көрүнүш сандык көрсөткүч боюнча акыркы жылдары Кыргызстандагы көмүскө экономиканын көлөмү орто эсеп менен алганда 23,6%дан 53,5%га чейин жеткен.[2] SHADOW долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн акыркы изилдөөгө ылайык, 2018-жылы Кыргызстандагы көмүскө экономиканын деңгээли ИДПнын 42 пайызын түзгөн.[3]
Аткезчилик көмүскө экономиканын эң ири бөлүгү катары эсептелүүдө. Акыркы жылдары кытайлык ЖМКлардан алынган маалыматтарга ылайык, Кыргызстан жылына кытай экспортунан 5,5 миллиард доллар көлөмүндө пайда көрүүдө. Бирок, Кыргызстандын статистикасы боюнча Кытайдан келген импорттун расмий көлөмү 1,9 миллиард АКШ долларды түзгөн. Ортодо болгон 3,6 миллиард АКШ доллар түзгөн айырмачылыгы бул өтө эле чоң көлөм.[4] Коңшу өлкө, Казакстан дагы Кыргызстандын бажыдагы статистикасы ишенимдүү эмес экендиги тууралуу билдирүү жасаган.[5] Бардык өнүгүп келе жаткан мамлекеттердегидей эле, мындай кырдаал Кыргызстанда адилеттүү коомду курууга болгон мүмкүнчүлүктөрдүн төмөндөгөнү тууралуу жетиштүү түрдө кабар берүүдө.
Биз көрүп жаткан демократия чыныгыбы же “жасалмабы”?
Элдин көбү үй-бүлөсүн багуу үчүн аларды таштап, Орусияга кеткен маалда, мамлекеттин каражаттарын уурдап, өздөрүнүн үй-бүлөлөрүнө жана жердештерине мыйзамсыз жол аркылуу байуу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн түзүп берген Кыргызстанды башкарып жаткан элиталарды чет мамлекеттик жардамдын жана инвестициялардын милллиарддаган АКШ доллар каражаттары болуп көрбөгөндөй байыткан.
Демократия бир гана кыргыз саясий элиталар тарабынан “барымтага” алынып, арзан баада колдонулбастан, уурдоону улантуу менен демократиялык өнөктөштөрдөн финансалык жардамды алуу максатында мамлекетти иштетүү абдан эле ыңгайлуу абал экенин тез эле түшүнүшкөн, анткени калктын жарымы эле чет мамлекеттерде эмгек мигранттар катары иштеп, үй-бүлөлөрүнүн тамак-ашын камсыздоо үчүн акчаларын Кыргызстанга жөнөтүү менен алек болуп жүрүшкөн. Батыш мамлекеттердин алдында өздөрүн туура көз карашта көрсөтүп, “демократ” деп атоо гана керек болгон кезде, экономиканы көтөрүүгө, жумуш орундарын түзүүгө жана жарандардын жашоосу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылчылыгы жокко чыгып калгандай эле.
Эл аралык илимий коомчулуктун назарынан таң калыштуу түрдө сыртында калып калган саясий илимдеринин изилдөөчүсү, Алымбек Биялинов демократизациянын үстүртөн гана жүргүзүлгөн, б.а. кыргызча варианты тууралуу алдын ала айтып чыккан. Ал бул процессти башкаруунун учурда иштеп жаткан советтик системасын “боёоо” катары мүнөздөп, эркин рыноктун институттары сымал маңызы жок болгон демократиялык институттардын төмөнкү деңгээлде иштеткенин кошумча кылып белгилеген.[6] Абдан көп учурларда демократияга өтүү процесси иштеп жаткан министрликтер менен ведомстволордун аталыштарынын тактачаларына жасалган өзгөрүүлөрү менен гана чектелип, бираз гана теришитирүүгө келгенде чыныгы базар экономикасына өтүүсүнө болгон тиешеси өтө аз экендиги ачык-айкын көрүнүүдө.
Жасалма демократизацияны жамынганы менен, Кыргызстан дагы деле борборлоштурулган башкаруунун жоюлуп бараткан советтик системасынын закым сыяктуу болгон институттары менен калган. Башкаруунун советтик системасында мамлекет экономика менен жарандардын жашоосун катуу көзөмөлгө алып, соттор менен укук коргоо органдарын өзүнүн колунда жазалоо органдарга айландырып, жарандардын укуктарын коргоонун ордуна алардын жашоолоруна ырахат менен балта чапкан учурлары норма катары эсептелген. Мамлекеттик башкаруунун аппараты менчикти басып алуу менен акчаны опузалоо максатында жеке ишканалардын ишмердүүлүгүнө кийлигишет. Жада калса, бүгүнкү күнгө чейин биздин мамлекеттик органдар жеке менчиктин укуктарынын кол тийбестигин таануудан баш тартып жатышат.
Жакын арада эле 2020-жылдын октябрдагы окуяларда саясий толкундоо орун алып, жыйынтыгында экс-президент Жээнбековдун бийлигинин кулашына алып келип, “Нью-Йорк Таймс” гезити жумшартылган түрдө “мурунку камактагы адам” деп сыпаттаган Садыр Жапаров шайланган президенттик кызматына көтөрүлгөн.[7] Менин күйөөмдүн абакка киргизилгенден кийин кыргыз сот системасынын кандай экенин билип, бул өлкөдө ар бирөөбүз адам укуктарынын корголушун күтпөй, адилеттүү сотсуз камалып кетүүбүздүн тобокели жогору. Бул өзгөрүүлөрдүн бардыгына эмне түрткү берди? Көпчүлүк аны популист деп атоого шашкан элдин арасынан ким аны түрмөдөн чыгарып, такка алып келип отургузуп койду? Кыргыздардын арасында калп эле демократтар деп эсептелгендер өздөрү билбестен, өздөрүнүн айыбын өздөрү ачып, натыйжада саясий таасирин колунан жоготуусуна өздөрү себеп болушу мүмкүнбү?
Демократия деген түшүнүк Кыргызстанда өз “жылтырагынан” айрылып, “шылдың келеке” деген сөз менен шайкеш келип, биздин жакырчылыкка баткан эл үчүн өзүнүн негизги мааниси менен маңызын жоготкон сөзгө айланып калган. Балдар үйүндө тарбияланып, өсүп келе жаткан балдардай эле, кыргыз өкмөтү бул дүйнөдө бир жетишкендиктерге жетүү үчүн эч кандай керектүү жөндөмдөргө үйрөнө алган эмес, себеби жөн гана башкаларга ишенүүгө көнүп калган. Эгерде мурун бир гана Москвадан кайыр сурап жүрсөк, эми болсо жардам үчүн болгон өлкөлөрдөн баардыгына кайрылып жүрөбүз. Биздин саясатчылардын өзүнүн жоопкерчиликтерин өз мойнуна алуу жагынан эч нерсе өзгөрбөгөн бойдон калган.
Эмне себептен “жасалма” демократия авторитаризмден дагы кооптуу болуп чыкты? Мындай “жасалма” демократия ири же сапаты жагынан жогорку деңгээлдеги демократияга жол бербестен, тескерисинче авторитаризмге шарт тузүп берген. Акырында, демократиянын “жылтырагы” оңой жана тез алынышы менен керек болгондо башка нерсе менен “боёп” коюуга мүмкүн болгон. Эл аралык өнөктөштөрдүн койгон үмүттөрүнө карабастан, “жасалма” демократия бара бара чыныгы демократияга айланган эмес. Буну акыркы шайлоолордон элдин жасаган тандоосунан байкоого мүмкүн, себеби аны менен бирге мамлекет артка кетүүнү кубаныч менен тандап, кыргыз жеринде демократиянын “уруктарынын” өсүп-өркүндөөсүнө жолтоо болгонун талдоо жүргүзгөндө билинет.
Албетте, толук залимдерге караганда калп болсо да демократтар менен иш алып баруу алда канча жагымдууураак. Жада калса арасынан кээ бирлери англис тилин үйрөнүп, өздөрүнүн рахаты үчүн жагымдуу нерселерди айтууга да үйрөнушкөн. Булар көбүнчө мурунку мамлекеттик кызматкерлердин балдары экенин унутпоо керек (мага окшогон), анткени алар Советтер Союзу тарагандан кийин чет мамлекеттерде билим алуу менен биринчилерден болуп пайда көрүшкөн. Чет мамлекеттерден мекенине кайтып келип, өздөрүнүн тааныш-билиштерин, досторун, тууган-уруктарын эл аралык уюмдарга орноштуруп, кайсыл жергиликтүү уюмдарга каржылоонун бөлүнүүсүн же бөлүнбөстүгүн чечүү менен эл аралык уюмдарда иштеген жергиликтүү кызматкерлердин өз алдынча “мафиясын” түзүшкөн. Дүйнөнүн өнүгүп келе жаткан мамлекеттерине демократиянын жаркыраган шам чырагын алып келе жатат деп төшүн каккан Батыштагы штаб-квартиралардын башкармалыктары тарабынан эл аралык уюмдардын жогоруда айтылган мүчөлөрү белгисиз бир себептер боюнча эч качан сынга алынган эмес.
Тилекке каршы, англис тилин билүүсү адамды мыкты инсан, мыкты адис же мыкты демократ кылбайт. “Жасалма” демократия Конституция тарабынан камсыздалган укуктардын маанилүүлүгүн жокко чыгарып, калп эле өздөрүн “демократтар” деп эсептеген лидерлер демократиялык баалуулуктарын туура эмес колдонгондуктан чыныгы демкратиянынын кадырын кетирип, аны орнотууда толук кандуу каатчылыка алып келүүсү Кыргызстандын 2020-жылы октябрдагы болгон окуяларда чагылдырылган.
Кыргыз эли башынан биринчи жолу кечирген “демократиялык принциптери” жасалма жана иреетсиз болуп, бир гана элиталар менен алардын жакындарына пайдасын тийгизгенине байланыштуу, элдин көбү чындыкты болгону болгондой эле кабыл алууну кааламак. Буга мисал катары жогоруда айтылган эле учурду алып карасак болот, ал жерде көпчүлүк демократиялык принциптер көп аралашпаган жана башкаруунун көбүрөөк борборлоштурулган системасын тандашкан.
Жасалма демократиянын элге тийгизген таасири адамдын организминин сапаты начар болгон антибиотиктерге көрсөткөн реакциясы сымал болуп, көп колдонгон учурда организмдин аларга көнүп кетүүсүнө алып келип, аыйктыруу процессинен толугу менен баш тартууга туура келип калышы ыктымал. Бул абал өзгөчө кескин кырдаалдарда антибиотиктерге калыптанып калган кооптуу туруштук көпчүлүк убакта өлүмдү алдын алууга себепчи болуп, саясий иштердин “жасалма көбүгү” жарылганга чейин, б.а. жасалма демократия же сапатсыз демократия паракорчулук, жердешчилик менен тууганчылктын “инфекциясын” жаап жашырып келген. Антибиотиктерге калыптанып калган туруштук өлүмдөрдүн алдын ала билчү себептерден болгон кырдаал өзгөчө курч абалдарда кооптуу, б.а. саясий иштердин “жасалма көбүгү” жарылганга чейин “жасалма” демократия же демократиянын төмөнкү принциптери паракорчулук, жердешчилик менен тууганчылыктын “инфекциясын” жаап жашырып келген. Демек, саясий системанын үстүнө конгон демократиянын “сыйкырдуу тамчысы” ал системаны “сыйкырдуу арабага” айланта албасы эми тушүнүктүү болду.
Маңызы жок жана алсыз болгон институттары “жасалма” демократиянын жетекчилеринин колдоруна ишеним менен берилип, жана институттарда паракорчулук кенен өркүндөп жатса, анда иш-жүзүнө ашыруу максатында ошолордун эле колуна түшүүчү коррупцияга, клептократияга каршы багытталган деталдуу иштелип чыккан пландардын, программалардын жана стратегиялардын пайдасы кандай?
Жасалма демократиянын лидерлеринен колдоону көргөн трансулуттук кылмыштуу уюмдар мамлекеттик чек-араларда баңгизат жана аткезчилик менен соода жүргүзүү аркылуу өркүндөөсүн улантып келүүдө. Бул көрүнүш коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөш “көргөзмө” мүнөзгө ээ болгондугун жана саясий себептер менен негизделгенин ачык айкын көрсөтүүдө.
Бүтүндөй дүйнө жүзүнүн көзүнүн алдында кичинекей жана кедей Кыргызстан дагы бир ирээт адилетсиздикке чакырык таштады. Бирок, кандай жыйынытыктын эсебинен жана кандай баада? Кыргызстандагы окуялар мамлекеттеги демократия калыбына келер же келбестигин, авторитардык бийликке өтөөр/өтпөстүгүн жана исламдаштыруу жолуна түшөр/түшпөстүгүн келе жаткан бир нече жылдын ичинде ырастайт. Жаңы бийликтин коррупцияга каршы жүргүзүүчү күрөшүнө болгон чечкиндүүлүгү өлкөдөгү чыныгы өзгөрүүлөрүнө алып келерин же келбеерин дагы аныктоо керек.
Ширин Айтматова Кыргызстандын парламентинин мурунку мүчөсү, жана “Үмүт-2020” аттуу коррупцияга каршы багытталган элдик кыймылынын жетекчиси. Айтматова RFE/RL, Kloop.kg, Bellingcat жана The Guardian уюмдары менен иштешкен изилдөөчү жана полемист болгон. Мыйзам чыгаруучу жана активист катары анын “иконоборческий” деп аталган саясий ишмердүүлүгү Кыргызстанды бир нече ирээт чочуткан. Айтматова Даун-Хаус мектебинде, кийин Брин-Мор колледжинде жана Сара Лоуренс атындагы жаңы мектеп менен колледжинде билим алган. Учурда, ал Борбордук Азияда эң белгилүү жазуучунун кызы болуп чоңойгонун, заманбап кыргыз саясатында ал ойногон чечүүчү ролу жана Үмүт-2020 кыймылынын жетектөө тарыхында жаңы баракты ачып баштаганын чагылдырган китептин үстүнөн иштеп жатат.
Сүрөт Маттиас Бюлерге (Creative Commons лицензияларынын негизинде) таандык.
[1] Бириккен Улуттар Уюму: Баңгизат менен кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Кол коюу менен ратификациянын статусу, февраль 2020, https://www.unodc.org/unodc/en/corruption/ratification-status.html; Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюму (OECD), CAN – Чыгыш Европа менен Борбордук Азия үчүн коррупцияга каршы тармагы, Стамбулдагы коррупцияга каршы иш-аракеттердин планы: Мониторингдин үчүнчү айлампасы – Кыргызстан – жүргүзүлүп жаткан иш боюнча жаңыланган маалымат, сентябрь 2017, https://www.oecd.org/corruption/acn/OECD-ACN-Kyrgyzstan-Progress-Update-September-2017-ENG.pdf; EITI, Кыргыз Республикасы, https://eiti.org/kyrgyz-republic; Ачык Өкмөт өнөктөштүгү, Кыргыз Республикасы – 2017-жылдан тарта мүчө болуп кирди – Иш-аракеттердин 1.планы, https://www.opengovpartnership.org/members/kyrgyz-republic/; Транспарэнси Интернэшнал (Transparency International), Коррупцияга каршы багытталган Кыргызстан боюнча Transparency International уюмунун изилдөө борбору, https://www.transparency.org/en/countries/kyrgyzstan
[2] Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети, Кыргыз Республикасында көзөмөлгө алынбаган экономиканын динамикасы жана параметрлер, апрель 2019, http://www.stat.kg/ru/news/dinamika-i-parametry-nenablyudaemoj-ekonomiki-v-kyrgyzskoj-respublike/; Ивалло Изворски жана башкалар, Кыргыз Республикасы: Өлкөлөр боюнча экономикалык Меморандум, Дүйнөлүк банкты тобу 2020, http://documents1.worldbank.org/curated/en/679681585289928309/pdf/Main-Report.pdf
[3] Эл аралык ишкерлик боюнча Кеңешменин мүчөлөрүнүн жаңылыктары (IBC Members’ News), Эл аралык SHADOW долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн изилдөөнүн Бишкекте сунушталган жыйынтыктары, декабрь 2020, http://ibc.kg/en/news/members/4807_results_of_a_research_of_the_international_shadow_project_presented_in_bishkek
[4] Ири Европанын архивдери (Greater Europe Archives), http://greater-europe.org/archives/7725
[5] Иван Зуенко, Евразиялык ажырым (разрыв): Экономикалык биримдиктен утушта жана утулушта болгондор, Москвадагы Корнеги Борбору, ноябрь 2016, https://carnegie.ru/commentary/?fa=65114
[6] Алымбек Биялиновдун Акипресстин пикири тууралуу ою, http://mnenie.akipress.org/find/?query=Алымбек%20биялинов&place=crosstop
[7] Эндрю Хиггинс, Адамды уурдоого шектелген саясатчы Кыргызстандын өкмөтүн башкаруу кызматына шайланды, The New York Times, октябрь 2020, https://www.nytimes.com/2020/10/10/world/asia/kidnapper-kyrgyzstan-prime-minister.html