Кыскача мазмуну
Кыргыз Республикасы эгемендикке жеткенине 20 жылдан ашып өттү. Ал убакта Кыргызстан Борбордук Азиянын “Швейцариясына” айлануу жана өлкөнү жаңы мүмкүнчүлүктөр үчүн ачуу деген амбициялык программасына ээ болуп, базар экономикасын кабыл алып, адам укуктарына сый мамиле жасоо менен сакталышын камсыздаган чыныгы демократияны курууга умтулган. Бирок, бул баштапкы максаттарга карабастан, адам укуктарынын корголушуна таасирин тийгизип жана жогоруда белгиленген максаттардын иш-жүзүнө ашпай калган тенденцияларды аныктаган үч негизги фактордун айынан чыныгы жана маанилүү реформалар жүргүзүлгөн эмес. Бул үч фактор төмөнкүдөй болгон: бардык жерде сиңген коррупция, саясий эрктин жоктугу жана жазасыздыктын маданияты, б.а. мыйзам үстөмдүгүнө баш ийбегендиги жана башка юридикалык процесстердин тартибин бузганы же көңүлгө албаганы үчүн эч кандай чара көрүлбөстүгүн же бул процесстердин тартибин бузган адамга эч нерсе болбостугун камтыган элдин арасындагы ой-жүгүртүүнү айтса болот. Мындай маселелерди чечүү максатында Кыргызстандын өкмөтү жана эл аралык коомчулук Кыргызстандагы элдин, өзгөчө алсыз болгон жана маргиналдашкан катмардын укугун жогорураак деңгээлде коргоо үчүн жолун табууда бири бири менен бир пикирге келүүсү зарыл. Бул “жолго” жардамдын ири пакетин, финансылык насыяларды же техникалык жардамды алуу үчүн Кыргызстандын өкмөтүнө адам укутарынын сакталышын камсыздоосун талап кылган шартты камтыган эреже киргизилиши шарт. Демек, адам укуктардын жаатындагы күн тартиби ар дайым ички саясаттын чордонунда жайгашып, прогрессти баамдоодо же тышкы саясат боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүргүзүлүшүндө негизги максаты болушу керек.
Тарых башталаар алдындагы көйгөйлөр
Кыргызстан деңизге чыгуу жолу жок болгон, Борбордук Азиянын аймагында жайгашып, Казакстандын түштүк тарабы жана батыштан Кытай менен чектелип, Советтер Союзу кулаган соң 1991-жылы көз карандысыздыкка жетип, кичи жер тилкесине ээ болгон бир мамлекет.[1] Кыргызстанда жашаган калкы 6 миллиондон бираз гана ашкан санга тете болуп, көпчүлүгү аймактардын тургундары болуп, калктын жалпы санынан 32%ды жакырчылыкта жашаган эл түзгөн.[2]
Кыргызстан эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдарында ар дайым Борбордук Азиянын “Швейцариясы” деп аталып, эл аралык коомчулуктун өлкөгө жана өлкөнүн бул аймакта “демократиянын аралчасына” айланып калуу потенциалына чоң үмүттө болгондугу чагылдырылган.[3] Кыргызстан көптөгөн эл аралык уюмдарга мүчө болуп кирип, адам укуктары боюнча негизги конвенцияларын ратификациялаган.[4] Мисалы, 1992-жылы Кыргызстан Дүйнөлүк Банктын мүчөлүгүнө кирген, 1994-жылы Орто Азия мамлекеттеринин арасында биринчи болуп Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулса, 1998-жылы мурунку советтик республикалардын ичинен алгач болуп Бүткүл дүйнөлүк соода уюумуна мүчө болуп кирген.[5]
Демократиялык өлкөгө айлануу үчүн Кыргызстан мындай кадамдарды жасаса дагы, көп жылдар бою Кыргызстан өкмөтү өзүнүн демократия боюнча берген убадаларына турбай, адам укуктарына сый мамилени курууга, аларга өбөлгө түзгөнү же алардын сакталышына эч кандай аракет жасаган эмес. Freedom House уюмунун “Дүйнө жүзү боюнча эркиндик” аттуу баяндамасында, Кыргызстан жарым жартылай гана эркин мамлекет катары таанылып, 100 балл боюнча 38 баллга гана ээ боло алган.[6] Мамлекет жергиликтүү коррупция менен күрөштү жүргүзүп, Transparency International (“Трэнспэрэнси интернэшнал” – “эл-аралык ачык-айкын”) Коррупцияны кабылдоо Индекси уюму 180 өлкөнүн ичинен Кыргызстанды 126-орунга жайгаштырган.[7] Мыйзам үстөмдүк жаатындагы реформалар туюкка кептелип, Кыргызстанда Адилеттүүлүк боюнча дүйнөлүк долбоордун мыйзам үстөмдүгүнүн индексинин көрсөткүчү 0,48 түзүп же 128 өлкөнүн арасында 87-орунду ээлеген; соттук системасынын көз карандысыздыгы 7 баллдан 3 баллга баамдалып, 2019-жылдын Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн индексинде 141 орундан 106-орунга жайгаштырылган. Ошентип, Кыргызстандын адам укуктары жаатында жалпы абалы начарлап жатат.[8]
Кыргызстандын жетекчилери реформалар менен адам укуктарынан артка кетип жана кайра аларга кайтып келген кейиштүү таанымал айлампасына туш болушкан. Алгачкы президент, Аскар Акаев 1991-жылы шайланган. Башынан эле ал өзүн реформатор жана токтоо мүнөздөгү лидер катары көрсөткөн.[9] Бирок, өз кызматында иштеген акыркы жылдардын ичинде оппозициянын мүчөлөрүнө басым жасоо менен авторитардык башчыга айланып, өзүнүн үй-бүлөсү менен туугандарына жергиликтүү ресурстарына колдорун чыканагына чейин малып алууга уруксат берип жатып коррупцияланган жетекчиге айланып, анын коррупциялык схемаларында басымдуулукту жасай билген эл аралык жана жергиликтүү эрежелерди күчүнөн чыгарууга көбүрөөк даяр болуп калгандай эле.[10] Анын мындай кадамдары 2005-жылдын март айында орун алган “Жоогазын революциясына” алып келип, аягында Акаев төңкөрүштөн бир ай өткөн соң кызматынан кеткен.[11] Экинчи президент, Курманбек Бакиев 2005-жылдын июль айында президенттик кызматына шайланган. Анын баштапкы ак-көңүлдүгүнө карабастан, анын президенттик маалы төмөнкүдөй кайгылуу маселелер менен коштолгон: өлкө экономикасынын кыйрашы, кылмышкерлер менен болгон байланыштар жана парламенттин (Жогорку Кеңештин) бир нече мүчөлөрүнүн өлтүрүүлөрү, коррупция, кирешелүү бизнес үчүн анын үй-бүлөсүнүн жүргүзгөн күрөшү.[12] 2010-жылы болгон кийинки төңкөрүш Бакиевди куугунтукка салып, президенттин убактылуу милдеттерин аткаруучу кызматында Роза Отумбаеванын кыска мөөнөтү аяктаган соң, 2011-жылы декабрь айында акыры бийликке Алмазбек Атамбаев келген. Атамбаевдин президенттик маалы да көйгөйлүү жана тынч эмес болгон. Анын президенттик 6-жылдык мөөнөтүндө кээ бир реформалар жасалып, Баш мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе да, көптөгөн коррупциялык иштерге тиешелүү болуп, алардын ичинде муниципалдык мүлктү мыйзамсыз жол аркылуу менчиктиштирүүсүнөн баштап инфратүзүмдүк долбоорлордон каражаттарды уурдоого чейин кирген.[13] 2017-жылдын ноябрь айында жаңы шайланып жаткан президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдө бийлик демократиялык жол аркылуу өткөрүп берилип жаткан мезгилде бул жогорку кызматка келген. Бирок, Сооронбай Жээнбековдун президенттиги көпкө узабай, 2020-жылы күмөндүү парламенттик шайлоолордон кийин дагы бир элдик көтөрүлүштүн жыйынтыгында кызматынан кетирилип, бул көтөрүлуштү башка байкоочулар мамлекеттик төңкөрүш деп аташкан.[14] Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун администрациясы адам укуктарынын жаатында күн тартибине канчалык деңгээлде колдоо көрсөтөөрү тууралуу бир нерсе деп айтууга али эрте болсо да, ал жана анын тарапташтары бийликке жетүү үчүн колдонуп жаткан ыкмалары тынчсызданууну жаратууда.
Бул убакыттын ичинде адам укуктарынын жаатында жалпы абал начарлаган – аярлуу топтордун, азчылык топтордун, аялдардын жана маргиналдашып калгандардын укуктары сакталбаган бойдон калууда; кыйноолордун практикасы кеңири жайылган; укук коргоочулар, журналисттер жана адвокаттар куугунтукка кабылып, жарандык коомчулуктун ишмердүүлүгүн жүргүзүү шарттары барган сайын татаалдашып жатат.[15] Адам укуктары жаатында абалды жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөр мыйзамга киргизилгенине карабастан, коомдогу гендердик теңсиздик менен кыздардын жана аялдардын укуктарынын бузулушу барган сайын күчөөдө.[16] Аялдарга багытталган зомбулук “кеңири жайылган” кубулуш болуп, аялдар жана кыздар “үй-бүлөдөгү зомбулукка, ала-качууга, кишилерди сатууга, бой жете элек кезде никеге мажбурлап тургузууга жана физикалык зомбулукка” көбүрөөк кабылып, бул мыйзам бузууларга чара көрүү үчүн адилеттүүлүккө болгон жеткиликтүүлүк чектелген эле.[17] Ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар коомчулукка толугу менен аралашпай, дагы деле басмырлоого учурап жатышат.[18] Бул кырдаал медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү, саясатты иштеп чыгуу менен майыптардын маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу процесси сыяктуу саясий ишмердүүлүккө катышуу жөнүндө сөз болгондо өзгөчө байкалып, БУУнун Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясы 2019-жылы ратификациялангандан кийин бул жаатта абалдын жакшырып кетүүсүнө чоң үмүттөр бар.[19] Азчылыктардын укуктары, өзгөчө 2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө орун алган улуттар аралык жаңжалдан кийин, коомчулук менен өкмөт үчүн кылдаттыкты талап кылган тема болуп турат.[20] Өзбек улутундагы укук коргоочу жана журналист, Азимжан Аскаров кармалып, кыйноолорго кабылып, жогорудагы белгиленген окуялар өткөн соң жоопкерчиликке тартылган.[21] 2016-жылы БУУнун Адам Укуктары боюнча Комитетинин Аскаровду дароо бошотуусун талап кылган чечимине жана эл аралык коомчулук тарабынан жасалган башка көптөгөн пропагандалоо жана кийлигишүү аракеттерине карабастан, Аскаров 2020-жылы 25-июлда түрмөдө жан берген.[22] Укук коргоо органдарындагы кыйноо практикасы акыркы он жылдын ичинде туруктуу негиздеги чындыкка айланып, “үзгүлтүксүз (системалык) мүнөзгө” ээ болгондой.[23] Мисалы, 2019-жылдын биринчи жарым жылында Кыргызстанда кыйноо боюнча 171 арыз келип түшкөн, бул сандын ичинен 11 учуру боюнча гана прокурорлор кылмыш иштерди козгоп, тергешкен.[24] Сексуалдык ориентация менен жыныстык иденттүүлүктүн белгиси боюнча басмырлоо менен жек көрүүчүлүктүн негизинде кылмыштар жана мыйзам бузуулар “коркунучтуу системалык” мүнөзгө ээ болуп, бүгүнкү күнгө чейин уланып келген кезде, ЛГБТ коомчулугуна тиешелүү адам укуктарынын сакталышы оор абалда калууда.[25]
Мындай начар абал башка көптөгөн факторлор менен шартталса дагы, алардын ичинен адам укуктарын сактоодо жана коргоодо тоскоолдукту жараткан негизги, эң маанилуүү болгон үчөөнү белгилөөгө мүмкүн, алар: коррупция, саясий эрктин жоктугу жана жазасыздыктын маданияты, б.а. мыйзам үстөмдүгүнө баш ийбегендиги жана адам укуктарына сый мамиле жасалбагандыгы. Бул факторлор адам укуктарына туздөн түз таасирин тийгизет, себеби бул укуктардын маңызы эң аярлуу болгон жана маргиналдашып калган адамдарды коргоого багытталып, коррупциянын бар болушу жана анын терс кесепеттери аярлуу катмарга кирген адамдарды социалдык колдоо, саламаттык сактоо менен билим берүү сымал негизги мамлекеттик кызматтардан жана укук коргоо органдарга, сотторго жана адвокаттарга болгон жеткиликтүулүк сыяктуу юридикалык кызматтардан ажыратып, ошол адамдарга өз залалын тийгизүүдө.[26]
Коррупция
Мурунку Советтер Союзуна кирген башка мамлекеттердей эле, Кыргызстан акыркы 20 жылдын ичинде дүйнө жүзү боюнча эң эле коррупцияланган өлкө болгон.[27] Коррупцияга каршы көптөгөн мыйзамдар жана демилгелер кабыл алынганына карабастан, бул терс жагдай дагы деле токтобой созулуп келе жатат.[28] Глобалдык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн индексинде (Global Competitiveness Index) Кыргызстан 100 баллдык система боюнча 29 баллдын көрсөткүчүнө ээ болуу менен, мамлекеттин жалпы өнүгүшүндө негизги жана эң эле татаал маселеси болуп коррупция таанылып, жогоруда айтылгандай мыйзам үстөмдүгүн камсыздоодо дагы негизги жолтоо катары паракорчулук эсептелүүдө.[29]
Кыргыз эли коррупциянын кесепеттүү таасирин өзу эле түшүнүп, буга каршы чараны көрүүгө далалатын ишке ашырууда. Өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу суроого жооп бергенде, маанилүүлүгү боюнча саламаттык сактоо (67%) жааты менен экономикадан(52%) кийин эле коррупция (47%) маселесин үчүнчү орунга жайгаштырган.[30] Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту баяндоо долбоору (OCCRP) 2019-жылы июнь айында Кыргызстандагы бажы кызматкерлери өлкөдөн 700 миллион АКШ доллар каражаттарын кандай жол менен чыгарып кеткенин баяндаган “Борбордук Азиядагы тоноочулук жана жан тартуучулук” аттуу отчетун жарыялагандан кийин эл көчөгө нааразылык акцияларына чыгып, бул иштерге шектелгендерди жоопко тартуу талаптарын билдирген.[31] 2020-жылы октябрда OCCRP долбоору коррупция тууралуу “Матраимовдун падышалыгы” деп аталган дагы бир катар иликтөөлөрүн жарыялап, дал октябрда өтө турчу парламенттик шайлоолордун алдында коомчулукту катуу дүрбөтүп, бул шайлоолор өз алдынча добуштарды сатып алуу боюнча олуттуу шектер менен мүнөздөлгөн.[32] Коррупцияга жана Бишкектеги башка саясий окуяларга каршы нааразычылык акциялары мамлекеттин борбор калаасында эмдигиче уланып келүүдө.[33]
Билим берүү, саламаттык сактоо, шаардык коммуналдык чарбачылык сыяктуу коомчулуктун бардык тармактарында коррупциянын сиңип калган мезгилинде сот адилеттүүлүк тармагындагы паракорчулук адам укуктарынын сакталышына жана корголушуна эң чоң залалын тийгизүүдө. Өкмөт адам укуктар жаатында өз мойнуна алган эл аралык милдеттерин аткарууга жана аларды коргоого жөндөмдүү болуп, айыпталуучулар мамлекеттик же мамлекттик эмес субъекттер болгонуна карабай күнөлүүлөрдү жоопко тартуу үчүн бар болгон мыйзам-укуктук системасына ишенүүсү зарыл. Мыйзам-укуктук системасы биринчиден өкмөт үчүн соттук процесстин баштапкы баскычтарында натыйжалуу тергөө иштерин жүргүзүүгө шарт түзуп бериши керек. Экинчиден, прокурорлор ишти сотко жөнөтүү үчүн ишенимдүү жана жетиштүү түрдө болгон далилдердин базасына ээ болгон тергөө иштерин жүргүзүшү керек. Үчүнчүдөн, юридикалык жактан негизделген жана калыс чечимдерди чыгаруу максатында компетенттүү, адилеттүү жана эч бир тарапка жан тартпаган угууларды камсыз кылуу үчүн соттор адилеттүү соттук териштирүүнүн стандарттарын сакташы керек.
Иш-жүзүндө паракорчулуктун түйшүктүү кесепеттери жогоруда белгиленген юридикалык процесстин баскычтарында отчеттуулукка жетүүнү өтө татаал жана көйгөйлүү маселеге айлантат. Коррупциянын айынан укук коргоо органдары өздөрүнүн пайдасыздыгы, кесипкөй эместиги, милдеттеринен кыянаттык менен пайдалануусу жана алсыздыгы менен белгилүү болушкан. Эл өзүнүн туугандарын жергиликтүү эле уруулар менен байланыштуу болгон трайбализмдин жергиликтүү маданияты “жумуштун натыйжасыз аткарылышына алып келген жактоочулукка жана кесипкөй эмес жүрүм-турумга” алып келүүдө.[34] Кээ бир жергиликтүү милиционерлер жергиликтүү бийликтеги кызматкерлердин таасиринин алдында болуп, иш тергөө процесси жүрүп жаткан маалда жан тартпоо милдетин аткарылышынын алдында алсыз болуп калууда.[35] Бир жагынан бардык тармактарга сиңген коррупцияадан улам, экинчи жагынан төмөндө талкуулануучу укуктук маданияттын айынан зомбулукка кабылгандар милиция кызматкерлерине арыздарын каттоого алдырышы дагы көп учурларда кыйнчылыкка жаткан. Мисалы, 2019-жылы үй-булөдөгү кол көтөрүүлөрдүн 9000 учуру катталган. Бунун ичинен 5 456 учуру бийлик тарабынан административдик иштер катары катталса, 784 учур боюнча гана кылмыш иштери козголгон.[36] Укук коргоо органдарындагы паракорлук коррупциянын бир түрү катары тергөө иши менен кылмыш куугунтуктоодон качып кутулуу максатында элдин арасында кеңири кезиккен кубулуш болуп эсептелет.[37] Респонденттер же алардын бир туугандары мурунку жылы милиция кызматкерлерине байланышканда пара берди беле деген суроого 61 пайызы “ооба” деген жоопту берип,бул кырдаал милиция кызматкерлерине пара берүүсү кадымкидей практикага айланганын ачык айкын көрсөттү.[38] Паракордук менен коррупцияга тыюу салган мыйзамдар иштелип чыгарылса дагы, мыйзамдар негизинен көргөзмө мүнөзгө ээ болуп, бул мыйзамдардын иш-жүзөгө ашырылышы тууралуу иштелген толук кандуу механизмдери даярдалган эмес.[39]
Айыпталуучулар укук коргоо органдары тарабынан негизсиз камакка алуу, кыйноо жана кылмыш куугунтугуна кабылган коркутуулары аркылуу опузаланган учурлары дагы кеңири жайылган кубулуш болуп эсептелет.[40] Мисалы, милиция ЛГБТ-коомчулуктун өкүлдөрүнөн жана маргиналдашып калган адамдардан акча өндүрүү максатында аларды куугунтукташат. Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмунун отчетуна караганда, милиция кызматкерлери гейлерди кыйнашып, алардан акча опузалоо менен кызматкерлердин үстүнөн эч кандай доо-арыздын түшпөстүгүн камсыздоо үчүн коркутуу-үркүтүүгө алышкан.[41] Мындай учурлардан жабыр тарткандардан бири, Михаил Кудряшов мыйзам-укуктук негизде коргоону талап кылганда, сот анын ишин тергөөдөн баш тартып, аны менен жазасыздыктын маданиятын өрчүшунө жана отчеттуулуктун тартибин бузууга жол берген.[42]
Мындан сырткары, сотторго иш түшкөндө коррупциядан пайда көрүүгө эч кандай мүмкүнчүлүк жок, себеби соттун чечимдерине байланыштуу акчалай төлөмдөр дүйнө жузү боюнча эң жогору болуп саналат.[43] Соттук системадагы кызматкерлердин төмөн айлык акыларынын жана соттордун дайындалышы саясатташып калгандыгынын айынан соттор жана соттук система коррупция маселесинин алдында алсыз болуп калууда.[44] 2010-жылы Сотторду тандоо боюнча жаңы Кеңеш түзүлүп, Президент менен Парламент тарабынан дайындалчу жергиликтүү, Жогорку жана Конституциялык сотуна талапкерлерди тандоо милдети жүктөлгөн. Кеңештин курамына аткаруу бийликтин өкүлдөрү кирбесе дагы, Кеңештин үчтөн эки бөлүгү парламенттеги саясий партиялардын мүчөлөрүнөн туруп, сотторду дайындоо процесси саясий таасирге байланып калуу коркунучу пайда болгон.[45] Сот бийлиги ошондой эле бийликтин аткаруу бутагынан көз каранды, анткени аткаруу бийлиги бюджеттин бөлүштүрүлүшүнө жооптуу болот.[46]
Сот адилеттүүлүктүн системасында коррупцияны жокко чыгаруу жана реформаларды иш-жүзүнө ашыруу боюнча көптөгөн аракеттер жасалган, бирок чектелген эле жыйынтыкка келе алышкан. 2019-жылы Кыргызстандын өкмөтү донорлордун колдоосу менен жергиликтүү мыйзамдарга бир катар өзгөртүүлөрдү кабыл алып, “репрессивдүү ыкмаларды” жоюу аракетинде жана адам укуктарын дагы да жакшыраак корголушун камсыздоо максатында “жаңы ыкмаларды” иштеп чыгуу далалатын жасаган.[47] Өткөрүлгөн реформалар төмөнкүдөгүдөй багыттарда аткарылган: тергөө иштерин жүргүзүу боюнча ыйгарым укуктарды прокуратурадан сотторго өткөрүп берүү, тергөөчү соттун кызматын негиздөө, сот жараяндардын залдарына жана тергөө бөлмөлөрүнө санариптештирүү менен пробациянын жаңы системасын киргизүү менен бирдиктүү реестрди түзүү.[48] Жакшы жакты көздөй көрүнүктүү өзгөрүүлөрдүн орун алгандыгы тууралуу бир нерсе айтууга азырынча абдан эле эрте.
Чет өлкөлүк донорлор тарабынан колдоо көрсөтүлүп келген башка демилгелерге Европа Биримдигинин мыйзам үстөмдүгүнүн камсыздалышына бөлүнгөн 12,2 миллион евро каражаттарын камтыган программалар кирип, алар иш-жүзүнө 2014-жылдан тарта ашырылып келе жатат. Бул программалар “коррупция менен күрөшүүгө жана сот түзүмдөрүнө ишенимди бекемдеп, ачык-айкындыкты камсыздоо аркылуу соттук администрациясынын натыйжалуулугун” жогорулатууга багытталган.[49] Америка Кошмо Штаттардын эл аралык өнүгүү боюнча агенттиги (USIAD) акыркы жылдырдын ичинде Кыргызстандын соттук системасын колдоо боюнча көптөгөн программаларды ишке ашырып, финансылык жактан дагы колдоо көрсөткөн.[50] Мисалы, 2008-2010 жылдары USAID 16 миллион АКШ долларлык Миң жылдык чакырыктардын Корпорациясынын Босого программасын иш жүзүнө ашырып, бул программа соттук системасындагы реформаларды кубаттап, ошондой эле коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүү үчүн прокуратура органдарына өзгөртүүлөрдүн киргизилишине колдоо көрсөткөн.[51] Мыйзамдуулукту өнүктүрүү боюнча эл аралык уюму (IDLO-International Development Law Organization) аркылуу электрондук түрдө жүргүзүлгөн сот адилеттүүлүгүнүн программасы ЮСАИД уюму каржылаган демилгелеринин бири болуп, www.sot.kg деген жалпы улуттук порталын түзүүгө өбөлгө түзгөн. Бул портал коомчулукка бардык соттук чечимдердин жеткиликтүүлүгүн санариптештирүү жол аркылуу камсыздоо максатында түзулгөн.[52] ЮСАИД каржылаган эң акыркы долбоору 3,2 миллион АКШ долларга бааланган программа болуп, ал “Соттук системасына бийликтин көз карандысыз бир бутагы катары коомчулуктун ишенимин жаратуусуна” багытталган.[53] Мындай демилгелердин баардыгы керек болуп турса дагы, алар ар дайым эле туруктуу боло бербейт жана гранттарга бөлүнгөн каражаттар түгөнгөн соң толук кандуу ишке ашырылбай калат. Жыйынтыгында, жергиликтүү өкмөт узак-мөөнөттүү өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн эч кандай жоопкерчиликти мойнуна албаганынан белги берет.
Саясий эрктин жоктугу
Адам укуктарынын начар сакталганынын экинчи фактору болуп саясий эрктин жок болгондугу эсептелип, бул чечүүчү кызматтарда иштегендердин адам укуктарынын сакталышы боюнча саясий чечимдерди түшүнбөгүндүгүндө, иш жүзүндө укуктарды коргобогондугу менен ишке ашырылгандыгын камсыздабаганында билинет.[54] Кыргызстандын мурунку президенттери, Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков жана алардын администрациялары керектүү болгон саясий эркине ээ болбой, адам укуктарынын жетиштүү деңгээлде сакталышын камсыздоо максатында керектелген реформаларды жүргүзө алган эмес. Саясий эрктин жоктугунун себептери көп түрдүү жана татаал келет, бирок булардын арасынан коррупция, жеке максаттарды көздөп кызматынан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыш дүйнө менен болгон байланыштар жана коррупцияланган жеке пландары бул себептердин тизмегинде алгачкы орундарды ээлегендей.
Кыргызстандын алгачкы президенти, Аскар Акаев мыйзам үстөмдүгүнө эбегейсиз маани берилген жаңы демократиялык жана көз карандысыз мамлекетти куруу боюнча амбициялык пландарын ачык элдин алдында билдирип жаткан маалда, анын мамлекетти башкарып турган мезгили адам укуктарынын жаатындагы программалардын, пландардын, жүргүзгөн саясаттын, каржылоонун жана көрсөтүлгөн колдоонун чектелген даражасы менен мүнөздөлгөн. Аймактардын губернаторлук маанилуү кызматтарында “эски гвардиясын” сактап калууга жана бийликтин башка жогорку эшелондорун тыгыз тууган-уруктук байланыштар менен толтурууга багытталган Акаевдин кадрдык саясаты реформаларга жолтоо болгон, себеби бул жетекчилер аймактарда жаңы саясатты түшүнбөй иш жүзүндө жүргүзүшкөн эмес. Аны менен Акаевдин администрациясынын реформаларга болгон бектиги ийгиликсиздикке дуушар болоору кепилденген.[55]
Бакиев бийликке келеери менен анын үй-бүлөсү жана туугандары бийликти басып алуу, кылмыштуулук менен күрөш жүргүзүү жана кирешелүү контракттар менен бизнести тартып алуу менен алек болуп баштаганда, адам укуктардын жаатындагы күн тартиби экинчи иретте туруп калган. Андан кийинки эки президент Атамбаев менен Жээнбеков ошого окшогон эле жолду басып, алардын администрациялары конкреттүү маселелерди чечүү үчүн керектелген саясий чечимдер тууралуу эч кандай түшүнүк менен ойлорго ээ болбой, кандайдыр бир реформаларды жүргүзүүгө эч кандай умтулуулары жоктой эле.[56] Жогоруда айтылгандай жасалган мамиле албетте реформаларды жүргүзүү процессин бузуп, коомчулукка багытталган негизги мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого керек болгон саясий эрктин жок болгондугун ачык эле чагылдырган.
Элдин “укуктук менталитети” – жазасыздыктын маданияты жана элдин мыйзам үстөмдүгүнө баш ийбегендиги
Адам укуктарынын сакталбаганына себеп болгон үчүнчү фактор катары элдин “укуктук менталитетин” айтууга мүмкүн, б.а. жазасыздыктын маданияты жана мыйзам үстөмдүгүнө баш ийбегендиги менен анын түшүнүгү тууралуу кабардардыктын төмөнкү деңгээли.[57] Эгерде эл адам укуктарын коргогон мыйзамдарга ишенбесе, алардын күчүнөн күмөн санаса жана аларды бузганы үчүн эч кандай жоопкерчилик көрүлгөн эмес деген ойдо болсо, албетте адам укуктарынын сакталышын камсыздаган мыйзамдар иш жүзүндө иштебей, ал мыйзамдар аткарылбаган бойдон калат. Натыйжада, элдин мындай ойлору кайдыгер мамилени жаратып, жарандар менен мамлекеттик кызматкерлердин дагы мыйзамдын бузулушу норма катары эсептелген жүрүм-турумдарына алып келет.
Мыйзам үстөмдүгүнүн маданияты иш-жүзүндө татаал жана көп тараптуу түшүнүк болгондуктан, бул тема боюнча көптөгөн кенен маалымат булактары, адабияттар жана нускамалар бар.[58] Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгүнө сый мамиленин төмөңкү деңгээли советтердин доорунда түптөлүп, ал кезде ачык-айкындык, тең укуктуулук жана отчеттуулук адаттан тыш көрүнүш катары эсептелип, маанилүү иштерди “телефон аркылуу” чечүү жолу норма катары кабыл алынган.[59] Кыргызстандын учурдагы шарттарында адвокаттар (соттор менен прокурорлор азыраак) сот залында же анын тышында коомчулуктун мүчөлөрүнүн кол салууларына кабылышып, мындай аггрессиянын себеби алар коргоп жаткан кишилерге байланып калуу менен юридикалык кесиптин ролун түшүнбөгөндүгү, мындай жоруктарга жоопкерчиликтин жана кесепеттеринин жок болгондугу болууда.[60] Ошондой эле, гендердик зомбулуктун курмандыктары бир гана аларга зомбулук көрсөткөн туугандарынын тарабынан куугунтуктоого алынбастан, аларга кеңири коомчулуктун башка мүчөлөрү менен прокурорлор жана укук коргоо органдары дагы кошулуп, мындай кубулуш зомбулуктан жабыр тарткандар мыйзамдарды билбегендиктен жана кеңири таралган аялдарды жаман көрүүчүлүк менен гендердик белги боюнча басмырлоодон улам орун алып жатат.[61]
Мындай укуктук менталитетти мыйзам үстөмдүгүнүн пайдасына буруп, өзгөртүү үчүн коомчулукта керектүү өзгөрүүлөрдү киргизүүгө каалоосу бар болушу керек – бул өкмөткө да жарандык коомго да тиешелүү.[62] 2016-жылы Кыргызстандын өкмөтү бул маселени түшүнгөндөй болуп, 2016-2020 жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясы жөнүндө токтомун кабыл алган.[63] Бул концепция “заманбап укуктук маданият менен адатты түзүүнү, укуктук даярдыкты жана калкты маалымдоону камтыган укуктук маданиятты жогорулатууга системалык ыкманы колдонууга киргизүүгө” багытталган.[64] Бул концепция иш аракеттердин планын жана максаттардын тобун аныктап, бул максаттарга жетүү үчүн коомчулуктун кабардарлыгын жогорулатуу, мыйзамдардын сакталышынын маанилүүлүгүн жаш муунга жеткирип берүү максатында бул тармакта билим берүү демилгелерин түзүү чоң мааниге жатып, бул демилгелерди ишке ашырылганын камсыздоодо ылайыктуу коомдук кампанияларды түзүү максатында жергиликтүү ЖМКлар менен иштеп жана мамлекеттик органдар менен иштерди бир ыраатта жүргүзүлүшү маанилүү болгон. Концепциянын алкагындагы мындай иш аракеттердин планындагы бир мисал катары “тилектештиктин автобусу” деген демилгесин кароого мүмкүн. Бул демилгенин алкагында жергиликтүү юристтердин бир тобу акысыз юридикалык кызматтарын көрсөтүү максатында Ош менен Чүй облустарынын алыскы булуң бурчтарында жайгашкан айылдарга барышкан. 2016-2017 жылдары жалпы жонунан 4145 кишиге кызматтарын көрсөтсө, 2020-жылы бул көрсөткүч 4000 барабар болгон.[65]
Бул максаттарга жетүү үчүн башка маалыматтык-пропагандалык кампаниялар жүргүзүлгөн. Жогоруда белгиленген Миң жылдыктын чакырыктарынын Корпорациясынын коррупцияга каршы Босого программасы 2008-жылы өлкөгө, анын коомчулуктарына жана үй-бүлөлөргө туура келбеген жана жакшы жүрүм-турум катары эсептелбеген калп айтуучулукту жана жалганчылыкты терс сапаттар катары көрсөткөн адамдык баалуулуктарын баса белгилеп чагылдырган балдар үчүн мультфильмдерди жараткан.[66] Ошондой эле, укуктук менталитетти өстүрүү жана жазасыздыктын маданиятын жоюу максатында 2014-жылы жогорудагыларга окшогон коомчулуктун кабардарлыгын жогорулатуу кампаниялары, сынактар, көркөм көргөзмөлөр менен ар турдүү программалар уюштурулган.[67] Ушундай сыяктуу индивидуалдуу программалар жана иш аракеттер ошол убакта ийгликтүү болсо дагы, мындай аракеттердин туруктуулугу жана бул аракеттер өз ичинде камтыган кабардын ырааттуулугу жетишсиз болгон. Бардык кызыкдар болгон жактар тарабынан керектүү колдоо көрсөтүлбөстөн, жергиликтүү укуктук маданиятында көрүнүктүү өзгөрүүлөрдүн ишке ашырылышына көптөгөн жылдар керектелип калышы ыктымал. Бийликке келген жаңы администрация бул көйгөйдү чечилиши зарыл болгон маселе катары көрөрү же көрбөөсү ачык суроо бойдон турат.
Тыянактар жана сунуштамалар
Кыргызстандын алдыга кетүү жолу татаал болуп турат, ошондуктан мыйзам үстөмдүгүнүн сакталышына (аны менен адам укуктарынын дагы сакталышы) жана чыныгы олуттуу реформаларды жүргүзүүгө орчундуу далалаты жасала турган болсо, ал учурда чындап кыйын тандоону жана туура уюштурулган аракеттерди жасоого туура келет. Андай болсо да, чечимди кабыл алуу менен Кыргызстан маанилүү кадамын жасоо алдында турат, анткени мыйзам үстөмдүгү өлкөнү өркүндөп өсүүгө жана эл аралык коомчулук менен интеграциясына алып келет. Бардык жерлерде токтобой, кезигип жаткан коррупция туруксуздукка жана тукулжуроого алып келүүдө. Саясий туруксуздукту да эске алуу менен Кыргызстан үчүн сезилээр реформаларды жүргүзүүгө дагы деле кеч эмес. Бирок, бул реформалардын жүргүзулүшү канчалыкка чоюлуп, артка жыла берсе, ошончолук алардын ишке ашырылышын аяктоо кыйын болот. Кыргызстандагы мыйзам үстөмдүгүнүн төмөн деңгээлин эсепке алуу менен, учурда өмүр сүрүп жаткан системалар бир маалда узак-мөөнөттүү реформаларды талап кылган белгисиздик менен сыздоого чыдабай кетиши мүмкүн. Кыргызстандагы адам укуктарынын жаатындагы абалды жакшыртуу максатында бардык кызыкдар болгон тараптар төмөнкүлөрдү аткаруу менен өздөрүнүн салымын кошуусу мүмкүн:
- Кыргызстандын өкмөтү адам укуктарына негизделген мамилесин колдонуп, өзүнүн ички саясатын жүргүзүүдө күн тартибинде башкы артыкчылык адам укуктарынын жаатына берүү менен өкмөт бул жаатка маани бергендигин көрсөтүүсү зарыл;
- Кыргызстандын өкмөтү адам укуктардын жаатында мойнуна алган эл аралык милдеттенмелерин аткарып, коргоп жана сый мамиле жасоого милдеттүү; бул талаптардын аткарылбагандыгы финансылык жана техникалык жардамды алуу шарттарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн;
- Кыргызстандын өкмөтү мыйзам үстөмдүгүн бекемдөөдө, коррупцияга каршы күрөштү жүргүзүүдө чыныгы берилгендигин чагылдырып, саясий эркин көрсөтүүгө тийиш;
- Кыргызстандын өкмөтү укуктук менталитетти өнүктүрүү жана калкты укуктук нормаларга сый мамиле жасалышы менен мыйзам үстөмдүгүнүн маанилүүлүгү боюнча кабардарлыгын өстүрүү боюнча иш аракеттерин улантуусу зарыл;
- Жергиликтүү жарандык коом адам укуктардын жаатындагы абалга көзөмөл жүргүзүүсү керектелип, ар бир орун алган бузуулар жөнүндө кабар берип, жериликтүү да эл аралык деңгээлде да абалдан кабардарлыгын жогорулатуу;
- Ошондой эле, кесипкөй укуктары менен кызыкчылыктарынын корголушу жөнүндө сөз болгондо, жарандык коом көбүрөөк биримдикте болуп, тилектештик маанайды сактоого тийиш, мисалы юристтер, журналисттер, азчылыктар жана маргиналдашып калгандар тууралуу кеп жүргөндө;
- Эл аралык коомчулук колунда болгон баардык таасирдүү баскычтарын колдонуп, адам укуктары менен мыйзам үстөмдүгүнүн жаатындагы күн тартибинин тизмеге киргизилүүсүн камсыздаган шарттарды коюу менен потенциалдуу насыялар же финансылык жардамдын программалары боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөндө, адам укуктарынын маанилүүлүгү бийликтин жергиликтүү органдары тарабынан эске алынуусу тийиш; жана
- Реформаларды жүргүзүү жана жакшы жакка карай өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн жергиликтүү коомчулуктардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, жарандык коомдун уюмдарына жана укук коргоочуларга колдоо көрсөтүү аркылуу эл аралык коомчулук менен донорлор талапка ылайык жардамды берүүлөрүн улантуулары зарыл.
Эсквайэр, Жасмин Кэмерон, Кыргызстанда төрөлүп, АКШда билим алган адам укуктарын коргоо боюнча юристи. Жасмин узак убакыттан бери АКШнын Өкмөтүнө жана бейөкмөт уюмдарга иштеп, көптөгөн жылдар бою чет өлкөдө жашап келет. Европа менен Евразия аймактарында адам укуктары менен мыйзам үстөмдүгү боюнча программаларды иш жүзүнө ашырып жүргөн.
Сүрөт Швейцариядагы Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүгү тарабынан камсыздалган.
[1] Борбордук разведка жүргузүү башкармалыгы: Факттардын бүткүл дүйнөлүк китеби, Кыргызстан, Факттардын бүткүл дүйнөлүк китеби, CIA.gov, https://www.cia.gov/the-world-factbook/countries/kyrgyzstan/
[2] Ошол эле жакта.
[3] The Frontline World, Кыргызстан, Алып качкан колукту, (похищенная невеста), PBS, март 2004, http://www.pbs.org/frontlineworld/stories/kyrgyzstan/facts.html
[4]Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (БУУ АУЖКБ) OHCHR, Өлкөлөр же келишимдер боюнча жүргүзүлгөн ратификациялардын статусун көзөмөлдөө, Кыргызстандын ратификациясынын статусу, БУУнун Адам укуктары боюнча келишимдердин аткарылышын байкоого алган органдары, https://tbinternet.ohchr.org/_layouts/15/TreatyBodyExternal/Treaty.aspx?CountryID=93&Lang=EN. 1994-жылы Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктары боюнча эл аралык пактты, Экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча эл аралык пактты жана Балдардын укугу боюнча конвенцияны ратификациялаган. 1997-жылы болсо Кыргызстан кыйноолорго каршы Конвенциясына жана жазалоо менен катаал мамиленин, мыкаачылыктын жана кемсинтүүнүн жана башка түрлөрүнө каршы болгон келишимдерге кошулган. Алардын арасында Аялдарга карата жасалаган басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу Конвенциясына жана Расалык басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча эл аралык Конвенцияга кол койгон. 2003-жылы болсо Кыргызстан эмгектенген бардык миграттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргогон Конвенцияга кошулган. Ал эми жакын арада эле, 2019-жылы Кыргызстан Майыптардын укуктары боюнча Конвенцияга кошулган.
[5] Ошол эле жакта. Ошондой эле, Дүйнөлүк соода уюмунун сайтына кайрылыңыз, Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөлүгүнө кирди, октябрь 1998, https://www.wto.org/english/news_e/pres98_e/pr114_e.htm; ошондой эле, БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча билимдердин платформасы, https://sustainabledevelopment.un.org/content/documents/26459VNR_2020_Kyrgyzstan_Report_English.pdf
[6] Freedom House, Дүйнө жүзү боюнча эркиндиктин 2020-жылкы отчету, http://www.pbs.org/frontlineworld/stories/kyrgyzstan/facts.html
[7] Transparency International, Жылдык отчет, https://www.transparency.org/en/countries/kyrgyzstan. Ошондой эле, бул уюм мамлекетибизди 100 баллдык система боюнча (0 балл – коррупциясы жогорку деңгээлде болгон өлкөлөр, 100 балл – коррупциядан таптаза болгон өлкөлөр) 31 баллга баамдап, 2012-жылы Кыргызстан 154 баллга ээ болгонун эскертүү менен бул көрсөткүчтү (31 балл) мурунку жылдардагы абалга караганда, бираз да болсо алдыга жылыш болду деп эсептөөгө мүмкүн.
[8] Адилеттүүлүк боюнча дүйнөлүк долбоор (World Justice Project –WJP), 2020-жылдын Мыйзам үстөмдүгүнүн индекси, https://worldjusticeproject.org/our-work/research-and-data/wjp-rule-law-index-2020; Дүйнөлүк экономикалык форумдун 2019-жылга караштуу Глобалдык атаандыштыкка жөндөмдүулүктүн индекси, http://www.pbs.org/frontlineworld/stories/kyrgyzstan/facts.html; Human Rights Watch, Кыргызстан, 2021-жыл боюнча Бүткүл дүйнөлүк отчет, https://www.hrw.org/world-report/2020/country-chapters/kyrgyzstan; Amnesty International, Кыргызстан, https://www.amnesty.org/en/countries/europe-and-central-asia/kyrgyzstan/report-kyrgyzstan/
[9] Реджина А. Спектор, Кыргызстандын президентинин, Аскар Акаевдин өзгөрүшү, Калифорния университети, Беркли, Spring 2004, https://iseees.berkeley.edu/sites/default/files/shared/2004_02-spec.pdf
[10] RFE/RL, Борбордук Азия боюнча отчет: 22-август, 2002, RFE/RL, август 2002, https://www.rferl.org/a/1342268.html
[11] Эл аралык кризистик тобу, Төңкөрүштөн кийинки Кыргызстан, май 2005, https://www.justice.gov/sites/default/files/eoir/legacy/2014/09/29/icg_05042005.pdf
[12] BBC Жаңылыктары, Кыргызстандын парламентинин өкүлү Бишкекте атылып өлтүрүлдү, май 2006, http://news.bbc.co.uk/1/hi/world/asia-pacific/4759301.stm; BBC Жаңылыктары, Коррупцияга каршы кыргыздардын митинги, апрель 2006, http://news.bbc.co.uk/1/hi/world/asia-pacific/4958146.stm
[13] Сатина Айдар, Кыргызстандын мурунку президенти, Алмазбек Атамбаевдин мезгилиндеги элиталардын арасындагы болжолдонгон коррупция тууралуу биз эмнелерди билебиз, октябрь 2018, https://www.opendemocracy.net/en/odr/what-we-know-about-alleged-elite-corruption-under-former-kyrgyz-president-almazbek-atambayev/
[14] Владимир Пирогов, Кыргызстандын оппозициясы бийликке аттанганынан улам мамлекеттик төңкөрүшү күч алууда, “Сидней морнинг геральд” (The Sydney Morning Herald), октябрь 2020, https://www.smh.com.au/world/asia/coup-d-etat-under-way-as-kyrgyzstan-opposition-claims-power-20201006-p562lo.html
[15] Human Rights Watch, Кыргызстан: 2019-жылдын окуялары, (HRW 2019-жылкы отчету), https://www.hrw.org/world-report/2020/country-chapters/kyrgyzstan; ошондой эле, Кыргызстан боюнча Amnesty International кайрылыңыз, https://www.amnesty.org/en/countries/europe-and-central-asia/kyrgyzstan/report-kyrgyzstan/; Журналистти коргоо боюнча комитетин дагы караңыз: Кыргызстан 2020, https://cpj.org/europe/kyrgyzstan/2020/; адам укуктардын коргоочуларынын тегерегиндеги абалы тууралуу маалыматты Frontline Defenders уюмунун Кыргызстан боюнча даярдаган материалдардан ала аласыздар, https://www.frontlinedefenders.org/en/location/kyrgyzstan; юристтердин тегерегиндеги болгон абалы тууралуу маалыматты “Адилет” юридикалык клиникасынын юристтер боюнча дайындаган отчетунан ала аласыздар, http://www.adilet.kg/en/news/full/415; жана Кыргызстандын адвокаттарынын ассоциациясынын Кыргызстандын президентине адвокаттарга кол салуунун коркунучтуу тенденциялары тууралуу узаткан ачык катына да көңүл буруңуздар, www.advokatura.kg/foto/obrashchenie-k-prezidentu-kyrgyzskoy-respubliki; Азаттык радиосу, Ош: Адвокаттын сөзүнө караганда, ага үчүнчү тараптар аңдуу жүргүзүп, сүйлөшүулөрү тыңшалган. Ноябрь, 2020, https://www.azattyk.org/a/30966296.html
[16] Human Rights Watch, Кыргызстан: 2019-жылдын окуялары, https://www.hrw.org/world-report/2020/country-chapters/kyrgyzstan
[17] БУУ Аялдар, Кыргызстан, https://eca.unwomen.org/en/where-we-are/kyrgyzstan; Адвокаттардын Америкалык Ассоциациясы, Адам укуктары боюнча борбору: Кыргызстандагы аялдарга көрсөтүлгөн зомбулук: сот адилеттүүлүгүнүн жеткиликтүүлүгүнө, сот тергөөсүнүн адилеттүү жүргүзүлүшүнө болгон укуктарга жана тынч жыйындарды өткөрүүгө тоскоолдуктар, декабрь 2020, https://www.americanbar.org/groups/human_rights/reports/violence-against-women-in-kyrgyzstan–barriers-to-accessing-just/; ; Адвокаттардын Америкалык Ассоциациясы, Адам укуктары боюнча борбору,Сот ишине жүргүзүлгөн байкоо боюнча отчет: Кыргызстан жана Гульжан Пасанова, май 2020, https://www.americanbar.org/groups/human_rights/reports/kyrgyzstan_vs_Gulzhan_Pasanova1/
[18] Гульмира Казакунова, Кыргызстандын социалдык коргоо боюнча программалары жана чаралары, БУУ, июнь 2018, https://www.un.org/development/desa/dspd/wp-content/uploads/sites/22/2018/06/3-1.pdf
[19] Amnesty International, Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө Конвенциясы ратификациялангандан бир жыл өткөн соң, март 2020, https://www.amnesty.org/en/latest/campaigns/2020/03/one-year-after-crpd-ratification-in-kyrgyzstan/
[20] Азчылыктардын укуктары боюнча эл аралык тобу, Кыргызстан, https://minorityrights.org/country/kyrgyzstan/. Системалык репрессиялардын, массалык өлтүрүүлөрдүн жана геноциддин потенциалдуу коркунучтарына дуушар болгон жамаатарды аныктаган коркунучтун алдында жашаган элдердин индекси боюнча Кыргызстан 2020-жылы 55-орунду ээлеген.
[21] Human rights Watch, Кыргызстан: Укук коргоочу үчүн “адилеттүү сотко” пародия,https://www.hrw.org/news/2017/01/24/kyrgyzstan-travesty-justice-rights-defender
[22] Журналисттерди коргоо боюнча комитет, Азимжан Аскаров, https://cpj.org/campaigns/azimjon-askarov/; Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы| БУУнун Адам укуктары боюнча серепчилери Кыргызстанды Азимжан Асксаровду түрмөдөн бошотуу менен анын өкүмүн жокко чыгарууга чакырып жатат, https://www.ohchr.org/EN/NewsEvents/Pages/DisplayNews.aspx?NewsID=19853&LangID=E; ошондой эле БУУнун адам укуктары боюнча Комитетинин чыгарган чечимин төмөнкү шилтеме аркылуу өтүп көрө аласыздар https://tbinternet.ohchr.org/_layouts/15/treatybodyexternal/Download.aspx?symbolno=CCPR/C/116/D/2231/2012&Lang=en ; АКШнын Мамлекеттик департаменти, Foro Penal укук коргоо уюму жана Азимжан Аскаровго 2014-жылдын “Адам укуктарынын коргоочусу” сыйлыгын тапшыруу жөрөлгөсү, https://2009-2017.state.gov/r/pa/prs/ps/2015/07/244903.htm; Human Rights Watch, Азимжан Аскаровдун Кыргызстанда камалганы тууралуу билдирип, биргеликте жазылып БУУга жиберилген кат, ноябрь 2018, https://www.hrw.org/news/2018/12/06/joint-letter-eu-detention-azimjon-askarov-kyrgyzstan
[23] Ольга Долженкова жана Александра Василькова, Кыргызстандагы кыйноолордун тарыхы: “Өзүңдү сактап калуу үчүн самбонун ыкмасын колдонгон”, КАБАР, июль 2020, https://longreads.cabar.asia/the-history-of-torture-in-kyrgyzstan
[24] АКШнын мамлекеттик департаменти, 2019-жылдын Адам укуктардын жаатындагы жүргүзүлгөн практика боюнча өлкөлөрдүн даярдаган баяндамалар: Кыргыз Республикасы (DOS 2019 HRPR), https://www.state.gov/reports/2019-country-reports-on-human-rights-practices/kyrgyzstan/
[25] Кыргызстан, БУУнун Универсалдык мезгилдүү серебине биргеликте дайындалып берилген отчет: Коомчулуктагы адам укуктарынын бузулушу, ЛГБТ, https://ilga.org/wp-content/uploads/2016/02/Shadow-report-15.pdf; Human rights Watch, 2019-жылкы Дүйнөлүк отчет, Кыргызстан, https://www.hrw.org/world-report/2020/country-chapters/kyrgyzstan
[26] Люси Кехлин жана Магдалена Сепульведа Кармон, Коррупция жана адам укуктары: өз ара байланышты изилдөө.
[27] Роберт Легволд, Коррупция, Глобалдык коопсуздук жана дүйнөлүк тартип, Коррупция, криминалдашкан мамлекет жана пост-советтик өткөөл заманы.
[28] Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюму (OECD-ЭКӨУ), Кыргызстан, Кыргызстандагы коррупцияга каршы реформалар, март 2015, http://www.oecd.org/daf/anti-bribery/Kyrgyzstan-Round-3-Monitoring-Report-ENG.pdf
[29] Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюму (OECD-ЭКӨУ), Кыргызстандагы коррупцияга каршы долбоор, http://www.oecd.org/corruption/acn/kyrgyzstananti-corruptionproject.htm
[30] Transparency International, Коррупциянын барометри, Кыргызстан боюнча жылдык отчет, 2016 https://www.transparency.kg/files/AnnualReport2016.pdf
[31] Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту баяндоо долбоору (OCCRP), Борбордук Азиядагы тоноочулук жана жан тартуучулук, ноябрь 2019, https://www.occrp.org/en/plunder-and-patronage/; АКШ жаңылыктары, Дүйнөлүк жаңылыктары, US News, World News, Кыргызстандагы коррупция боюнча дайындалган отчету боюнча жүздөгөн кишилер нааразылык акцияларына чыгууда, ноябрь 2019, https://www.usnews.com/news/world/articles/2019-11-25/hundreds-protest-over-kyrgyz-corruption-report
[32] Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту баяндоо долбоору (OCCPR), Матраимовдун падышалыгы, октябрь 2020, https://www.occrp.org/en/the-matraimov-kingdom/; ошондой эле, ЕККУ, Демократиялык институттар менен адам укуктары боюнча башкармалыгы, Кыргызстан, Адам укуктары жана демократиялык институттар боюнча Бюросунун Шайлоолордо чектелген байкоо жүргүзүү Миссиясы, октябрь 2020, https://www.osce.org/files/f/documents/7/a/472461_0.pdf
[33] RFE/RL, Кыргыз кызматы, Кыргыз активисттери коррупцияга каршы митингге чыгууда, февраль 2021, https://www.rferl.org/a/kyrgyz-activists-rally-against-corruption/31102170.html
[34] Тобокелдердин жана талаптарга жооп берүү боюнча порталы (Risk and Compliance Portal), Кыргызстан өлкөсү боюнча отчет, июль 2020, https://www.ganintegrity.com/portal/country-profiles/kyrgyzstan/
[35] Ошол эле жакта.
[36] Human Rights Watch, Кыргызстан – 2018-жылдын окуялараы, https://www.hrw.org/world-report/2019/country-chapters/kyrgyzstan#e81181
[37] Тобокелдердин жана талаптарга жооп берүү боюнча порталы (Risk and Compliance Portal), Кыргызстан өлкөсү боюнча отчет, июль 2020, https://www.ganintegrity.com/portal/country-profiles/kyrgyzstan/
[38] Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюму (OECD), Кыргызстандагы коррупцияга каршы реформалар, март 2015, http://www.oecd.org/daf/anti-bribery/Kyrgyzstan-Round-3-Monitoring-Report-ENG.pdf
[39] Ошол эле жерде.
[40] АКШнын мамлекеттик департаменти, 2019-жылдын Адам укуктардын жаатындагы жүргүзүлгөн практика боюнча өлкөлөрдүн даярдаган баяндамалары: Кыргыз Республикасы https://www.state.gov/reports/2019-country-reports-on-human-rights-practices/kyrgyzstan/
[41]Human rights Watch, Кыргызстан: Милиция кызматкерлери бача баздарды кыйноого алууда, https://www.hrw.org/europe/central-asia/kyrgyzstan
[42] Ошол эле жакта.
[43] Тобокелдердин жана талаптарга жооп берүү боюнча порталы (Risk and Compliance Portal), Кыргызстан өлкөсү боюнча отчет, июль 2020, https://www.ganintegrity.com/portal/country-profiles/kyrgyzstan/
[44] Transparency International, Кыргызстан: Коррупция менен коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөш боюнча сереп, https://www.transparency.org/en/countries/kyrgyzstan; ТӨМ (Туруктуу өнүктүрүү максаттары), ыктыярдыктын негизинде Кыргызстан боюнча дайындалган сереп, 121-бет, https://sustainabledevelopment.un.org/content/documents/26459VNR_2020_Kyrgyzstan_Report_English.pdf
[45] Transparency International, Кыргызстан: Коррупция менен коррупцияга каршы жүргүзүлгөн күрөш боюнча сереп, https://www.transparency.org/en/countries/kyrgyzstan
[46] Ошол эле жакта.
[47] ТӨМ (Туруктуу өнүктүрүү максаттары), ыктыярдыктын негизинде Кыргызстан боюнча дайындалган сереп. https://sustainabledevelopment.un.org/content/documents/26459VNR_2020_Kyrgyzstan_Report_English.pdf
[48] Transparency International уюму даярдаган отчетунун 8-бети жана ыктыярдыктын негизинде Кыргызстан боюнча дайындалган серептин 122-бети.
[49] IRZ, Кыргызстан: Кыргыз Республикасындагы мыйзам үстөмдүгүнүн программасы – 2-фаза (ROLPRO2), апрель 2020, https://www.irz.de/index.php/en/projects/74-kirgisistan-eu-projekte/1771-kyrgyzstan-the-rule-of-law-programme-in-the-kyrgyz-republic
[50] USAID, АКШнын өлкөлөр боюнча бөлүп берген жардамы, https://explorer.usaid.gov/cd/KGZ?fiscal_year=2021&measure=Obligations
[51] Миң жылдык чакырыктардын Корпорациясы,Кыргыз Республикасынын Босого программасы, https://www.mcc.gov/where-we-work/program/kyrgyz-republic-threshold-program
[52] Өнүктүрүү маселелери боюнча эл аралык укуктук уюму, Туруктуу өнүгүүнүн электрондук түрдө камсыздалышы: Кыргызстандагы электрондук сот адилетүүлүгүнүн жаатындагы программалоо сабактары, декабрь 2018, https://www.idlo.int/sites/default/files/pdfs/publications/IDLO%20-%20LLB%20-%20E-Justice%20-%20December2018.pdf
[53] USAID, Ишеничтүү сот органдары, Маалыматтык бюллетень, Кыргыз Республикасы, https://www.usaid.gov/kyrgyz-republic/fact-sheets/trusted-judiciary
[54] 2000-жылдардан тарта “саясий эрктин” түшүнүгү аныкталып, өлчөнүп, саясий дискурстун түшүнүктөрүнө киргизилип, мурунку Советтер Союзу кыйраган соң жаңы түзүлгөн мамлекеттердин өнүгүү сценарийлеринде колдонулган. Окумуштуулардын ойлоруна караганда, “саясий эрк” конкреттүү маселени чечүүдө колдонулган конкреттүү саясий чечимине жетүү максатында башка чечимдерди кабыл алып жаткан маанилүү кишилердин колдоосун чечкиндүү түрдө көрсөткөнүн айтууга болот. Башкача айтканда, күндүн расмий тартибинде белгиленген конкреттүү маселени түшүнүү менен чечимдерди кабыл алып жаткан кишилердин бир тобу жалпы кабыл алынган жана потенциалдуу натыйжалуу делген саясий чечимди кабыл алууга көбүрөөк колдоо көрсөтөт. Караңыз: Лори А. Пост, Эмбер Н.У. Рэйл жана Эрик Д. Рэйл, “Саясий эрк” түшүнүгүнө аныктама берүү, Мамлекеттик Монтана Университети, август 2010, https://scholarworks.montana.edu/xmlui/bitstream/handle/1/14420/Raile_PoliticsPolicy2010_A1b.pdf;jsessionid=56375A117171857854D2CF29975F8C84?sequence=1
[55] Реджина А. Спектор, Кыргызстандын президентинин, Аскар Акаевдин өзгөрүшү, Калифорния университети, Беркли, 2004, https://iseees.berkeley.edu/sites/default/files/shared/2004_02-spec.pdf
[56] Сатина Айдар, Кыргызстандын мурунку президенти, Алмазбек Атамбаевдин мезгилиндеги элиталардын арасындагы болжолдонгон коррупция тууралуу биз эмнелерди билебиз, октябрь, openDemocracy, октябрь 2018, https://www.opendemocracy.net/en/odr/what-we-know-about-alleged-elite-corruption-under-former-kyrgyz-president-almazbek-atambayev/; Бэртёлсмэн Стифтанг, Өзгөрүүнүн (трансформациянын) Индекси, Өлкөлөр боюнча отчет, 2020 Кыргызстан, https://www.bti-project.org/en/reports/country-report-KGZ.html#pos15
[57] Бул терминди мен өзүм ойлоп тапкам, ошондуктан көпчүлүктө кезиге бербейт. Бул термин өз жаатында көбүнчө “жазасыздыктын маданияты” же “укуктук маданияты” деп колдонулат. Бирок, мен “укуктук менталитет” деген терминди колдонууну туура көрдүм, себеби бул термин өз маңызына элдин мыйзам үстөмдүгүнүн маданиятына жасаган мамилесин чагылдырган идеяны камтыйт.
[58] БУУ жана Мыйзам үстөмдүгү, https://www.un.org/ruleoflaw/what-is-the-rule-of-law/; Лиэнн Маккей, “Мыйзам үстөмдүгүнө көздөй жол”, АКШнын Тынчтык институту, 2015, https://www.usip.org/sites/default/files/Toward-a-Rule-of-Law-Culture_Practical-Guide_0.pdf; Мыйзам үстөмдүгүнө окуткан борбор, Билим берүүчү ресурстар (Educational Resources), https://www.thecenterforruleoflaw.org/educational-resources.html
[59] Кыргыз Республикасындагы БУӨП, Мыйзамдуулуктун маданияты менден, сенден, бизден жана коомчулуктун ар бир мүчөсүнөн башталат, сентябрь 2020, https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/en/home/presscenter/articles/2020/08/legal-culture-starts-with-every-member-of-society.html; Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги, “2016-2020 жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясы жөнүндө” токтом, http://minjust.gov.kg/en/content/755; Эл аралык кризистик тобу, Кыргызстан: Соттук реформалардын жүргүзүлүшүнө болгон тоскоолдуктар, апрель 2008, https://www.crisisgroup.org/europe-central-asia/central-asia/kyrgyzstan/kyrgyzstan-challenge-judicial-reform
[60] Lawyers for Lawyers, Юристтердин иштеген шарттарына жүргүзүлгөн сурамжылоолор, https://lawyersforlawyers.org/en/survey-of-working-conditions-lawyers/
[61] Адвокаттардын Америкалык Ассоциациясы, Адам укуктары боюнча Борбор: Сот ишине жүргүзүлгөн байкоо боюнча отчет: Кыргызстан жана Гульжан Пасанова, май 2020, https://www.americanbar.org/groups/human_rights/reports/kyrgyzstan_vs_Gulzhan_Pasanova1/
[62] Лиэнн Маккей, “Мыйзам үстөмдүгүнө көздөй жол”, АКШнын Тынчтык институту, 2015, https://www.usip.org/sites/default/files/Toward-a-Rule-of-Law-Culture_Practical-Guide_0.pdf
[63] Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлиги, “2016-2020 жылдарга Кыргыз Республикасынын калкынын укуктук маданиятын жогорулатуу концепциясы жөнүндө” токтом, http://minjust.gov.kg/en/content/755
[64] Кыргыз Республикасындагы БУӨП, Кыргыз Республикасында юридикалык укуктар менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн сот адилеттүүлүгүнө болгон туруктуу жеткиликтүүлүктү көздөй жолдо, https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/en/home/projects/towards-a-sustainable-access-to-justice-for-legal-empowerment-in0.html
[65] Кыргыз Республикасындагы БУӨП, 4,000 киши 6 күндүн ичинде юридикалык жардам көрүштү, декабрь 2020, https://www.kg.undp.org/content/kyrgyzstan/en/home/presscenter/pressreleases/2020/12/fla-decade.html
[66] АльЖазира, Кыргызстанда жаратылган мульфильм коррупцияга каршы күрөштү, YouTube, декабрь 2009, https://www.youtube.com/watch?v=Y6-2o4P4TSY. Бул долбоорду иш жүзүнө ашырылышына жана аны башкарууга көрсөткөн кызматыма, бул демилгеге катышканым мен үчүн чоң сыймык болду.
[67] Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү боюнча уюмунун (OECD-ЭКӨУ) отчету, 28-бет.