Skip to content

Социалдык тармактар аркылуумобилизация жана Кыргызстандагы популизмдин өсүшү

Article by Gulzat Baialieva and Dr. Joldon Kutmanaliev

June 30, 2021

Социалдык тармактар аркылуумобилизация жана Кыргызстандагы популизмдин өсүшү

Улутчул популизм жана онлайн саясий мобилизация

АКШ, Бразилия, Улуу Британия, Түркия жана башка Европа мамлекеттерде турукташып калган демократиялык системаларына коркунуч туудурган өсүп жаткан либералдык эмес популизм автократиялык башкарууга жакын болгон саясатчылардын жактырып калган куралына айланган. Азыркы күнгө чейин пост-советтик аймактын мамлекеттеринде салттуу административдик басуунун ыкмаларын колдонуу менен башкарганга көнүп калган жергиликтүү авторитардык жетекчилердин бул ыкманы колдонуу муктаждыгы жоголгон. Бирок, Кыргызстандын акыркы убактагы саясий окуялары алдыңкы саясатчылар саясий бийликке жетүү үчүн “популисттердин” тилин, улутчул дискурсту жана поляризациялаштыруу стратегияларын көбүрөөк колдоно баштагандарын көрсөттү.

 

Кыргызстандын акыркы мезгилге таандык болгон саясий жаатына көз салып жатып, төмөнкү эсседе улутчул популизм Кыргызстандагы үстөмдүк кылган саясий күчүнө айланып калуусу талкууланмакчы.  Биз көрүп тургандай, учурдагы глобалдуу популизм социалдык тармактардын платформаларынын күчү менен дагы байланыштуу.[1] Жаңы шайланган президент, Садыр Жапаров кыргыз тилдүү социалдык тармактары аркылуу билгичтик менен алдыга түртүп жаткан Жапаровчул популисттик кыймылы ошол убактагы президент Сооронбай Жээнбековго каршы эл чыккан мезгилде саясий күч алган. 10-январда Садыр Жапаров преиденттик шайлоолордо жеңишке жеткен. Бул жеңиш Жээнбековдун бийлигин кулаткан элдин көтөрүлүшүнөн жана 4-октябрдагы фальсификацияланган парламенттик шайлоолордон соң көчөгө чыккан митингчилер Жапаровду түрмөдөн бошотуп чыгаргандан үч айдан кийин гана орундалган.

 

аңы президент Садыр Жапаров чагымчыл жана кастыкты козгоочу сөздөрдү айтуу менен популисттик кылык-жоруктарын ийгиликтүү колдонуп келе жатат. Жапаров элге таасир тийгизүү үчүн социалдык тармактарын өз пайдасына туура колдонууну билген популисттик саясатчынын жаңы түрдөгү образын жаратууда. Анын күчтүү таасири социалдык тармактардагы катталуучулардын өзгөчө ири санында түптөлүп, анын негизинде Жапаровдун популярдуулугу пайда болгон. Өзүнүн тарапташтарына түз кайрылуу үчун Твиттер колдонмосун колдонгон Трамп сымал, социалдык тармактардагы бир нече ири топторду     Жапаров өзү башкарат. Өзүнүн интервьюсунда Жапаров социалдык тармактардын бардык түрүн колдонгонун, 50 чакты группаларды ачып, жада калса түрмөдөн отуруп алып аларды башкарганын: “Түрмөдө сиз күнүгө 24 саат бош кишисиз, сизде бош убакыт бар болот” деген сөздөрү менен моюнуна алган.[2]

 

 Жапаровдун Фэйсбуктагы эң ири тобунун(180 миң катталуучулар) администраторлор менен модераторлордун тизмесин көрсөткөн скриншот.[3] Латын тамгалары менен жазылган бул 2012-жылы ачылган Жапаровдун жеке аккаунту.[4]

 

Онлайн-мобилизация  оффлайн мобилизацияга таасир этип, Жапаровдун стратегиясынын маанилүү бөлүгүнө айланган. Де-факто, мындай кубулуш Жапаровго стратегиялык артыкчылыкты (көчөдөгү алгачкы митингдерде жана кийин дагы Жапаров элди өз тарабына тартып кетишин)камсыздап, жада калса кийин президенттикке алып келет. Ар кайсы аймактарда жашаган эл менен жүргузүлгөн интервью көрсөткөндөй, Жапаровдун колдоочулары көбүнчө WhatsApp колдонмосунда жергиликтүү группаларды түзүү аркылуу чогулуп, бул группалар өз ара аракеттешүүсүн жана Бишкекти көздөй сапарын уюштурууда, ошондой эле Бишкектеги Эски аянтта башка тарапташтардын аракеттерин бириктирүүдө да колдонулган.

 

Октябрдагы шайлоолор өткөн соң чыга түшкөн каатчылыктан кийин чыныгы элдин топтолуусуна айланган онлайн-мобилизация жана саясий каатчылыктын маалында Эски аянтка Жапаровчул топтордун физикалык түрдө пайда болуусу Жапаровдун ийгиликтүү көтөрүлушүндө маанилүү ролду ойногон.[5] Жапаровдун талапкерлиги 6-октябрь күнү убактылуу премьер-министр кызматына сунушталганда, жүздөгөн тарапташтары популисттик саясатчыга колдоо көрсөтүү жана аны коргоо максатында чогулушкан. Ошол эле убакта мурунку президент Атамбаевди камтуу менен оппозициялык саясатчылардын кеңири коалициясынын колдоочулары жана либералдык көз-карашта болгон жаштар “Достук” отелинен 1,5 км аралыгында жайгашкан борбордук “Ала-Тоо” аянтында топтолушкан. 9-октябрда Жапаровдун тарапташтары оппозициянын колдоочуларына кол салып, аянттан кууп чыгып, кубалашкан. Бул кагылышуу бийлик үчүн жүргөн саясий күрөштүн жыйынтыгын аныктоочу бурулуш учуру болгон.[6]   Бул күндөн тарта Жапаров саясий аренада эң таасирдүү кишиге айланган.

 

Социалдык тармактардагы популизмдин оңтойлуу шарттары

Акыркы жылдарда интернет менен смартфондорго болгон жеткиликтүүктүн өсүшү менен интернеттеги жаңылыктардын мазмунунан кыргыз тилдүү калк көбүрөөк таасирленчү болду.  Кыргызстандын социалдык чөйрөсүндө кыргыз онлайн-улутчул топтор салыштырмалуу жаңы бир кубулуш. 2020-жылдын отчетуна ылайык, 2019-жылдан баштап 2020-жылга чейинки аралыкта Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын саны 55 миңге көбөйгөн (+1,8%).[7] 2020-жылдын январь айында Кыргызстандагы интернет колдонуучулардын саны 3,06 миллион болсо, социалдык тармактарга катталгандардын саны 2.5 миллионго тете болгон. Кыргызстанда интернет колдонуучулары жалпысанан кыргыз тилдүү жана орус тилдүү деп эки чоң топко бөлүп кароого болот. Кыргыз тилдүү колдонуучулардын көпчүлүгү салттуу көз карашта болгон айыл жергелердин тургундары болсо, ал эми орус тилдүү колдонуучулар көбүнчө шаардын тургундары болуп, жалаң орус тилинде болгон контенттерге кызыкчылыгын көрсөткөн. Ошондой эле, алар Орусия Федерациясынын медиамейкиндигинен келген маалыматты да колдонушат.

 

Эмне үчүн азыр жана эмнеге социалдык тармактар? Мобилдик интернет социалдык тармактардын платформалары аркылуу айылдагы жашоочуларга социалдык баарлашуу тармактарын кеңейтүүгө чоң мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо. Жашоочулар үчүн социалдык тармактарда жана алар аркылуу таркатылып жаткан жаңылыктар маалыматтын жана көңүл ачуунун негизги булагы катары саналган салттуу гезиттер менен телепрограммалардын ордун алмаштырышкан. Айыл аймактарда жашаган элдер гезит беттеринде жазылган жаңылыктарга ишенишет, ошон учун гезиттер ордуна чыга баштаган интернет майданында жарык көргөн жаңылыктарды күтүлгөндөй ишеничтүү кабыл алышты, өзгөчө алар ишенимдүү тармактардан жайылтылып жатса.

 

Улутчул топтордун пайда болушу жана социалдык тармактардагы манипуляция

Бирок, жогоруда айтылган нерселерге карабастан, октябрга чейинки мезгилде социалдык тармактардагы Жапаровдун группалары коомчулуктун пикирине чоң таасир тийгизе алчу абалда болгон эмес. 2020-жылга чейин улутчул топтор онлайн-платформаларда көп байкалган эмес. Алар көбүнчө коррупцияга каршы көчө жүрүмдөр, РеАкция 1.0 жана 2.0, 8-мартка каратафеминисттик марш жана “Femminale” аттуу көркөм көргөзмө сыяктуу карама-каршылыкты туудурган окуяларда гана элдин астына көрүнүшкөн. Бул иш-чаралар улутчул топтор үчүн көбүнчө координациялык борбор жана коомдо ээлеген орду менен өз күчүн көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүүктөр катары колдонулган. Мындай чуулгандуу иш-чаралар менен улутчул топтордун пайда болушунун ортосундагы болгон күчтүү байланыш социалдык тармактарда улутчул мобилизациянын манипуляцияга кабылганынын биринчи белгилери тууралуу кабарлаган.

 

Ошону менен катар, 18-декабрда өткөн “Реакция 2.0.” аттуу иш-чаранын уюштурулушуна коррупция менен алпурушкан активисттерге карата чеберлик менен жасалган маалыматтык чабуулдардын мурун болуп көрбөгөндөй деңгээли жолтоо болгон. Бул чабуулдар мамлекеттик “троллдор” тарабынан уюштурулуп, болжолдуу түрдө чырдуу киши, Райымбек Матраимов тарабынан каржыланган. Эл арасында эбегейсиз байлыгы үчүн “Райым-миллион” деген атакка ээ болгон.[8] РеАкция 2.0. аттуу көчө жүрүшүнүн өткөрүлушүнө бир нече күн калганда, коррупция менен күрөштү жүргүзгөн активисттерге каршы бир катар оңдолүп-туздөлгөн видеожаздыруулар менен сүрөттөр социалдык тармактарда жайылган. Бул монтаждалган видеожаздыруулар жана оңдолгон сүрөттөр болуп өтүүчү көчө жүрүшү ЛГБТ-топтор менен батыш агенттер тарабынан уюштурулганын билдирип жаткан. Паракорчулук менен алпурушкан кээ бир активисттердин сүрөттөрү ЛГБТ-активисттердин жана бача баздардын сексуалдык мүнөздөгү абалын чагылдырган видеожаздыруулардын жана сүрөттөрдүн жанына жайгаштырылган. Көчө жүрүмүнөн тартылган башка сүрөттөрдө бул жүрүмдүн кээ бир катышуучулары кокустан “батыш агенттери” деп белгиленген. Мындай жасалма маалыматтык чабуулдардын болжолдуу максаты – салттуу-улутчул жана либералдык топтордун ортосунда дагы бир социалдык жик чыгаруу болгон. Бул аракети элди коррупцияга каршы дискурстан алаксытуу, Кыргызстандын коомчулугунун консервативдүү бөлүгүндө басымдуу рол ойногон батышка каршы жана гомофобдук маанайларды пайдалануу менен РеАкция 2.0. көчө жүрүмүнө каршы коомдук нааразылыкты козгоо максатында жасалган. Троллдордун чабуулдары Бишкекте өткөн аялдардын укугун коргогон марш жана “Femminale” сыяктуу  феминисттик иш-чаралардын тегерегинде болгон талаш-тартышуулардын негизинде чеберчилик менен уюштурулган.. Мындай аялдарды коргоого чакырган, эркин ойлорду жайылтып, коррупцияга каршы чакырган кыйымылдар  улутчулдукту жамынган топтордункыжырын кайнаткан.  Кырк-Чоро аттуу кыймылга болжолдуу тиешеси бар делген бир катар улутчул, орой эркектер бир нече активист-кыздарга кол салышкан. Кийин Жапаровдун популисттик кыймылына кошулуп кеткен “Кырк-Чоро” тобу консервативдик-улутчул топтордун бири болуп, сойкуларга жана сойкуканаларга каршы уюштурулган рейддери менен өзгөчө белгилүүлүккө жетишкен. Талаш-тартышты туудурган иш-чараларлибералдык жана консервативдик топтордун ортосундагы айырмачылыктардын кескин өсүп бара жатканынын көрсөткүчү болду.[9]

 

Популисттик манипуляциялар

Учурда Жапаровдун онлайн-группалары кыргыз тилдүү социалдык тармактарда эң көп каттаалуучуларга ээ жана таасири чоң болгон группалардын бири. Группаларга мүчө болгондордун саны артып, өткөн жылдын октябрь айында Жапаров бийликке келгенден тарта аны колдогон группалардын саны кескин өскөн. Саясий мобилизациясы үчүн социалдык түйүндөрдүн жогорку потенциалын ал убакта толук кандуу түшүнгөн жападан жалгыз болгон саясатчы, Садыр Жапаров 2020-жылдын октябрь айына чейинки мезгилде социалдык тармактардын платформаларында өзүнүн колдоо группаларынын базасын түзүүнү көздөп, түрмөдө отуруп алып жигердүү иштеген. Жапаров өзү билдиргендей: “Мени менен иштешкен жүздөн ашуун киши мен түрмөдө отургуча эркиндикке чыгышкан. Алар мени жакшы киши деген маалыматты таркатуу аркылуу мага иштеп баштачу. Мен боштондукка чыкканда, алардын баары мени колдоо максатында митингдерде жүргөн. Мына ушул нерсе үчүнчү төңкөрүштүн сыры.”.[10] Шайлоолор өткөндөн кийинки интервьюсун төмөнкүдөй сөздөр менен улантат: “Абакта отурган убактымды теккке кетирбестен, мен адамдар менен социалдык тармактар аркылуу иштешкем.[11] Үч жыл бою карапайым эл менен баарлашуумду токтоткон эмесмин. “Одноклассники”, “Фэйсбук”, “Инстаграм” аттуу социалдык түйүндөрдө группаларды ачкам. WhatsApp тиркемесинде элдердин контакттарын чогултуп, ал жакта элүүдөн ашуун группаларды түзгөм – бир эле группада 256 киши бар. Бул группалар аркылуу “Кумтөр” жана өзүм жасап жаткан иштерим боюнча маалымат менен бөлүшөм. Ошентип, үч жарым жылдын ичинде элдин көпчүлүгүнө жеткем.”

 

ркиндикке чыгып, талапкерлиги премьер-министрдин убактылуу милдетин атакаруучу кызматына сунушталганда, Жапаровдун популярдуулугу жана таасири обого чейин жеткен. Анын талапкерлиги ал убактагы президент Сооронбай Жээнбековдун жана күчтүү Матраимовдордун кланы менен тыгыз байланышта болгон депутаттардын тобу тарабынан сунушталган. Жапаровдун социалдык тармактардагы басымдуулугу жүздөгөн агрессивдүү троллдордун жүргузгөн иштеринен байкалган. Алар Жапаровдун саясий оппоненттерине гана чабуул жасабастан, ошондой эле оппозициялык жана бийликке каршы ойдо болгондорго да асылышкан.[12] Бул агрессивдүү троллдор асылуу үчүн либералдык же оппозициялык көз-карашта болгон активисткаларды “сүйүктүү” тобуна айландырып, троллдорго кошулуп жөнөкөй жарандар дагы аларга сексуалдык зомбулук көрсөтүү коркутууларын билдире башташкан.[13] Троллдордун, жада калса Жапаровдун өзүнүн чагымчыл кептери жазасыздык атмосферасынын жаралышына алып келип, мамлекеттик органдардын, Фэйсбуктун башкармалыгынын жана социалдык тармактардагы группалардын модераторлордун кыймылдабаганы менен бул кырдаал ого бетер күчөп кеткен. Мындай жазасыздык Жапаровдун тарапташтарына ого бетер күч берип, жөнөкөй интернет колдонуучуларын Жапаровго каршы болгондорго карата ээн-эркин коркутуу-үркүтүүлөрдү жасоого жана аларга кол салууга чакырышкан. Жапаровдун “элдин душманы” деген чагымчыл сөздөрүн айтуу менен өзүнүн тарапташтарына анык белги берип жаткан.  Биздин социалдык тармактардагы контенттин үстүнөн жүргүзгөн көзөмөлүбүз, көрүнүктүү оппоненттер жана жарандык активисттер менен болгон маегибиз Жапаров өзүнүн чагымчыл сөздөрүн айткандан кийин жек көрүүнүн негизинде онлайн коркутуулардын жана чабуулдардын саны жогорулаганын көрсөткөн. Эреже катары, көрүнүктүү укук коргоочуларды жана оппозиция лидерлерин троллдор “батышчыл агенттер, гейлер, бузукулар ” деп жала жаап, калпты жайылтышкан.   Дагы бир критикалык фактор катары онлайн-манипуляциялардын жаңы таасири болууда. Элдин фейк жаңылыктар менен эч иштеп көрбөгөндүгү популисттик кабарларды тез  таркатууда жана жалган жаңылыктардын жардамы менен коомдук пикирин манипуляциялоодо өтө маанилүү ролду ойногон.  Жалган жаңылыктардын жана чагымчыл сөздөрдүн массалык таасири тажрыйбасы жок, жөнөкөй колдонуучуларды троллдордун “фабрикасы” жараткан жалган маалыматтарга ынанууга мажбур кылган.[14]

 

2020-жылдын 12-декабрында Бишкекте жаш эркектердин тобу митинг өткөрүшкөн.[15]Уюштуруучулар Бишкекте эмне үчүн митинг болбосун, баардыгына каршы экенин билдиришкен. Кагаз плакаттарда – “Мен өлкөмдүн патриотумун. Шаарымда тынчтыктын орноосун каалайм.”, “10 адам чыгып алып, өзүңөрдүкүн “качайт этпегиле”” жана “Менин өлкөмдүн туруксуздаштыруусуна каршымын” деген сөздөрдү окууга болот. Интернеттин кээ бир колдонуучулары бул кишилерди эркектерден турган “Кырк Чоро” консервативдик тобунун жаңы түрү менен салыштырышкан. Митингдерге каршы уюштурулган бул кыймылдын башында Марат Мамралиев туруп, өздөрүн элдик кошуундар деп аташкан. Марат Мамралиев жаш саясатчы жана “Дивизион” атту ыкчам аракеттенүү тобу менен коопсуздуктун агенттигин өнүктүргөн ишкер.

 

Дээрлик баардык улутчул топтор жана социалдык тармактардагы троллдор коомдук пикирди манипуляциялоо максатында улутчул аткаруучулар үчүн даяр шаблондор катары Кремль тарабынан пропагандаланган батышка жана либерализмге каршы дискурска толук ишенишет. Кыргызстандын калкы Кремлдин антилибералдык дискурсунун жогорку деңгээлдеги легитимдүүлүгүн таануусу саясий аткаруучулар үчүн коомдук пикирди манипуляциялоого маанилүү шарт түзүп берген. Президенттер, өзгөчө Атамбаев бул дискурстун жогорку деңгээлдеги легитимдүүлүгүн өзүнүн саясий кызыкчылыктарында чың көңүлү менен пайдаланган. Жапаров бул стратегияны өзүнүн саясий оппоненттерине каршы толук кандуу колдонгон. Бул даяр болуп турган дискурстун алкагында Жапаров өзү көзөмөлдөп, социалдык тармактардагы көптөгөн группалар аркылуу ийгиликтүү илгерилеткен бийликке каршылыктын дискурсун кошумчалаган. Мисалы, 180 миң катталуучулардан турган Фэйсбуктагы өзүнүн эң чоң группасын Жапаров өзү башкарат.[16] Инстаграм менен Фэйсбукта жалпысынан ондон ашуун жапаровчул ири группалар бар. Шайлоолордун алдындагы 2020-жылдын 19-ноябрдан баштап 2021-жылдын 1-январына чейинки маалда анын Фэйсбуктагы группалары 49 500 пост жарыялашкан. Жапаровго байланыштуу болгон группалар Фэйсбуктагы бардык ири саясий группалардын жарыялаган постторун чогултуп бириктиргенде, чыккан санынын жарымынан ашуун постторду жаратышкан. Төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөндөй, Жапаровдун группалары жада калса жаңылыктардын маалыматтык контентке ээ болгон группалардан дагы ашып кетишкен.

 

Жапаровдун ийгиликке жетишинде троллдордун «аскерлери» чечүүчү ролду ойногон. Фэйсбук, Инстаграм жана YouTube платформалары Жапаровду коргоп, анын оппоненттерине чабуул жасап, жек көрүүнү козгогон комментарийлерге көзөмөл жүргүзөт. Бул макаланын авторлорунун бири, Гульзат Байалиева жана Джанета Джакыпова менен биргеликте Жапаров жана анын оппоненти Текебаев конституциялык реформаларды баяндап берүүсүн чагылдырган эки эң көп көрүлгөн видеолордун үстүнөн тексттик талдоо жүргүзушкөн. Алар референдум менен Баш мыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөр YouTube платформасында талкууланганын изилдөө максатында бардык 6799 комментарийлерди изилдеп чыгышкан. Эң жыш кезиккен 100 сөздөрдүн ичинен (ат атоочторду эсепке албаганда) “мыйзам”, “референдум” жана “конституция” деген сөздөр эч колдонулган эмес. Сөздөрдүн “булуту” көрсөткөңдөй, сөздөрдүн көбү Жапаров жана Текебаев саясатчыларына тиешелүү болгон (кийин колдонуучулар Текебаевге карата анын баркын төмөнсүнткөн “Теке” деген атын колдоно башташкан). Бул эки саясатчынын атынан кийин көп колдонулган сөздөргө “эл” жана “кудай” деген сөздөр кирген.

 

Референдум менен Конституцияга байланыштуу YouTube платформасындагы видеолордо колдонулган сөздөрдүн «булуту»

 

Садыр Жапаровдун группалары шайлоо алдындагы маалында 49 500 постторду жарыялаган. Булак: ЖМКларды өнүктүрүү Борбору

 

Жапаровдун популисттик кайрылуусу оңтойлуу кырдаалга туура келген. Көп жылдардын ичинде мамлекеттик мекемелердин бардык деңгээлиндеги саясатчылар менен аткаминерлердин арасында токтотулбас коррупциядан улам карапайым элдин саясатчылардан жана коррупцияланган системадан чарчаганы туу чекитине жеткен маалда  Жапаров кайрылуусун жасаган. Элдин саясатчылардан тажаганын жана аларга ишенбегендигин натыйжалуу пайдаланууга үлгүргөн. Анын популисттик чечимдеринин көбүндө “элдин талабы” деген шылтоосу бар. Учурда биз байкап турган нерсе бул аймактардагы эл арасындагы Жапаровдун популярдуулугунун басымдуу бөлүгү.

 

2020-жылдын 29-декабрдагы шайлоо алдындагы кампаниясынын маалында Караколдогу элдин астына чыгышы. Өткөн заманда кыргыздардын арасында көрүнүктүү деп таанылган инсандардын “Жети-Аке” урпактарынын Караколдо элдин алдына чыккан жеринен бир үзүндү. “Жети-Акенин” урпактары президенттикке талапкер болгон Жапаровго баталарын беришип, сегизинчи Аке баатыр наамын ыйгарышкан.   

 

Жапаров илгерилетип жаткан популисттик маанайын натыйжалуу нейтралдаштыруу либералдык топтордун колунан келген эмес. Ошондой эле, анын агрессивдүү стратегиясына туруштук көрсөтө алган эффективдүү планы да жок эле. Ийгиликсиздиктин негизги себеби жергиликтүү деңгээлде басымдуулук кылган орус тилдүү либералдык жана кыргыз тилдүү социалдык топтордун ортосундагы байланыштын жок болгондугу болгон. Коомчулуктун көпчүлүгүн тузгөн салттуу көз карашта болгон  айыл аймактардын тургундары үчүн бираз да болсо түшүнүктүү жана жеткиликтүү формада берүүгө аракеттенбестен, орус тилдүү либералдар батыш либералдык дискурстан либералдык идеяларды түз бойдон кабыл алууга умтулушкан. Жөнөкөй айыл туругундарынын күнүмдүк тиричилик жашоосунун прозаикалык чындыгы менен эч кандай окшоштугу жок болгон абстрактуу идеялар алардын салттуу көз караштар менен баалуулуктарына кескин түрдө карама-каршы келген. Орус тилдүү либералдардын “тарбиялоо” же “цивилдештирүү” боюнча аракеттери айыл тургундардын контекстин жана маданий баалуулуктарынын өзгөчөлүктөрүн эч кандайынан эсепке алган эмес. Ошондуктан, конституциялык мыйзам бузуулардын гана негизинде либералдык топтордун Жапаровдун либералдык эмес конституциялык реформаларына каршылыкты көрсөтүүгө аракеттенгенде, анын айылдык колдоочулары бул аргументтерге эч кандай маани беришкен эмес. Жапаровдун тарапташтары мындай мыйзам бузуулар орун алгандыгын тааныган учурунда дагы ага маани бермек эмес, себеби Жапаровдун мурунку кесиптештери өздөрүнүн кызыкчылыктарын көздөп, Конституциянын мыйзамдарын бир нече ирээт бузушкан. Андай болсо, өзгөчө Баш мыйзамдын “элдин кызыкчылыгы” үчүн иштөөсүн каалаган Жапаровго мыйзам бузууга мүмкүнчүлук кантип берилбесин?

 

Дал ошол таризде коомдун кыргыз жана орус тилдүү бөлүктөрү өз алдынча жана социалдык тармактарда өз жашоосу менен бири биринен көз карандысыз жашап, күнүмдүк жашоодо сейрек кезигишет. Бирок, чуулгандуу, карама-каршы келген саясий жана социалдык окуяларды чагылдырганда бири бири менен кезиккенде, алардын ортосунда пайда болгон талаш-тартыштары идеологиялык бөлүнүүлөргө жана курч жаңжалдарга алып келет. Тескерисинче, социалдык тармактардын колдонуучулары менен Жапаров өзү элдин көпчүлүгүнө түшүнүктүү, популярдуу тилде таалкулоолоруна катышат. Салттуу саясатчылардан кескин айырмаланган бул бейформалдуу түз байланыш Жапаровду “өзүбүздүн кишибиз” деп эсептеген адамдардын көпчүлүгүн өзүнө тартат.

 

Сүрөт Садыр Жапаровдун Фэйсбуктагы группасынан алынган. 2020-жылдын 29-декабрдагы шайлоо алдындагы кампаниясынан.

 

Төмөнкү мисалдар анын онлайн-талкулоолорго катышканын түздөн туз көрсөтөт. Өзүнүн чексиз убадалары боюнча жазылган сынчыл постко жооп катары Жапаров Фэйсбуктагы жеке аккаунтунда төмөнкүдөй пост жазып чыккан: “Сиз тогуз айлык болуп төрөлдүңүз беле? Же ара төрөлдүңүз беле? Сураныч, бираз сабырдуу бол, иним. Баардыгына өз убагы келет. Сен ошончо көп нерселерди билбейсиң да…”[17] Жапаровдун элдин назарында анын оппоненттерине каршы жазылган посттору жан тартуучу, айыптоочу жана басмырлоочу түшүндүрмөлөрүн камтыган. Өзүнүн сынчыларын жалган жаңылыктар боюнча айып коюудан уялбай, диний дискурсун да ара сырада колдонот.Аны менен кошо анын көз карашы боюнча каршы болгондорду “акмактар” деп атоо менен “Өзүнүн гана кызыкчылыктарын ойлоп, кыйкыргандар кеткиле!” деген жек көрүүчулүккө толгон постторун да жарыялаган.

 

Кээ бир популисттик мүнөздөгү чаралар орто таптагы шаардык, либералдык көз карашта болгон тургундарынын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп калгандай эле. “Кустурабыз” деген коррупцияга каршы дискурсу (биз коррупционерлерди уурдап тапкан каражаттарын кайтарууга мажбур кылабыз деген мааниде) же башкача айтканда экономикалык мунапысын дагы бир натыйжалуу популисттик кадамы катары көрүүгө болот.

 

Корутунду

Жапаровдун бийликке жана либерализмге каршы саясаты “элдин үнү”менен жамынып, жүргүзүлүп, дүйнөдөгү башка көптөгөн популисттик лидерлерге мүнөздүү. Кыргыз коомунда өсүп жаткан теңсиздикти чеберчилик менен манипуляциялоонун эбин таап, күнөөнү жана жоопкерчиликти Жапаров “элдин душманы” жана “саткынчылар” деп сыпаттаган мурунку саясатчыларга, либералдык активисттерге жана көз карандысыз ЖМКларга шылтап коюууну адатка алган. Анын күнөөлүү стратегиясы менен көп жылдары бою түзүп келе жаткан улуттук баатыр жана коррупцияланган  адилетсиз системанын курмандыгы деген репутациясы жөнөкөй адамдарды кармап калууга өбөлгө тузүп берген. Муну менен Жапаров Кыргызстандын саясий аренасында эң популярдуу жана таасирдүү адамга айланган. Өзүнүн бийлигин жана популярдуулугун сезип турган Жапаров жаңы президентке мурун болуп көрбөгөндөй ыйгарым укуктарын сунуштап, деомократиялык  институттарын жокко чыгарган өзгөрүүлөрүн Баш мыйзамдын жаңы долбооруна киргизүү боюнча чечимин ийгиликтүү кабыл алган. Жапаровдун карапайым элдин арасында кеңири таралган популярдуулугу өлкөнү күчтүү авторитардык мамлекетке айландыруу коркунучуна ээ болгон, демократияга каршы конституциялык реформаларды өткөрүүгө жогорку деңгээлдеги мүмкүнчүлүктөр менен камсыздаган.

 

Жапаровдун популизминин “элдин талабы”, “30 жыл чыдадык” “эски саясатчылар”, “бузукулар” деген негизги элементтери, социалдык тармактары аркылуу жасалган түз кайрылуусу жана жеке кайгылуу кесепеттерге толгон саясий камалышы анын тегерегиндеги окуялардын контексти менен жандандырылган деп эсептөөдөбүз. Өлкөдө экономикалык теңсиздиктин өсүүсү тууралуу болгон кооптонуулар, коррупцияланган соттук системасын жана чет өлкөлүк таасирди камтып, Жапаровго добуш берүүгө түрткү берген факторлор 2021-жылы жаңылык эмес эле. Бир гана айырмачылыгы Жапаров бул маселелер боюнча кайра-кайра жалпак тилде популизм аркылуу кабар берип жаткан. Социалдык тармактардагы Жапаровдун провокациялык сөздөрү, баяндоосу жана  троллингдер коомчулуктагы чыңалууну күчөтүп, коомду ажыратып бөлгөн. Жапаров жана анын саясий командасы оппонеттери менен көз карандысыз ЖМКларды “душман”, “батышчыл” жана Кыргызстандын иденттүүлүгү менен бүтүндугүнө келтирген “коркунуч” катары көрсөтүү менен аларга чабуул жасашкан. Ошентип, Жапаров “улуттук лидерге” айланган. Өзгөчө коом ичинен кыйрап жаткан кезде, популизмдин терс кесепеттеринe туура жооп көрсөтүүнүн, коомду бириктиргендин бир катар жолдору бар:

  • Элди ажыратып, экиге бөлгөн «башка тарапты» үйрөтүүгө же «агартууга» болгон аракеттерден качууга керек. Элди «чыныгы факттар», «чыныгы окуялар» менен эле жөнөкөй тааныштыруусу же аң-сезимде мурунтан бери калыптанып калган көз караштарын өзгөртүүсү натыйжасыз болуп, коомчулуктун бөлүнүүсүн ого бетер күчөтүшү мүмкүн. Кырдаалды өзгөртүү боюнча аракеттери ишенимдүү болуп эсептелбеген кишилер тарабынан айтылган нерселер таасирин бербей,натыйжасыз болуп, элдерди өздөрүнүн көз карашына бекемирээк турууга түрткү берет.
  • Элдердин нормалар тууралуу түшүнүктөрүн, пикирдин ар жактуусун түзүүгө көбүрөөк көңүл буруу: Популизм менен күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн изилдөөлөр көрсөткөндөй, элдин жүрүм-туруму жашоосунун тажрыйбасы, жеке көз караш, нормативдик контекст аркылуу түзүлөт. Ошондуктан, «агартуу» жана узак убактын ичинде калыптанып калган пикирди өзгөртүү аракеттерине умтулгандын ордуна либералдык субъекттер нормалардын түптөлүшүнө кунт коюп, көңүл буруусу керек.
  • Элди бириктирүүчү көз караштарды, баалуулуктарды жана баяндамаларды жаратуу: Жапаров басымдуу түрдө “алар бизге каршы, чыккынчылар” деген популисттер менен авторитардык лидерлердин көнүмүш тактикасына таандык болгон көз карaшка бекем туруп алган. Популист саясатчыларга мындай позиция упай алып келет. Айыптоолор аркылуу “бут тосуулар” болуп жатат деп пикирлерди жайылтып, элдин маанайын бир тарапка бурушат. Алар карапайым элди эки ажырымга келтирип, бири-бирине касташтыргандан утат. Либералдык күчтөр чагымчыл түшүнүктөрүн билдирүүдөн оолак болуу керек. Алар инклюзивдик баяндоолорду түзүп, бириктирүүчү көз-караштар менен баалулуктарга басым жасоо керек.

 

Гульзат Байалиева – Түбинген университетинин социалдык антропология кафедрасынын илимдердин кандидаты. Борбордук Европа университетинин политология(салыштырма саясат илимдери) илимий чөйрөсүнүн магистр даражасынын жана Бишкек гуманитардык университетинин Европа цивилизациялар боюнча дипломунун ээси.  Башында Бишкек гуманитардык университетинде сабак берип, кийин Түбинген университетинин социалдык антропология кафедрасында эмгектенген. Анын илимий кызыкчылыктарына популизм, экологиялык антропоология, пост-социалисттик өзгөрүүлөр, Борбордук Азиядагы суунун колдонулушу жана санарип этнография кирет.

Джолдон Кутманалиев Түбинг университетинин аспиранты. Флоренцияда жайгашкан Европалык университетине караштуу политология институтунун докторлук даражасынын жана Борбордук Европа университетинин саясий илимдердин магистр даражасынын ээси. Мурун ал Түбинг жана Бишкек гуманитардык университеттеринде көп жылдар бою окутуучулук кесибин аткарып келген. McGill-Queens University Press басмаканасында жарыкка чыгуучу “Коомчулуктар аралык согуш жана этникалар арасына тынчтык орнотуу: Борбордук Азиянын шаарларында зомбулуктун динамикасы” (Intercommunal Warfare and Ethnic Peacemaking: The Dynamics of Urban Violence in Central Asia) аттуу китептин автору. Press.

 

Сүрөт Этьен Комбьеге (Creative Commons лицензияларынын негизинде) таандык.

 

[1] Флю Т., Иосифидис П. 2020. Популизм, глобализация (ааламдашуу) жана социалдык медиа, International Communication Gazette, 82(1):7-25. doi:10.1177/1748048519880721

[2] Коммерсант,  “Түрмөдө сиз күнүгө 24 саат бош кишисиз”, январь 2021, https://www.kommersant.ru/doc/4639707

[3] Садыр Жапаров, Фэйсбуктагы коомдук группалар, Facebook, https://www.facebook.com/groups/1412264215689407

[4] Садыр Жапаров, Фэйсбуктагы жеке аккаунту, Facebook, https://www.facebook.com/japarov.sadyr

[5] Гульзат Байалиева жана Джолдон Кутманалиев, Социалдык тармактардын камалган саясатчынын баш айланган ылдамдыкта бийликке келүүсүн колдоо көрсөткөндөрү, openDemocracy, октябрь 2020, https://www.opendemocracy.net/en/odr/how-kyrgyz-social-media-backed-an-imprisoned-politicians-meteoric-rise-to-power/

[6] Кыргызстандагы шайлоолор: өзгөчө абал күчүнө киргенден кийин орун алган жаңы кагылышуулар, BBC Жаңылыктары, октябрь 2020, https://www.bbc.co.uk/news/world-asia-54481063

[7] Симон Кэмп Диджитал (Simon Kemp Digital) 2020: Кыргызстан, DataRePortal, февраль 2020, https://datareportal.com/reports/digital-2020-kyrgyzstan

[8] Бажы кызматынын башчысынын мурунку орун басары, Райым Матраимов коррупцияга каршы уюштурулган ReАкция аттуу көчө жүрүмүнүн  Кытай менен транс чек-аралык соодалашуунун эң жогорку деңгээлдеги коррупциялык схемаларына жана Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүүсүнө тиешеси бар болгондугу үчүн асылуунун негизги кишиси болуп калган. Саймаити негизги кабарчы болгон, жана кийин Истанбулда жалданма өлтүргүчтөрдүн колдорунан каза тапкан. Матраимовдун кланы “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясын негиздешип, 2020-жылдын 4-октябрдагы парламенттик шайлоолорго катышкан. Бул шайлоолордун жыйынтыктары боюнча президенттин “Биримдик” саясий партиясы менен биргеликте парламентте орундардын басымдуулугуна ээ боло алган. Кийин, шайлоолордун жыйынтыктарын көз карандысыз серепчилер жогорку деңгээлде фальсификацияланган деп таап, элдин ири масштабдагы нааразычылыгын козгогон деп айтышкан.

[9] Джолдон Кутманалиев жана Гульзат Байалиева, Кыргызстан коррупция боюнча талаш-тартыштуу маселесин чечүү аракетин аткарып жатканда коомчулуктун арасындагы айырмачылык өсүүдө,  openDemocracy, декабрь 2019, https://www.opendemocracy.net/en/odr/polarisation-grows-kyrgyzstan-tackles-controversial-corruption-issues/

[10] Коммерсант,  “Түрмөдө сиз күнүнө 24 саат бошсуз”, январь 2021, https://www.kommersant.ru/doc/4639707

[11] ошол эле жакты  караңыз.

[12] Гульзат Байалиева жана Джолдон Кутманалиев, Кыргызстандагы социалдык тармактардагы жек көрүү көзөмөлгө алынбай калууда, openDemocracy, декабрь 2020, https://www.opendemocracy.net/en/odr/kyrgyzstan-social-media-hate-goes-unchecked/

[13] ошол эле жакты  караңыз.

[14] Камила Эшалиева, Чыныгы фэйктер: Кыргызстандагы тролл фабрикалары кантип иштешет, openDemocracy, ноябрь 2020, https://www.opendemocracy.net/en/odr/troll-factories-kyrgyzstan/?source=in-article-related-story

[15] Баракелде,  Ала-Тоо аянтында каршылык митинги болуп өттү, декабрь 2020, https://barakelde.org/news:419961

[16] Садыр Жапаров, Фэйсбуктагы коомдук группалар, Facebook https://www.facebook.com/groups/1412264215689407/members/admins

[17] Садыр Жапаров, Фэйсбуктагы пост, Facebook, декабрь 2020, https://www.facebook.com/japarov.sadyr/posts/1754338344741087

Footnotes
    Related Articles

     Join our mailing list 

    Keep informed about events, articles & latest publications from Foreign Policy Centre

    JOIN