Кыргызстан акыркы 30 жылдын ичинде мамлекет куруу менен алек болуп, пост-советтик өлкөлөрдүн арасында саясий эң динамикалуу мамлекет катары саналууда. Кыргызстандын улуттук курамына көптөгөн этностор кирип, жалпы калк санынын 26,3% улуттук азчылыктар түзүшкөн. [1] Ошол эле учурда, мамлекеттин акыркы тарыхы чагылдыргандай, саясий туруксуздук улуттук азчылыктарга өз таасирин тийгизип, саясий бийликке болгон жеткиликтүүлүктүн жана толук кандуу жарандыктын көз карашынан алардын укуктарынын чектелгендигин көрсөттү. Учурдагы саясий башкармалык тең укуктуулук жана улуттар аралык макулдашууну колдоого алууда. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун “Келечекке кызмат” аттуу саясий идеологиясы боюнча Кыргызстандын жарандары ар кандай улуттук тамырларына ээ болуп, бирок баардыгы Кыргызстанга болгон сүйүүнү, анын көп жылдык тарыхына болгон жоопкерчилигин жана анын келечегине болгон ишенимин тең бөлүшүүгө тийиш.[2] Кыргызстандын түштүгүндө 2010-жылдын июнунда болгон каргашалуу этникалык кагылышуулар аягына чыккан соң жаңжалдан кийин түзүлгөн кырдаал этникалык азчылыктарды саясий активдүүлүктөн алыстаткан. Бүгүнкү күндө, Кыргызстан тынчтыкты орнотуу жана улуттар аралык мамилелердин жаатында көп тараптуу саясий реформа жүргүзүүгө жана олуттуу кадамдарды жасоого тийиш. Эгерде Кыргызстан XXI-кылымдагы мамлекетти курууну көздөсө, анда бул кырдаалдагы аргументи катары коомдук жашоо менен шайлоо кызматтарына да этникалык азчылыктардын катышууга укуктары кеңейтилиши болмок.
2020-жылдын 5-октябрдын алдыңкы күнү парламенттик шайлоолордо массалык түрдө орун алган тартип бузуулар боюнча айыптары Кыргызстандын борбор шаарында, Бишкекте көчө нааразычылыктарын козголгонуна, аягында өкмөттүн башкы имаратын, Парламенттин, Жогорку Кеңештин жана президенттин администрациясынын эл тарабынан колго алынуусуна дүйнө күбө болду.[3] Ыкчам кызматтары келип, отту басаңдатып, башкарма кагаздарын да кошуп ичин жыйнагыча, мамлекеттин имараты бир нече убактын ичинде оттун жалындарында болуп, ички эмеректин баардыгы чачылган бойдон калган. Ошондой эле, ошол эле күнү митингчилердин тобу жогорку кызматтагы бир катар мурунку чиновниктерди камактан чыгарууга үлгүрушкөн. Саясий каатчылык бийликте боштукту пайда кылып, мамлекеттик институттарынын ишин тоңдуруп, конституциялык тартибин сактоого мүмкүнчүлүк жок болуп калган. Кыргызстандын Борбордук Шайлоо Комиссиясы (БШК) саясий толкундоолордон улам парламенттик шайлоолордун жыйынтыктарын жокко чыгарган. 2020-жылы 9-октябрда президент кырдаалды турукташтыруу максатында Бишкекке өзгөчө абал киргизген. Бирок, кабыл алынган чаралар президентке басым жасап, аны кызматын бошотуп кетүүсүн талап кылган митингчилерди токтото алган эмес. Сасяий кырдаал ого бетер курчуп, Садыр Жапаровго бийликти “тынч жолу” аркылуу өткөрүп берүү максатында Сооронбай Жээнбековду, премьер-министрди жана башка жогорку кызматтагы чиновниктерди камтыган саясий башкармалыгы кызматтарын бошотушкан. 11,5 жыл бою камакта отуруп, 2020-жылдын 6-октябрында бошотулган мурунку депутат, Садыр Жапаров бийликке келип, де-факто мамлекеттин биринчи адамына айланган. Мындан көп узабай эле, премьер-министрдин жана президенттин милдеттерин убактылуу аткаруучу кызматына дайындалуусуна жол ачуу үчүн Жогорку Сот ыкчам түрдө Жапаровду актап чыккан. 5-октябрда болгон окуялар бир гана шайлоолордун талаштуу жыйынтыктары менен гана козголбостон, COVID-19 пандемия убагындагы өкмөттүн көрсөткөн шалаакылыгы да таасирин тийгизген. COVID-19 пандемиясына байланыштуу “блокада” тегерек аймактагы социалдык-экономикалык абалды начарлатып, жумушсуздуктун деңгээли кескин жогорулаган. Расалык басмырлоону жокко чыгаруу боюнча БУУнун Комитети белгилегендей, COVID-19 пандемиясы адам укуктарынын сакталышына, өзгөчө адамдын тең укуктуулугуна жана басмырланбоого болгон укгуна орчундуу терс таасирин тийгизип жатат.[4] Бул мааниде COVID-19 пандемиясы кийин дагы улануучу социалдык чыңалуунун потенциалдуу булагы бойдон калып, өз алдынча Кыргызстандагы каатчылыктын кийинки мезгилдеги улуттар аралык мамилелерге да таасирин тийгизип калат.
Кыргызстанда акыркы саясий төңкөрүшү тарыхта ирээти боюнча үчүнчү жолу орун алып жатат. 2005 жана 2010-жылдардагы көтөрүлүштөр дагы саясий жана экономикалык каатчылыктар менен коштолуп, өлкө боюнча бийлик менен мүлктөрдүн кайрадан бөлүштүрүүлөрүнө алып келген.
Бирок, бул жолкуда кыргыз коому бөлүнүүдөн баш тартуу менен сабырдуулукту көрсөтө алышты. Канча сабырдуу болсо да, мамлекеттин чыныгы ээси ким деген кычыктуу маселеси кайра эле чыңалуунун күчөлүшүнө алып келип, коомдун тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунчту жаратуусу мүмкүн. Мисалы, Кыргызстандын акыркы мезгилдеги тарыхы этникалар аралык жаңжал сыяктуу капалуу окуялары менен белгиленген. Ал жаңжалы негизинен этникалык кыргыздар (калктын 71,7%) менен этникалык өзбектер(14,3%) арасында от алып, 2010-жылдын июнь айында ири масштабда олуттуу кагылышууга айланып кеткен. Бул коогалаңдардын себептери татаал келип, түп тамырлары бул эки улуттун ортосундагы болгон тарыхый жана маданий айырмачылыктарында, мамлекеттик саясатында, чыныгы жана болжолдуу делген социалдык-экономикалык менен саясий теңсиздикте жатат.[5] Улутчул саясий риторика менен бекемделген “сепаратизм” тууралуу расмий мамлекеттик баяндама этникалык азчылыктарды июндагы зомбулук үчүн жалгыз жооптуу деген көз карашты жоюууда кичине да болсо, өбөлгө түзүп, укук коргоо жана коопсуздук органдарга азчылыктарга карата катаал мамилени жасоо менен негизсиз камакка алууга жол берген. Жыйынтыгында, ошол убактыттан бери тандалма жүргүзүлгөн тергөөлөр жана соттук куугунтуктоолордун орчундуу бөлүгү өзбектерге багытталып, башкалардын тергөө куугунтугу бир нече киши менен эле токтолгон.[6]
Азчылыктардын маселелери боюнча БУУнун атайын баяндамачысы, Фернанд де Варенн 2019-жылы 19-декабрда Кыргызстанга иш-сапары менен келген мезгилде Кыргызстандагы этникалар аралык мамилелерин начар деп мүнөздөп, өзгөчө 2010-жылдагы Оштогу окуяларынан кийинки көпчүлүктү түзгөн этникалык кыргыздар менен азчылыктарга кирген өзбектердин ортосундагы мамилелерин белгилеген. Атайын баяндамачы этникалар аралык мамилелериндеги чыңалууну туу чекитине жеткире ала турган бир нече факторлорду белгилеп кеткен, алар төмөнкүдөй: этникалык азчылыктардын аз сандагы өкүлдөрү; мамлекеттик кызматтарды сунуштоо менен билим берүү тармактарындагы азчылыктардын тил боюнча маселеси; мамлекеттик кызматтарды сунуштоодо укук коргоо органдар тарабынан азчылыктарга карата жасалган адилетсиз мамиленин учурлары жана акыркысы жер менен суу ресурстарын колдонуу боюнча маселелери.[7]
Кыргызстандагы укуктук базага ылайык, бардык жарандар мыйзам алдында тең каралып, ар бир адам башка жарандар менен тең коомдун жашоосуна катыша билүүсүн камсыздоо максатында улуттук азчылыктардын укуктарын кеңейтүүгө багытталган атайын чараларды көрүү керектиги белгиленет. Иш-жүзүндө болсо, калктын 26,3%ды түзгөн улуттук азчылыктардын өкүлдөрү мамлекеттик кызматтарга дайындалуусу жана шайлоо аркылуу келген кызматтарда эмдигиче аз гана санда кезигип, өзгөчө этникалык азчылыктардын эки эң ири топторуна, орустар менен өзбектерге басым жасалмакчы. Этникалык азчылыктардын Кыргызстандын коомдук жашоосуна катышуу деңгээли ошол эле улуттук азчылыктардын мамлекеттин жалпы калкынын тузгөн санынан чындап эле төмөн. Ар кандай этникалык топтордун саясий жашоого катышууу үчүн шайлоо квоталары укуктук базада камтылганын Кыргызстандын өкмөтү моюнуна алганына карабастан, квоталарга болгон талаптар толук кандуу аткарылбай, мыйзамдын талаптары орундалган эмес.[8] Чындыкта, парламенттеги 120 депутаттардын арасында 10ну гана улуттук азчылыктардын өкүлдөрү болгон. [9] Мындан сырткары, улуттук азчылыктар эреже катары жергиликтүү администрациялар менен мамлекеттик кызматтарда сейрек кезигишет. Кыргызстандын түштүк аймагындагы укук коргоо органдарында иштеген улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн төмөнкү саны өзгөчө курч маселе болуп турат. 2010-жылдын июнь айынан тарта этникалык азчылыктардын коомдук жашоого аралашуусу кескин начарлаган. Улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн жумуштарга орноштуруу боюнча көмөк көрсөткөн программалардын жок болгондугу алардын мамлекеттик, адегенде укук коргоо органдарында кызмат кылууга катышуусуна өзгөчө таасирин тийгизет. Де Варенндин сөздөрүнө караганда, “коомдук жашоого катышуусу ченемдеш болбогон, же т.а. азчылыктардын толугу менен жок болушунун негизги себептеринин бири жарым жартылай тил маселеси болуп эсептелет”.[10]
2010-жылдагы окуялардан кийин 2013-жылы Өкмөт Улуттар аралык мамилелерди жана улуттук биримдикти бекемдөө Концепциясын кабыл алган. Бул Концепция боюнча, өлкөдө бардык кызыкдар тараптар улутуна карабастан, баардыгын тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр менен камыздоого милдеттендирилмек. Бул Концепциянын ишке ашырылышына жана жаңжалдарды алдын алуу боюнча стратегиялардын иштелип чыгышына жооптуу болгон орган катары ошол эле 2013-жылы түзүлгөн Улуттар аралык мамилелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун маселелери боюнча Мамлекеттик агенттиги (ГАМСУМО) дайындалган. Ошондо деле ГАМСУМОнун натыйжалуулугу менен улуттар аралык мамилелердин жаатындагы мамлекетттик концепциялары кандайдыр бир даражада сынга кабылган. Мисалы, өкмөт тарабынан сунушталып чыккан жарандыктын жаңы концепциясына байланыштуу бир катар кабатырлануулар чаылдырылган. Бул концепциясы өлкөнүн көп улуттук калкына багытталбастан, бир гана улуту кыргыз болгондорго ылайыкташтырылгандай деген сезим менен кабыл алынган.
Башкача айтканда, саясий алкагы улуттук иденттүүлүктү курууга багытталып, бардык этникалык топторго тиешелүү болгон эмес. Демографиялык салмагына карабастан, улуттук азчылыктарды символикалык жана конкреттүү түрдө “улуттук иденттүүлүк” концепциясынан “ажыратуу менен” өткөн жылдарда болгон чыңалууну жандандыруу тенденциясы орун алган.[11] БУУнун Атайын баяндамачысы тарабынан белгиленгендей, мамлекеттик демилгелер улуттук азчылыктардын облустардын көбүндөгү коомдук жашоого аралашпаганы же азчылыктардын тилинде билимдин берилиши сымал көйгөйлөргө түздөн түз багытталбастан, сабырсыздык жана расалык басмырлоо менен күрөштү жүргүзүү сыяктуу элдин кабардар болуусун өстүрүүгө байланышкан иш-чараларга тиешелүү болгон.
2020-жылдын 4-октябрь күнү өткөн парламенттик шайлоолор сезимтал келген улуттар аралык мамилелердин тарыхында жаңы бети ачылды. Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча Бюронун маалыматтарына ылайык улуттук азчылыктардан болгон талапкерлер үгүт кампанияларын өздөрүнүн улутундагы кишилер сан боюнча көпчүлүктү тузгөн айылдарда активдүү жүргүзүшкөн. Өзбек азчылыгынын ичинде орун алган катаал атаандаштык жамааттын мүчөлөрүнүн арасында чоң тынчсызданууну жаратып, кооптуу сезимин өрчүткөн. Ош облусуна караштуу Араван районунда алдыңкы саясий партиялардын тарапташтарынын ортосунда массалык мушташуулар орун алып, жыйынтыгында этникалык өзбек улутунда болгон эки талапкер каттодон ажырашкан.[12] Жалал-Абаддагы алдыңкы саясий партиянын өкүлдөрү болгон эки өзбек улутундагы талапкерлер добуштарды сатып алышты деген айып боюнча шектелип, бул окуя боюнча кылмыш тергөөсү башталган. Келген маалымат боюнча, алардын тарапташтары менен туугандары жергиликтүү бийлик менен укук коргоо органдары тарабынан аларды эки талапкерлереге карата каршы көрсөтмөлөрүн бердирүү максатында кысымга алынган. Мындай окуядан кийин да социалдык тармактарда өзбектерге каршы болгон жек көрүүчүлүк маанайдагы учурлары орун алган.[13]
2020-жылы 4-октябрдагы шайлоолордон кийин парламенттеги көрүнүктүү орундарга жете алгандыгын билип, бирок 5-октябрдагы окуялар алардын жасаган аракеттеринин бардыгын жана финансалык каражаттарын жокко чыгарганда, улуттук азчылыктар иренжип калышкан. Ошол эле учурда, саясий каатчылык улутчул риторикасын колдогон кээ бир саясатчыларга саясий бийликке болгон жолду ачып берген. Мисалы, мурун: “Эл капаланбасын, ачык эле айтышым керек, өкмөттүн башчылыгына каны таза, нукура кыргыз киши келүүсү керек. Жөн гана кыргыз эмес, чындыгында өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн иштеп, анын таламын талашкан киши болуусу шарт” деген сөздөрдү айткан “Мекенчил” улутчул саясий партиясынын лидери, Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин башчысы болуп дайындалган.[14] Мындан сырткары, Ош шаарынын мурунку мэри, Мелис Мырзакматов 7 жылдык “куугунтуктан” кийин Кыргызстанга кайтып келип, өлкөнүн саясий жашоосуна кайрадан активдүү аралаша баштаган.[15]
5-октябрдан кийинки улуттар аралык мамилелерге түздөн түз байланышы бар болгон көрүнүктүү окуялардан бири болуп Кыргызстандын жарандарына өздүк документине “этникалык таандуулук” аттуу графасынын кайтарылышы болду. Жогорку Соттун Конституциялык палатасы “этникалык таандуулук” деген графасынын жарандын өздүк документинде жок болгондугун Баш мыйзамдагы 38-беренеге карама-каршы келгендигин аныктагандан кийин бул өзгөртүү 2020-жылдын 16-октябрда күчүнө кирген. 2017-жылы “этникалык таандуулук” деген талаштуу графасы жаңы үлгүдөгү паспорттордон алынып, ал графа паспортко атайын орнотулуучу чиптин ичине киргизилген. Учурдан баштап жарандардын каалоосу менен өздүк документинде өздөрүнүн улутун көрсөтүүгө мүмкүн болот. Бирок, жарандардын улутуна жасалган басымы элдин бириккен улутка таандык экен деген сезимине өз залалын тийгизиши мүмкүн.
Жапаров өзүнүн президенттик кампаниясын жүргүзүү менен биргеликте жаңы конституциялык тартипти орнотуу максатында көрүнүктүү кадам таштап, мамлекетти башкаруу формасын аныктаган референдум өткөнгө чейин Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун үстүнөн иштеп баштаган Конституциялык кеңешмени түзгөн.[16] 2021-жылдын 10-январында Кыргызстанда өз мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо менен башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Жапаров шайлоочулардын 79% добуштарына ээ болуп, шайлоочулардын 80%дан ашууну президенттик башкарууну колдогон. Президенттин инаугурациясынан кийин Конституциялык кеңешме дароо эле өзүнүн “жыйынтыгын” элге сунуштап, юридикалык коомчулуктун сынына кабылган. Мисалы, учурдагы Конституцияга салыштырганда Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда ар бир адам өз улутун эркин көрсөтүүгө укугу бар деген жобосу байкалбай, өзүнүн этникалык таандуулугун аныктоонун жана көрсөтүүнүн мажбурланышына түз коюлган эч кандай тыюу жок. Баш мыйзам долбоорунан мындай кепилдиктердин өчүрүлүшү мыйзамдын деңгээлинде жарандарга алардын улутун көрсөтүүгө мажбурлаган тартипти орнотууга жол берип, тартиптин бузулушу орун алган учурда кандайдыр бир чаралар көрүлушү мүмкүн болуп калат.[17] Мисалы, учурдагы Конституцияга ылайык, биометриялык маалыматтарын тапшыруудан баш тарткан жарандар шайлоо менен референдумдарда добуш берүү укугунан ажыратылышат. Узак-мөөнөттүк келечекте мындай жоболор этникалык азчылыктар менен адам укуктары жана эркиндигине карата басмырлоонун күчөтүлушүнө жана башка укук бузууларга негиз түзүп бере алат. Азыр Баш мыйзамдын жаңы долбоору дагы деле мандатын кармап турган депутаттардын кароосунда. Бирок, президенттик бийликти бекемдеген Баш мыйзамдын акыркы долбоору бираз гана айырмачылыктар менен өтөөрү күтүлүүдө.
Көп улуттуу Кыргызстан үч он жылдыктын ичинде мифтик образдарды чыныгыга, илгеркиден калган көз-караштарды учурдагы күнгө ылайыкташтыруу аркылуу улуттук баатырларды даңазалоого багытталган маданий-тарыхый пропаганданын жардамы менен мамлекетти курууга далалатын жасап келе жатат. Мамлекетти куруунун жана улуттук ан-сезимди өнүктүрүүнүн учурдагы процесстери өз ичине кыргыз улутунун “улуу тарыхы” тууралуу уламыштарды жана эбегейсиз улуттук идеологиялык долбоорлорду камтыган.[18]
Мисалы, дүйнө жүзү бою эң узун оозеки айтылып келе жаткан уламыш, “Манас” эпосу улуттук идеологиялык негиздин түптөөчү пайдубалы катары каралууда. Бирок, бүткүл жарандык иденттүүлүгү менен көп тилдүү билим берүүсү өнүкпөй, азчылыктардын укуктарына жана алардын көп түрдүүлүгүнө сый мамиле жасабастан бириккен жана бүтүн мамлекеттин курулушу татаал болот. Буга байланыштуу, Улуттук азчылыктар боюнча БУУнун Атайын баяндамачысы Кыргызстандын өкмөтүн бардыгын ичине камтуучу, басмырлоого каршы болгон идеологиялык негизди кабыл алууга чакырат. Буга кошумча, басмырлоонун бардык түрүн камтып, улуттук азчылыктардын укуктарын коргоого көп тараптуу мыйзамдарды кабыл алууга болгон чакырыктар шашылыш мүнөзгө ээ болууда. Мындан тышкары, атайын баяндамачы өлкөнүн парламентине улуттук азчылыктарга бөлүнгөн квоталарды киргизүү сунушун камтуу менен коомдук жашоодо улуттук азчылыктардын өкүлдөрү көбүрөөк катышуусун камсыздоо боюнча Кыргызстандын өкмөтүнүн аракеттерин жандандырууну сунуштай кеткен. Өлкөнүн мамлекеттик кызматтарындагы, ошондой эле милиция менен соттук органдарда улуттук азчылыктардын өкүлдөрүнүн өтө аз санда иштеп жаткан маселесин чечүү үчүн алардын жалпы калктын санынан тузгөн бөлүгүн так аныктап көрсөтүү максатында азчылыктардын өкүлдөрүн ишке орноштуруу боюнча оң иш-аракеттердин программаларын иштеп чыгуу зарыл. Эгерде, мындай мүнөздөгү чаралар көрүлсө, анда кыргыз эли күчтүү улуттук иденттүүлүгүн түптөй алат.
Сардорбек Абдухалилов – Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда жайгашкан “Справедливость” аттуу укук коргоо уюмунда адвокат катары эмгектенет. “Справеддливость” уюму улуттук азчылыктардын абалын жакшыртуу боюнча көрүнүктүү иш алып барган үчүн 2014-жылы ЕККУнун Макс ван дер Стель атындагы сыйлыгына ээ болгон. Сардорбек Абдухалиловдо мыйзам жаатындагы адам укуктар боюнча адистигинде 15 жылдан ашуун тажрыйбасы бар. Сардорбек Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгынын улуттук азчылыктарга багытталган 2018-жылкы стипендиясынын ээси.
Сүрөт Бэн Паарманнга (Creative Commons лицензияларынын негизинде) таандык.
[1] Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитет, “Кыргызстан” кыскача статистикалык маалымат китеби, апрель 2020, http://stat.kg/en/publications/kratkij-statisticheskij-spravochnik-kyrgyzstan/
[2] “Келечекке кызмат” аттуу саясий платформасы, https://zhaparov.kg/platforma/
[3] The Associated Press, Добуштардын сатып алынышы менен начарланган шайлоолордун жыйынтыктарынын улам Кыргызстандагы нааразычылык акцияларынын күчөшү, The New York Times, октябрь 2020, https://www.nytimes.com/2020/10/05/world/asia/kyrgyzstan-election-protests.html
[4] Коронавирус пандемиясы (COVID-19) жана анын Расалык басмырлоонун бардык формаларын жокко чыгаруу боюнча Эл аралык конвенцияга ылайык кесепеттери тууралуу жасалган билдирүү.
[5] Reliefweb, Кыргызстандын түштүгүндө болгон окуяларды иликтөө боюнча Көз карандысыз эл аралык комиссиясынын сунуштаган докладындагы корутундуларга ылайык, Кыргызстандагы иликтөөлөр боюнча комиссиясы, июнь 2010 (пункттарды караңыз 228-230), https://reliefweb.int/sites/reliefweb.int/files/resources/Full_Report_490.pdf
[6]Ошол эле жакта.
[7] Фернанд де Варенн, БУУнун атайын баяндамачысынын улуттук азчылыктардын укуктары тууралуу, Кыргызстанга болгон иш-сапары, 6-17 декабрь 2019, миссиясынын аягына чыкканы тууралуу жасаган билдирүүсү, Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (БУУ АУЖКБ) OHCHR, декабрь 2019, https://www.ohchr.org/EN/NewsEvents/Pages/DisplayNews.aspx?NewsID=25422&LangID=E
[8] “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамынын 60-беренесине ылайык, талапкерлердин тизмесин түзүүдө саясий партия ар кандай этносторго таандык талапкерлердин 15 пайыздан кем кылбастан, мында алардын ичинен кеминде 5 талапкер алгачкы 65 талапкердин тизмесине киргизилиши керек деп айтылат. https://shailoo.gov.kg/ru/vybory-oktyabr-2020_/constitutional-law-kyrgyz-republic-elections-president-kyrgyz-republic-and-deputies-jogorku-kenesh-kyrgyz-republic/
[9] Парламенттин (Жогорку Кеңештин) мүчөлөрүнүн 91%зы этникалык кыргыздар түзөт. Арасынан, үчөөсү – орустар, экөөсү – дунгандар, жана казак, татар жана уйгур улуттары парламентте бирден өкүлдөрү бар. Өзбектер болсо калктын 14%зын түзгөнүнө карабастан, Жогорку Кеңеште өзбек азчылыгынын болгону үч эле өкүлү бар: http://kenesh.kg/ru/deputy/list/35
[10] Фернанд де Варенн, Азчылыктардын маселелери боюнча БУУнун Атайын баяндамачысынын миссиясынын аягына чыкканы тууралуу жасаган билдирүүсү, Кыргызстандагы иш-сапары, Адам укуктары боюнча БУУнун Жогорку комиссарынын Башкармалыгы (БУУ АУЖКБ), OHCHR, 6-17 декабрь 2019, https://www.ohchr.org/EN/NewsEvents/Pages/DisplayNews.aspx?NewsID=25422&LangID=E
[11] Ошол эле жакта.
[12] Брюс Панниер, Броулс жана башкалар, Кыргызстандагы парламенттик кампаниясы маара сызыгына келип жетти, RFE/RL, сентябрь 2020, https://www.rferl.org/a/kyrgyz-parliament-election-campaigning-analysis/30858185.html
[13] Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Демократиялык Институттар жана Адам Укуктары боюнча Бюронун чектелген миссиясынын жыйынтыктоочу отчету, Кыргыз Республикасы: 2020-жыл, 4-октябрдагы Парламенттик шайлоолор, ЕККУ (OSCE), декабрь 2020, https://www.osce.org/files/f/documents/7/a/472461.pdf
[14] Minority Rights Group International (Азчылыктардын укуктары боюнча эл аралык тобу, бейөкмөт уюму), Дүйнөдөгү улуттук азчылыктар менен жергиликтүү калктардын абалы 2013 – Кыргызстан, refworld, сентябрь 2013, https://www.refworld.org/docid/526fb7415.html
[15] 2009-2013 жылдырдын аралыгында Ош шаарынын мурунку мэри, Мелис Мырзахметов. Ал 2010-жылы орун алаган катаал этникалык чатактардын мезгилинде мэрдин кызматын аткарып, анын улутчул көз карашына жакын болгон, өзгөчө этникалык кыргыздардын арасында чыныгы тарапташтарына ээ. Ага карата Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” аттуу берене боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш ачылгандан кийин Республикадан чет жакка качкан. Шералы Камчыбековдун төрагалыгынын алдында Ош шаарынын соту 2015-жылы түштүк борборунун мурунку башчысын күнөөлүү деп таап, айыпталуучунун жоктугуна байланыштуу сот аны 7 жылга эркинен ажыратууга сыртынан өкүм чыгарган. Мурунку мэрге издөө жарыяланган. RFE/RL’s Кыргыз кызматы, Мамлекет “кооптуу абалда болууда” деген сөздөрү менен Ош шаарынын мурунку мэри Кыргызстанга кайтып келүүсү, RFE/RL, October 2020, https://www.rferl.org/a/former-mayor-of-osh-returns-to-kyrgyzstan-says-country-is-in-dangerous-situation-/30879647.html
[16] Азаттык Радиосу, Кубанычбек Жолдошев, Конституциялык кеңешме: Референдумга чейин күтүү кыйынбы?, декабрь 2020, https://rus.azattyk.org/a/30991457.html
[17] Юридикалык клиника “Адилет”, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамдын долбоорунун талдоосу, февраль 2021, https://adilet.kg/tpost/2i09a01nu1-analiz-proekta-konstitutsii-kirgizskoi-r
[18] Кавказ менен Борбордук Азиянын институту жана Жибек-Жол боюнча изилдөөлөрдүн программалары, Кыргызстан менен Тажикистандагы мамлекеттик куруу жана улуттук идеологиясы, 2008, https://www.silkroadstudies.org/resources/pdf/SilkRoadPapers/2008_01_SRP_Marat_National-Ideology.pdf