Skip to content

COVID-19 пандемиясына көрүлгөн начар даярдыкка Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасындагы паракорчулук айыпталууда

Article by Ryskeldi Satke

June 30, 2021

COVID-19 пандемиясына көрүлгөн начар даярдыкка Кыргызстандагы саламаттык сактоо системасындагы паракорчулук айыпталууда

COVID-19 пандемиянын дүйнөлүк коомчулукка тийгизген таасири чек аралар аркылуу таркап жаткан илдетке каршы өлкөлөрдүн көргөн чараларындагы көптөгөн кемчиликтерди ачыкка чыгарган. Эгерде кээ бир мамлекеттердин көптөгөн оң жыйынтыктарга жеткендигине күбө болсок, башка өлкөлөр болсо өздөрүнүн саламаттык сактоо системаларынын чектелген мүмкүнчүлүктөрүнөн улам бул жугуштуу ооруга реакция жасоо боюнча чаралар менен күрөш жүргүзгөн. Айрым учурларда жалпы саламаттыкты сактоо жаатында каатчылыкты өрчүткөн себептердин арасында бул системанын чектелген мүмкүнчүлүктөрү жалгыз болгон эмес. COVID-19 пандемиясын жайылтпоо максатында кыргыз өкмөтү тарабынан көрүлгөн чаралардын паракорчулук маселеси ого бетер начарлатып салганына мисалдардын бири болуп Кыргызстанды кароого болот. Борбордук Азиядагы мамлекеттин Коррупцияны кабылдоо индекси боюнча 2019-жылы Transparency International аттуу глобалдык байкоочу тарабынан 100 баллдык система боюнча 30 баллга баамдалып, дал ошондой көрсөткүчкө ээ болгон Джибути, Украина жана Азербайджан сымал мамлекеттердин катарына койгон. [1]

 

2005-жылдан тарта бийлиги үч жолу күч менен алмашкан Кыргызстанда саламаттыкты сактоо мекемелерин камтуу менен мамлекеттик мекемелердеги кеңири жайылган паракорчулук саясий туруксуздуктун негизги факторлорунун бири болуп келүүдө.[2] Болжол менен, COVID-19 пандемиянын маалында Кыргызстандын өкмөтү катуу сынга кабылганына себеп болуп эл өзүнүн чөнтөгүнөн чыгарган каражаттардын, ошондой эле Европа Биримдиги, Дүйнөлүк Банк, Ислам Өнүктүрүү Банкы, Инфратүзүмдүк инвестициялардын Азия Банкы, Немистердин Өнүктүрүү Банкы (KfW), Азия Өнүктүрүү Банкы, Эл аралык валюта фонду сыяктуу эл аралык уюмдардан берилген “гранттар менен кредиттердин” ачык-айкындыгы жана алардын үстүнөн көзөмөлдүн жоктугу болгон.[3] Ошол эле маалда, Amnesty International  аттуу дүйнөлүк кыймылы өлкөнүн бийлигин догдурларды (медиктерди) пандемиянын учурунда көптөгөн сааттар бою кошумча наркы төлөнбөстөн “абак” сымал режиминде кызмат көрсөтүүгө мажбурлаганы үчүн катуу сынга алган.[4]

 

Кандай болсо да, USAID уюму тарабынан каржыланган Эл аралык Республикалык институттун  жалпы улуттук сурамжылоосунда белгиленгендей, жараксыз саламаттык сактоо системасы мамлекеттеги негизги көйгөйлөрдүн бири гана болгон. Бул сурамжылоо 2020-жылдын 4-октябрда өтө турчу чуулуу парламенттик шайлоолордун алдында Кыргызстандын эң ири эки шаарында жана жети облус боюнча жүргүзүлгөн.[5] Бул сурамжылоого ылайык, Кыргызстандын бийлиги COVID-19 пандемиясына каршы көргөн чаралары, паракорчулук жана саламаттык сактоо системасы өлкөдөгү эң маанилүү маселелери болуп таанылган.[6] Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагындагы финансылоо боюнча жыйырма жыл ичинде жүргүзулгөн реформалары тууралуу  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жасаган отчетунда дагы жергиликтүү паракорчулук белгиленип, ошондой эле өлкөнүн президентинин администрациясы менен кошо мамлекеттик чиновниктердин арасында “кызыкчылыктардын кагылышуусунун” тенеденциялары 2019-жылы эле байкалганы көрсөтүлгөн.[7] Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кыргыз бийлигине берген сунуштамалары төмөнкүдөй болгон:

 

“Кээ бир мүчөлөрдүн арасында “кызыкчылыктардын кагылышуусун” алдын алууга мүмкүн болбогон учурларда, тиешелүү министрликтер кеңешменин/комитеттин отурумдарында бул кагылышууларды жарыялоо жана каттоо боюнча так аныкталган саясатты иштеп чыгып, кабыл алууга милдеттүү болушат. Ошондой эле, кызыкчылыктардын кагылышуусу орун алган кырдаалды жөнгө салуу үчүн ага жараша процедураалык эрежелерди иштеп чыгуусу абзел (мисалы, кээ бир талкулоолордон жана чечимдерди кабыл алуудан чететтүү боюнча эрежелери).”[8]

 

Эл аралык уюмдардын ырааттуу жүргүзүлгөн башкармалыгына карабастан, Кыргызстандын өкмөтү ачык-айкындыктын саясатын жүргүзө албай, 2020-жылы болгон COVID-19 пандемиясына ыкчам чараларды көрүү максатында 645 миллион АКШ долларды коротушкан. Коррупция менен уюшкан кылмыштуулукту баяндоо долбоорунун (OCCRP) платформасы “алган каражаттарын кайсыл жакка коротуп жатканы тууралуу деталдуу маалыматты бербеген” мамлекеттин очет берүү механизмин өзгөчө кылдаттык менен изилдеп чыккан.[9] OCCRP долбоорунун отчетунда Кыргызстандын бийлигинде “чыгымдарды көзөмөлгө алуу үчүн ресурстары жок болгон” деген маалымат чагылдырылган. Ошондой жол менен эле, айылдык медициналык клиникаларда жана бейтапканаларда учураган паракорчулук терең сиңип калган жазасыздык менен пара алуунун менталитетин көрсөтүп турат. Мындай учурлардын биринде, Баткен облусуна караштуу түштүк Лейлектеги райондук бейтапкананын кызматкерлери жана догдурлары жалпы облустук саламаттык сактоо жаатында COVID-19 пандемиясы күч алып жаткан маалда, бейтапканада өсүп жаткан коррупция менен күрөшүндө жардам сурап, өлкөнүн мурунку президентине жана башкы прокурорго кайрылышкан.[10] Нааразычылык акциясына чыккан медиктер бейтапканын директору “бейтапканадагы ишти бизнеске айландырып ийген. Ал кошумча жумуш орундарын ачып, фрилансерлерди жалдап жатат. Жумушка орногон ар бир киши бейтакананын улук медайымга 10 000 сомдон баштап 20 000 сомго чейин (120-230$) алып барып беришкен. Кээ бирлер параны директордун өзүнө алып барып беришкенин айтууда” деген даттануусун билдиришкен.

 

Ошондой эле жол аркылуу саламаттык сактоонун мурунку министри, Космосбек Чолпонбаев 2020-жылдын сентябрь айында кызматтык милдеттерин аткарууда ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекеттик бюджетине дээрлик 9 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирген (106 000 АКШ доллар) ири коррупциялык схеманы тузгөнү үчүн камакка алынган.[11] Мындан мурунураак, Кыргызстандын Коопсуздук Кеңеши фармацевтикалык компаниялар менен сөз келишимине кирип, Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун каражаттарын кайрадан бөлүштүрүү менен башка жака которууга байланыштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда 8 коррупциялык тобокелдер бар экенин билдирген.[12]

 

Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы алгачкы медициналык санитардык жардамын жакшыртуу программасына берген баамдоосу көрсөткөндөй, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду “261 медициналык мекеме менен келишим түзүп, бардык деңгээлде медициналык кызматтарын көрсөтүп, саламаттык сактоонун мамлекеттик ички финансылоонун 80%зын башкаруу менен” мамлекетте “медициналык кызматтарын жападан жалгыз  сатып алуучу” болуп турган.”[13]

 

Сүрөт-3: Салматтык сактоо жаатындагы Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен Саламаттык сактоо Министрлигине дал келген мамлекеттик чыгымдардын көлөмү, 2017-жыл

 

  Миң кыргыз сому АКШ доллар (эквиваленти) %
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду 13,064,888 192,130,700 80
Саламаттыкты сактоо Министрлиги 3, 211, 742 47,231, 494 20
Экөө биригип: 16,276,629 239,362,194 100

Маалымат булагы: Integrated Fiduciary Reports (IFRs)

 

Булак: Алгачкы медициналык-санитардык жардамын жакшыртуу программасы, Дүйнөлүк Банк, 2017

 

Кыргыз ЖМКлары Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунда орун алган коррупциянын темасын бир нече жолу ортого чыгарып, натыйжада анын мыйзам-укуктук базасы бузулган.[14] Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду “Кыргыз Республикасынын жарандарын милдеттүү медициналык камсыздандырылуусу жөнүндө” мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тууралуу Жобосуна ылайык “медициналык кызматтарын сатып алууга жана өлкөнүн саламаттык сактоо тармагынын каражаттарын бириктирүүгө жоопкерчилигин” жападан жалгыз моюнуна алган жана өлкөнүн Саламаттык сактоо жаатында бирдиктүү төлөмүн төккөн  мекеме болгон.[15] Оңдоп-түздөөчү жерлери көп болгон укуктук-ченемдик базасынан сырткары, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду чыгымдар боюнча өзүнүн ички аудитин жүргүзүп, “товарлар менен кызматтардын жеткирилишине, бөлүштүрүүсүнө, сактоосуна, сатып алуусуна, ошондой эле саламаттык сактоо жаатындагы уюмдардын каржыланышына” толук жооптуу болот. Маңызы боюнча айтканда, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондундагы коррупциялык тобокелдер алсыз көзөмөл менен так аныкталган эрежелердин жок болгондугуна байланыштуу болот. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа боюнча аймактык Бюросунун иш отчетунда “Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду жана Медициналык аккредитация боюнча Комиссиясы  тарабынан берилген сырткы баа менен жасалган испекциясы борборлоштурулган көзөмөлдү аткарып, ошондой эле уюштуурунун өнүгүүсүнө, салыштырма талдоого, коомчулуктун эффективдүулүгүнүн жана отчеттуулугун жогорулатуусуна аз көлөмдө таасирин берип жатат” деп баяндалган”.[16] Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык Бюросу кыргыз мамлекетинде “бөлүнгөн (фрагментацияланган), алсыз жана натыйжасыз” делген “мамлекеттик секторундагы саламаттык сактоо уюмдарына жасалган инспекциясы, аларга жүргүзүлгөн мониторинг менен башкаруусу” боюнча жогорудагыга окшош тынчсыздануусун тең бөлүшкөн.[17]

 

Бирок, 2020-жылдын январь айында  Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жогорку кызматындагылары пара алгандыгы боюнча иши, тагыраак айтканда өлкөнүн Бишкек борбор шаарында жогорку деңгээлдеги кызматкери 143 миң сомду (1686 АКШ доллар) опузалаганынан улам камакка алынышы коомдук таалкууларды кайрадан жанданткан.[18]

 

Биздин өлкө дуушар болуп жаткан маселелердин эң маанилүүсү кайсынысы?

(Спонтандык жооптор; бир нече жооптор болушу мүмкүн)

Булак: Кыргызстан тургундарынын коомдук пикирин сурамжылоо,

Иран Ислам Ремпубликасы, 6-15 август, 2020-жыл

 

Кийин, кыргыз журналисттери “ПолитКлиника” иликтөө тобунун онлайн-басмаканасынан 2020-жылдын июль айынын башында COVID-19 пандемиясы башталганга чейин 2020-жылдын февраль айында салматтык сактоо органдардын катышуусу менен өткөн мамлекеттик сатып алуулар боюнча жасаган иликтөөсүн жарыялашкан. Иликтөөдө жеке коргоо каражаттарынын, беткаптардын жана бир катар башка позициялар боюнча баалары жогоруланган экенин аныкталган.[19] Мисалы, коргоочу костюмдардын базардагы баасы 2000 сом (23$)  болсо, Бишкек шаарында костюмдун бир даанасы 6000 сом (70$) баада сатып алынган. Ошондой эле кырдаал респиратордук беткаптарды сатып алууда байкалган, мисалы ошол эле беткаптар базардагы баасы 30-150 (0,3-1,7$) сомго барабар болсо, Бишкекте бир даанасын 300-400 (3,5-4,7$) сомго сатып алышкан. Коомдук нааразычылык сатып алуулалардагы коррупциялык схемаларды жүргүзгөнгө жооптуу болгон саламаттык сактоодогу кызматкерлерге карата тергөө иштерин баштоо боюнча Кыргызстандын мурунку президенти тарабынан чыгарылган жарлыгынын негизинде 10-июлда өлкөнүн Финансылык полициясы тарабынан бул кылмыш боюнча тергөөнүн башталышына алып келген.[20]

 

Бишкектеги шаардык ооруканада иштеген кызматкерлер жеке коргоо каражаттарынын жетишсиздигине даттанып эл алдында чатак чыккан соң өлкөнүн начар каржыланган ооруканалар менен клиникаларында жеке коргоо каражаттары жана медициналык беткаптар жетиштүү түрдө таркатылганы туралуу маселе талаштарды туудуруп, ачык бойдон калууда.[21]

 

COVID-19 пандемияга каршы көрүлгөн чараларга Азия Өнүктүрүү Банкы менен БУУӨПтун  берген баасы боюнча “2020-жылдын 29-июнуна карата Кыргыз Республикасынын 783 медициналык кызматкерлери COVID-19 илдетине кабылышкан (бул көрсөткүчү ошол күнгө чейин ооруну жуктуруп алагандардын жалпы санынан 15%ды түзгөн). Бул өтө чоң сан медициналык кызматкерлердин жеке коргоо каражаттары менен камсыздалуусун күмөнгө салып, жугуштуу ооруларды алдын алуу менен ага каршы күрөш жүргүзүү маселелери боюнча медициналык кызматкерлерге кошумча даярдык керектигин баса белгилеп көрсөтүүдө. Өкмөт алып жаткан жардамдын жарым бөлүгүн жеткиликтүү, бирок жогорку сапаттагы жеке коргоо каражаттардын чыгарылышына же өлкө ичинде5 аларды жетиштүү санда саткан дүкөндөрдү ачууга жумшоого керектелет..[22]

 

Аны менен бирге, 2020-жылдын октябрь айында ортого чыккан саясий каатчылыктан кийин өкмөт алмашып, мамлекеттин бийлигиндеги кызматтардын милдеттерин убактылуу аткаруучулар тарабынан Саламаттык сактоо министрлиги жана жергиликтүү бийлик кылдаттык менен текшерилген.[23] Премьер-министрдин орун басары, Эльвира Сурабалдиева COVID-19 пандемиянын алгачкы кезинде өлкөгө ыкчам түрдө жөнөтүлгөн медициналык жана гуманитардык жардамы боюнча ачык-айкындыгы жок болгонун кескин түрдө сынга алган. Ошол эле убакта, медициналык беткаптар менен жеке коргоо каражаттардын жетишсиздиги кыргыз медициналык кызматкерлердин саны жеткис арыздарына алып келип, интернет талаасында бийликти катуу сынга алып, социалдык тармактарда коркунучту туудурган жугуштуу оору менен жүргүзгөн күрөшү жана болуп жаткан окуялардан көңүлдөрү калгандары менен бөлүшүп жатышкан.[24] Учурлардын биринде, бир жаш медициналык кызматкер Twitter платформасындагы аккаунтунда төмөнкүдөй сөздөрдү жазып чыккан: “ЖМКлар врачтардын жеке коргонуу каражаттары боюнча болгон тынчсыздануулары жөнүндө жазып жатышат. Чындыгында, бүгүн, менин кезметимде, таажы вирусунан сактап калаарына күмөндүү болгон жыртыкчасы бар беткапты мага беришти. Анан дагы врачтар таажы вирусу менен ооруп калганына таң калып жатканына кантесиң.”[25]

 

Бирок, кийин пикири менен ачык бөлүшкөн медициналык кызматкери интернетте жасаган билдирүүсү үчүн жумушунда тартип жазасын алып, акыры Twitter платформасындагы баракчасын өчүргөн. Анын кийинки билдирүүсү мурун чыгарган маалыматы жалган болгон үчүн кечирим сураган видеосу болуп, ал өлкөнүн телеберүүсүнө чыгарылып, көрсөтүлгөн. Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүн аймактык байкоо жүргүзүү боюнча органы (IPHR) Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети маалымат таркатуучуларды кармап, алар менен “профилактикалык сүйлөшүулөрду жүргүзүп, кылмыш куугунтукка кабылат деген коркутууга алып, “элдин алдында кечирим сурап, өкүнгөнүн билдирген соң” гана эркиндикке чыгарганы менен алек болуп отурганын тастыктаган корутундуну жазган. Жабыр тарткандардын көбү Кыргызстандын ар кайсы бөлүктөрүндө COVID-19 пандемиясынын жайылышы тууралуу жалган маалыматты таркатып жатышат деген айыпка кабылып, алардын арасында кээ бирлери медициналык кызматкерлер катары иштеп, ооруканалардагы же башка медициналык мекемелериндеги пандемияга байланыштуу көйгөйлөрдү (мисалы жеке коргоо каражаттардын жоктугу) чагылдырып жатышкан.”[26]

 

Мамлекеттик Өкмөттүн таажы вирусуна каршы көргөн чаралары канчалык деңгээлде канааттандыраарлык деп ойлойсуз?

 Булак: Кыргызстан тургундарынын коомдук пикирин сурамжылоо,

Иран Ислам Ремпубликасы, 6-15 август, 2020-жыл

 

Эл аралык изилдөө институту (IRI) жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, COVID-19 пандемиясына каршы Кыргызстан бийлиги тарабынан көрүлгөн чаралары өлкөнүн көпчүлүгүн түзгөн кедей калкын канааттандырылбаган бойдон калтырып, калктын дээрлик 70% ы саламаттык сактоо жаатында орун алган каатчылыкты жөнгө салуу боюнча Кыргызстандын бийлигинин өкүлдөрү жасаган аракеттери менен нааразы болуп калган. COVID-19 пандемиясынан кийин болгон каатчылыктан улам коомдо пайда болгон чыңалуу учурда мурунку президент, Сооронбай Жээнбековдун кулатылган бийлигинин пайдасында болбой, натыйжада 4-октябрда өткөн чуулуу парламенттик шайлоолордон кийин эле өзү дагы кызматынан кетирилген. Кыргызстандагы акыркы саясий толкундоолор статус-квону алууга эмес, иш-жүзүнө ашырылчу максаттардын негизинде саламаттык сактоо жаатында реформалардын жүргүзулүшүнө болгон курч муктаждыгын көрсөтүүдө. Кыргызстандын жалпы саламаттык сактоо жаатындагы адистердин ою боюнча, өлкөнүн “оңбогон” саламаттык сактоо жаатындагы орун алган жергиликтүү паракорчулук жалгыз гана маселе эмес. Улуттук илимдер академиясынын кызматкери, доктор Рахман Тойчуев бул эссенин авторуна мамлекеттин орчундуу көйгөлөрү катары Саламаттык сактоо министрлигинде ишбилгилигине ээ болгон кызматкерлердин жоктугу жана салматтык сактоо системасынын мыйзам-укуктук базасынын начар абалда болгондугун белгилеп айтып кеткен.

 

COVID-19 пандемиясынын биринчи жана экинчи толкундар кезинде саламаттык сактоо жаатында ортого чыккан каатчылык өлкө ичинде медициналык кызматтар боюнча реформаларды жүргүзүү темасында коомдук талкулоорду жаңыдан козгогон. Паракорчулукка баткан жана алдыга өнүкпөгөн саламаттык сактоо системасынын таза, ачык-айкын жана натыйжалуу медициналык кызматтарды көрсөтүү системасына өтүү жолдору боюнча ар түрдүү ой-пикирлер бар. Убактылуу өкмөт мамлекеттик органдарга ири масштабдагы реформаларды жүргүзөөрү тууралуу билдирүү жасагандан кийин, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондун Саламаттык сактоо министрилиги менен бириктирүүсүн жогорку кызматтагылар жана Кыргызстандын мыйзам чыгаруучулары колдоого алган сымал көрүнүүдө.[27] Тескерисинче, мындай ортодо жасалган кадамдар оң жыйынтыкка алып келеерине серепчилер күмөн санашып, мамлекет реформаларды терс кабыл алып жаткандыктан мындай өзгөрүүлөр терс натыйжаларга алып келет деген оюн чагылдырууда. Далилдөө медицинасы боюнча серепчи, Бермет Барыктабасова “ар бир кызматкер өлкөнүн жалпысынан өнүккөн деңгээлине жараша мүмкүн болушунча иштейт. Өкмөттүн, башка мамлекеттик органдардын иши кынтыксыз болбой турган маалда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен Саламаттык сактоо министрилигинин кынтыксыз иштөөсүн күтүүгө мүмкүн болбойт” деген сөздөрүн айтып, басым жасаган. [28]

 

Азия Өнүктүрүү Банкы менен БУУӨПтун саясатты изилдөө боюнча акыркы документинде COVID-19 пандемиясына туруштук көрсөтүү максатында Кыргызстандын бийлигине төмөнкүчө сунуштама берилеген: “сапаттуу медициналык кызматтарын көрсөтүү үчүн финансылык төлөмдөрдү (мисалы, кошумча төлөөлөрдү) жана административдик жолтоолорду (мисалы, жашаган жерин тастыктоочу документтерин же кишинин юридикалык жактан тастыктоочу документин талап кылынуусун) жоюу же көлөмүн/талаптарды кыскартуу. ” Ошондой эле, саламаттык сактоо жаатынын ачык-айкындыгына өбөлгө түзүүчү “бул жаатты санариптештирүү менен мобилдик чечимдерге инвестицияларды тартуу” деген пикири сунушталган.[29] Глобалдуу өнүктүрүү топтору мамлекеттин өкмөтүнө “бар болгон бюджеттер менен ресурстарга болгон керектөөлөрдү негизги кызматтардын тизмесине салыштыруу жүргүзүлүшүнө басым жасоо менен салматтык сактоо жаатындагы маалыматтык системаларын бекемдөө; мамлекеттик менен жеке дарыканалардын жана дармектер менен жабдып туруучулардын ортосунда салыштырууну жүргүзүү, аймактардын ортосунда болгон айырмачылыктарды аныктоо (расмий катталбаган шаардын чет жакасындагы кыштактарын да эсепке алуу менен), запастар менен сатып алуулар боюнча башкармалыгын бекемдөө” деген кеңештерин берген.[30]

 

1991-жылы эгемендикке жеткенден бери Кыргызстан калкынын жакырчылыкта жашаган бөлүгүнүн жашоо деңгээлин көтөрүү үчүн көп нерсе жасабаганы чындыкка жатаары шексиз. Саламаттык сактоо жаатын кошо эске алуу менен өкмөттө тамырларын терең түптөгөн паракорчулук менен коррупциянын жоюлушу тууралуу бир нерсе деп айтуудан алысмын. Салматтык сактоо жаатында эмгектенген ата-мекендик серепчилердин арасында сатып алуулар системасында, так айтканда ПЦР-тесттерин сатып алууда, лабораторияларда, жеке коргонуу каражаттарды жана башка медициналык дармектерди сатып алуу учурунда коррупциялык тобокелдери жогору болгондугу кеңири белгилүү.[31] Сынчылар белгилегендей, сатып алуулардын үстүнөн болгон көзөмөлдүн жок болгондугу паракорчулук үчүн жол ачууда. Ошондуктан, саламаттык сактоо жаатын жакшыртууга багытталган максаттарга жетүүдө бул маселелерди чечүү жолдоруна Кыргызстандын Өкмөтү көбүрөөк артыкчылык бериши керек. Бирок, кыргыз мамлекетинин ичиндеги олуттуу түзүмдүк маселелер чечилбеген бойдон тургандыктан, өлкөнүн саламаттык сактоо жааты жакын арада көрүнүктүү реформаларга кабылааарынын ыктымалдуулугу төмөн.

 

Рыскелди Сатке – көп тилдүү Third Pole аттуу веб-платформасында Борбордук Азия боюнчча аймактык редактору. Twitter социалдык тармагында @RyskeldiSatke атындагы баракчасына катталсаңыз болот.

 

Сүрөт Бишкек шаарынын Мэриясынын расмий веб-сайтынан алынган. 

 

[1] Кыргызстан боюнча коррупцияга каршы изилдөөлөрдүн  Transparency International Борбору, Transparency International, https://www.transparency.org/en/countries/kyrgyzstan

[2] Кыргызстанда дагы бир төңкөрүшпү? Европа Парламенти, октябрь 2020, https://www.europarl.europa.eu/RegData/etudes/ATAG/2020/659300/EPRS_ATA(2020)659300_EN.pdf

[3] Александра Ли, Кыргызстанга таажы вирусу менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттарды коротууда ачык-айкындыктын жок болушу, OCCRP, июнь 2020, https://www.occrp.org/en/coronavirus/no-transparency-in-kyrgyzstans-coronavirus-spending; Ольга Русланова, Кыргызстан үчүн COVID-19 пандемиясынын баасы канчага туруп калат?, КАБАР, июнь 2020,  https://cabar.asia/en/how-much-will-covid-19-cost-for-kyrgyzstan

[4] Кыргызстан: COVID-19 пандемиянын мезгилинде, медициналык кызматкерлер өздөрүнүн жандарын курмандыкка чалуу менен өздөрүнүн укуктарынын бузулушунан жабыр тартышкан, Amnesty International, сентябрь 2020, https://www.amnesty.org/en/latest/news/2020/09/kyrgyzstan-medics-suffer-rights-violations-pay-high-personal-price-during-covid19-pandemic/

[5] Кыргызстанда жүргүзүлгөн сурамжылоосу шайлоочулардын парламенттик шайлоолордун алдындагы жогорку маанайын көрсөтүүдө, IRI, сентябрь 2020, https://www.iri.org/resource/kyrgyzstan-poll-suggests-high-voter-intent-ahead-parliamentary-elections

[6] Ошол эле жакта.

[7] Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму – Европанын аймактык Бюросу, Кыргызстандагы саламаттык сактоонун каржылоо жана кызматтардын стратегиялык сатып алуу боюнча башкармалыгы, 2019, https://www.euro.who.int/__data/assets/pdf_file/0004/412654/GHF_SPS_KGZ_-11-09-2019_WEB.pdf

[8] Ошол эле жакта.

[9] Александра Ли, Кыргызстанга таажы вирусу менен күрөшүүгө бөлүнгөн каражаттарды коротууда ачык-айкындыктын жок болушу, OCCRP, июнь 2020, https://www.occrp.org/en/coronavirus/no-transparency-in-kyrgyzstans-coronavirus-spending

[10] Жазгуль Масалива, Лейлектеги медициналык кызматкерлер президентке коррупция боюнча арызданууда, 24kg, май 2020, https://24.kg/english/152640_Medical_workers_of_Leilek_complain_to_President_of_corruption/

[11] Аида Жумашова, Космосбек Чолпонбаев Бишкектеги 1-тергөө изоляторуна киргизилди, 24kg, сентябрь 2020, https://24.kg/english/165584_Kosmosbek_Cholponbaev_placed_in_pretrial_detention_center_1_in_Bishkek/

[12] Кыргыз Республикасынын Президенти, Коопсуздук Кеңеши тууралуу маалымат, http://www.president.kg/ru/apparat_prezidenta/sovety_pri_prezidente/informaciya_soveta_bezopasnosti

[13] Дүйнөлүк Банк, Техникалык баа берүү: Кыргыз Республикасы – Алгачкы медициналык-санитардык жардамын жакшыртуу программасы (P167598), http://documents1.worldbank.org/curated/en/278311557237004060/pdf/Final-Technical-Assessment-Primary-Health-Care-Quality-Improvement-Program-P167598.pdf

[14] Kaktus Медиа, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондундагы  коррупциялык тобокелдин 8 түрү. Will eradicate, декабрь 2016, https://kaktus.media/doc/348575_8_korrypcionnyh_riskov_v_foms._bydyt_iskoreniat.html

[15] Айнура Ибраимова, Бактыгуль Акказиева, Айбек Ибраимов, Элина Манжиева жана Бёрнд Рэчел, Кыргызстан: Саламаттык сактоо системасы боюнча обзор, Саламаттык сактоо системалары өткөөл мезгилде (Health Systems in Transition), 13-Том, No. 3 2011, Европалык обсерватория, https://www.euro.who.int/__data/assets/pdf_file/0017/142613/e95045.pdf; “Кыргыз Республикасынын жарандардын милдеттүү медициналык камсыздандырылуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилиги, октябрь 1999 No. 112, http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/275?cl=ru-ru; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду тууралуу Жобосу, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрилиги, сентябрь 2018 No. 420, http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/93506

[16] Кырыгызстандагы медициналык жардамдын сапатына жасалган обзор, иш документи,  Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму – Европанын аймактык Бюросу, сентябрь 2018, https://www.euro.who.int/__data/assets/pdf_file/0004/383890/kgz-qoc-eng.pdf?ua=1

[17] Кыргызстан – Кыргызстандагы саламаттык сактоонун каржылоо жана кызматтардын стратегиялык сатып алуу боюнча башкармалык (2019), Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму – Европанын аймактык Бюросу, https://www.euro.who.int/en/countries/kyrgyzstan/publications/governance-of-health-financing-and-strategic-purchasing-of-services-in-kyrgyzstan-2019

[18] Татьяна Кудрявцева, Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун Бишкектеги филиалынын башчысы параны опузалаганы үчүн кармалды, 24.kg, январь 2020, https://24.kg/english/142116_Director_of_Bishkek_branch_of_CMIF_arrested_for_bribe_extortion/

[19] Таажы вирусунан акча табуу: жөнөкөй беткап 25 сом туруп, коргоочу костюму 6000 сом турат (Longrid), pk.kg, июль 2020, https://pk.kg/news/19017

[20] Кыргызстан: COVID-19 менен жүргүзүлгөн күрөш коррупциялык чатакка айлануусу ыктымал, Acca, июль 2020, https://acca.media/en/kyrgyzstan-fight-against-covid-19-could-degenerate-into-a-corruption-scandal/

[21] Гулиза Авазова, Жеке коргоо каражаттарына байланыштуу чатактан кийин Бишкектеги 1-ооруканадагы башкы догдуру кызматынан алынган,  Kaktus Медиа, август 2020, https://kaktus.media/doc/418313_glavvracha_bolnicy_1_v_bishkeke_yvolili_posle_skandala_s_sizami.html

[22] Кыргыз Республикасындагы COVID-19 пандемиясы: Социалдык-экономикалык жана элдин алсыз калган абалынын тийгизген таасирине баа берүү менен Саясаттын ага каршы көргөн чаралары, Институционалдык документ, Азия Өнүктүрүү Банкы, август 2020, https://www.adb.org/documents/covid-19-kyrgyz-republic-socioeconomic-vulnerability-impact

[23] Дина Маслова, Эльвира Сурабалдиева жергиликтүү чиновниктер менен Саламаттык сактоо министрлигинин гуманитардык жардамы боюнча жасаган билдирүүлөрү үчүн аларды сындады, Кaktus Медиа, декабрь 2020, https://kaktus.media/doc/427174_elvira_syrabaldieva_raskritikovala_minzdrav_i_mestnye_organy_za_otchety_po_gympomoshi.html

[24] Робин-Форестьер Уолкер, “Догдур күнөөнү моюнуна алууга мажбурланганы” үчүн Кыргызстандын бийлиги коомчулуктун нааразычылыгына кабылбайт, Al Jazeera, апрель 2020, https://www.aljazeera.com/videos/2020/4/20/kyrgyzstan-govt-faces-backlash-over-doctors-forced-confession

[25] Кыргызстандагы медициналык кызматкерлери эмгектенүүнүн начар шарттарына арыздануудан коркуп жатышат, Acca, апрель 2020, https://acca.media/en/in-kyrgyzstan-medical-staff-is-afraid-to-complain-about-poor-working-conditions/

[26] Кыргызстандагы COVID-19 пандемиясына каршы көрүлгөн чаралардын адам укуктарына тийгизген таасирине баа берүү, IPHR – Адам укуктары боюнча эл аралык Өнөктөштүн аймактык байкоо жүргүзүү боюнча органы, июль 2020, https://www.iphronline.org/wp-content/uploads/2020/07/Covid-19-KYZ-final.pdf

[27] Кыргызстан мамлекеттик кызматкерлеринин санын 10%га кыскартуусун пландоодо, Кабар, ноябрь 2020, http://en.kabar.kg/news/kyrgyzstan-plans-to-cut-number-of-civil-servants-by-10/

[28] Мария Орлова, Оңдолууга умтулуу. Жети жолу өлчөп, бир гана жолу кесүү керек болгон маалда, 24.kg, ноябрь 2020, https://24.kg/obschestvo/173665_zud_reformirovaniya_kogda_nado_sem_raz_otmerit_/

[29] Кыргыз Республикасындагы COVID-19 пандемиясы: Социалдык-экономикалык таасири менен начарланган абалга баа берүү жана Саясаттын пандемияга каршы жасаган кадамдар, Азия Өнүктүрүү Банкы, Институционалдык документ, август 2020, https://www.adb.org/documents/covid-19-kyrgyz-republic-socioeconomic-vulnerability-impact

[30] Азия Өнүктүрүү Банкы, Кыргыз Республикасындагы COVID-19 пандемиясы: Социалдык-экономикалык таасири менен начарланган абалга баа берүү жана Саясаттын пандемияга каршы жасаган кадамдар, август 2020, https://www.adb.org/documents/covid-19-kyrgyz-republic-socioeconomic-vulnerability-impact

[31] Марат Уралиев, Бермет Барыктабасова гуманитардык жардамды бөлүштүрүү үчүн бирдиктүү реестрдин ыкчам түрдө иштелип чыгуу талабын койду, Kaktus Медиа, декабрь 2020, https://kaktus.media/doc/427677_bermet_baryktabasova_potrebovala_bystree_razrabotat_edinyy_reestr_raspredeleniia_gympomoshi.html

Footnotes
    Related Articles

     Join our mailing list 

    Keep informed about events, articles & latest publications from Foreign Policy Centre

    JOIN